17 февраль 2019
Бишкек убактысы: 12:28


Сөз бул керемет күч дейбиз. Ошол күчкө кантип ээ болобуз?

Сөз бул керемет күч. Сөз менен адамга канат бүтүрүп, зор ийгиликке багыттап, сөз менен адамды күм- жам  кылса болот…

Андыктан, кыргыз эзелтеден ооздон чыккан ар бир сөздүн улуу энергетикасына, касиетине анын тагдыр чечүүчү маанисине, түпкүлүгүнө баам- парасат салып, чебердеп, сөздүн гүлүн терип сүйлөп, куюлуштуруп, уйкаштырып, жамактап, айтор сөздүн күчүнө караган. «Буттан жыгылган турат, ооздон жыгылган турбайт» деп сөздүн кадырын билген. Аз сүйлөсө дагы, саз сүйлөгөн.

Ошол улуу рух уланып жатабы?  Кээде чолок сүйлөп, кыргыз тилинин касиетин кетирип жаткан көчөдөгү тургай, элди ээрчите турган интеллигенция дагы оюн айта албай, орусчасы кошулбаса сүйлөй албай, «Кепке кемтик, сөзгө сөлтүк» болгондорду көрүп, «Аттиң» деп арман кыласың.

Кыргыз элинин касиеттүү тилин, дилин сактоого уюткулуу улуттун арасынан таланттуу  төкмө акындар, манасчылар чыгып турганда дагы да болсо үмүттүн шооласы жанат деп ишенесиң. Элибизге манасчылык өнөрү менен таанылган Ширин Сарыгулованын Кыргыз драма театрынын алдындагы студенттерге  кеп маданияты боюнча берген окуусу ындыны өчүп бара жаткан үмүтүмдү жандырды.

Кыргыздын касиеттүү тилин улоочу жаш муунга Сарыгулованын берген сабагы мени өзгөчө демдентти. Өзгөчө ыкмада, артикуляциялык жана дем алуу көнүгүүлөрү аркылуу тилдин түпкүлүгү ачылып, көөнөрбөс көркөм мурас уланат экен.

Сабак Станиславскийдин окутуу ыкмасы менен өтүлгөнүнө карабай, кыргыз деми, Манастан бери келе жаткан маңыздуу кеп маданияты болуп, дене- боюма чейин жетип, ар бир айтылган тыбыштын тактыгынан, сөздүн таттуулугунан ырахат алдым.

Сарыгулованын сабактарында.

Сарыгулова театрдагы студенттерге эл алдында сүйлөгөн адамдын  сөзү күчтүү болушу үчүн биринчи кезекте тулку- бойдун туура дем алуусуна ылайыкташтырып, спорттук машыгуудай эле, көөдөндү, өпкөнү тоскоолдуксуз иштетүү ыкмасын колдонууда.

Шакирттери көнүгүүлөрдү жөнөкөйдөн татаалга чейин жасагандыктан, дем алуу органдары ачылып, үндүн диапазону кеңейип,  адам  каалагандай мерчемде добушун башкара алат.  Шакирттери микрофону жок эле, залдын туш тарабына  ачык асман алдындагы чогулушта дагы үнүнүн күчүн башкарып, каалагандай бийиктикте, ыргакта сүйлөй алышат экен. Мындай техникага жетүү үчүн  студенттер жылдап даярдыктан өтүп,  окууну аяктагандар улуу  устаттан укмуштуудай өнөргө ээ болуп кетүүдө.

Ширин Сарыгулова окуткан студенттердин алды театрда иштеп, киного тартылып, кыргыз маданиятына  кызмат кылууга киришип калышты  Алардын  окуган тамсилдери каармандардын образына жараша үн диапазону алмашып,  басым, интонация келтире коюлгандыктан угуудан эргүү алып, зор ырахатка батасың.

Башында  айылдан келген улан-кыздар өз диалектисинде, көчөнүн  чолок тили менен чолуп сүйлөп келишсе, Сарыгулованын  сабактарынан таалим-тарбия алган соң, сөзгө маани берип, ар бир тыбыштын так айтылышына, кыргыз тилинин тазалыгын сактоого өз салымдарын кошо турган болуп калышат экен.

Мында уясынан учкан ар бир улан-кыз тамада болобу, актер болобу же тагдыр  кайсы тарапка айдабасын, айланасындагыларга кыргыз тилинин кереметин, касиетин берүүгө далалат кылышат. Демек, учурдагы үзүк-кезик, чолок-чоркок, тантык сүйлөгөн массаны бир кезде сүрүп чыгарып, кыргыздын куюлушкан, ичине миң сан сыр каткан касиеттүү тилинин учугун улоочулар көбөйөрүнө ишенсек болот.

Шаарда  чоңоюп, кыргызча сөз айтпаган, маңкуртка айланып бара жаткан «киргиздер» мындагы сабакты алса, кылымдан каны менен  катылган руханий дүйнөсү, нукура тили ачылып, кеп маданияты гана өзгөрбөстөн, кулк- мүнөзү, кыргызга тиешелүү касиеттери  кайтып, эне-атага болгон мамилеси өзгөрүп, Мекенге болгон сүйүүсү ойгонот деп ойлойм.

Демек, сөздүн катылып жаткан касиетин ачкан Сарыгулованын  сабактары улуу элдин учугун улоого, муундан- муунга мурас кылып калтырууга болоорун көрсөткөнү кубантат.

Гүлмира Үмөталиева, журналист

Сүрөтүн: Автор тарткан