17 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 19:10


Сапарбаевдин колуна протез салынат

Аскер кызматкерлери  токко урунуп, эки колунан айрылып калган жоокер Руслан Сапарбаевдин  колуна протез жасоо үчүн каражат  —2 млн сом чогултушту.

Ал эми Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы  протез жасаган медборбор менен экинчи колуна протезди акысыз жасоо боюнча сүйлөшүүлөргө жетишти.

Айта кетсек, Майлуу-Сууда аскердик милдетин өтөп жаткан жоокер Руслан Сапарбаев ачык турган электрощитке жакындап, токко урунган жана анын натыйжасында эки колунан ажырап калган.