15 декабрь 2017
Бишкек убактысы: 04:36


 Сүрөт тарткан профессор Эмил Шүкүров

Эмил Шүкүровду Кыргызстандын көпчүлүгү тааныйт. Ал белгилүү зоолог, биология илимдеринин кандидаты, географиялык илимдеринин доктору, профессор, илимге эмгек сиңирген ишмер. Эмил Шүкүров заманбап кыргыз экологиясынын башында турган адам. Бүткүл турпаты менен жаратылышты, анын ичинде таза аба, жан-жаныбарларды сактоо үчүн күрөшүп келет. Айрым бийликтин туура эмес иштерин бетке таамай айтып, өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабаган сапаты аны Бишкек шаардык кеңешинде депутаттыкка алып келген. Жакында “РухЭш” сайтынын Ишенбай Абдуразаков атындагы сыйлыгына татыктуу болду.  Эмил Шүкүров ошондой эле таланттуу сүрөтчү жана жазуучу экенин баары эле биле бербестир. Өзүнүн хоббиси, бала чагы, жаратылышка болгон сүйүүсү жана үй-бүлөсү тууралуу профессор маек куруп берди.

Сүрөттөрүм жаратылышка болгон сүйүүмдү чагылдырат

—Мен профессионалдык сүрөтчү эмесмин, жөн гана сүйүүчүмүн. Сүрөт тартуу мен үчүн хобби гана. Сүрөт тартууну башкалар сыяктуу эле мектептен үйрөнгөм. Сүрөт сабагынан альбомго чиймелеп баштаганымда эле агайым беш кое берчү. “Бүтө элекмин” дегениме болбой, дайыма жакшы баа алчумун.

Искусствого болгон кызыгуум бала чагымда башталган. Ата-энем бардык беш бир тууганымды эң мыкты тарбиялап өстүрдү. Атам өлкөгө белгилүү киши болгондуктан, Саякбай Каралаев, Мухтар Ауэзов, Аалы Токомбаев, Семен Чуйков, Гапар Айтиев, Ольга Мануйлова сыяктуу искусствонун алптары үйгө көп келишчү. Ольга Мануйловадан таасирленип, скульптура чеберчилигин үйрөндүм. Бала кезимде мындай белгилүү адамдар менен баарлашуу өз таасирин тийгизди. Ошондой эле, эргүүнү жаратылыштын кооздугунан, жан-жаныбарлардан алам. Искусстводон ырахат алганды сүйөм. Ар бир адам искусство  ырахатын билиши керек. Сөзсүз түрдө сүрөт тартып, айкел жасоо эмес. Сапаттуу музыканы угуу, көргөзмөлөргө баруу, ачык асман алдына жаратылышка суктануу. Үйдө бир бөлмө толгон китепкана эле. Китепке болгон сүйүүм жаштайымдан башталып, өмүр бою калды. Кээде китептен көз каранды адам сыяктуу китепканадан күндүр-түндүр чыкчу эмесмин. Математик болбосом да, математиканын китептерин жакшы көрчүмүн, мен үчүн баары кызык. Кийин окуган китептеримдин үзүрүн жакшы эле көрдүм.

Кийин Москвага окууга барганымда портрет жана фигураларды тартууну үйрөнгүм келди. Мындан башкасынын баарын билчүмүн. Университеттин алдында сүрөт студиясы бар эле. Бирок староста дароо портрет тартууга мугалим жол бербейт деп эскертти. Эң алгая ооз, көз, мурунду гипстен жасап, ак-кара натюрморт, түстүү натюрморт, пейзаж, андан кийин гана портрет тартууга мүмкүн экен. Мен эмне кылдым? Өзүм билемдик кылып, мунун баарын тартканды билем деп мугалимге айттым. Студиянын жетекчиси советтик чыгаан сүрөтчү Яков Ромас эле. Ал мени кунт коюп угуп, анан “гипс менен иштөөдөн баштаңыз, калганын көрөрбүз” деди. Эки айлык ишти бир күндө бүтүрүп ага көрсөттүм. Ошентип, улуу сүрөтчүдөн сабак ала баштадым. Окуу дайыма кызыктуу өтчү. Ал мага кеңештерин, сын-пикирлерин айтканда, мен дайыма аны менен талашып-тартыша берчүмүн. Бирок ал эч качан менин шагымды сындырып же катуу айткан жери жок. Анын кеңештерин азыркыга чейин колдоном. Ал улуу мугалим эле.

Өзгөчө мага жаратылышты чагылдырган жагат. Атайын сүрөт тартайын деген ниет менен отурбайм. Дүйнөнүн көп өлкөсүнө барып келдим, барган шаарды сүрөткө тартам. Бирок сүрөт өнөрүнүн бардык түрлөрү менен иштей алам. Ошондой эле, карикатура тартам. Москва, Кембридж жана Кыргызстанда карикатура жыйнактарым жарыкка чыккан. Баш- аягы беш миңден ашуун карикатура бар. Москвада бир нече жолу сүрөт көргөзмөлөрүм өткөн. Учурда көркөм өнөр музейинде карикатураларымдын көргөзмөсү өтүүдө. Жакында эле Билим берүү министри сүрөттөрүмдү министрликке илебиз деп сурап кетти. Негизи сүрөттөрүмдү сатпайм. Дос, тааныштарым чет элге кетип жатканда белекке берип коем.

Жан-жаныбарларга болгон сүйүү

—Чоң атам айылда ветеринар болуп иштегендиктен, ар кайсы мал-жандыктарды көрүп, чоң атама жардамдашып өстүм. Жаныбарлар тили жок болуп, сүйлөй албаганы менен ар бир нерсени, аларга кылган мамилеңди, адамдын жакшы-жаманын сезишет. Мен бир нече ит бактым. Бир жолу чоң атамдыкына барганыбызда бир күчүктү кичинекейинен багып өстүрүп, алыс туугандарыбыздын бирине берип, шаарга үйгө келгем. Экөөбүз мыкты курдаш элек. Ал акылдуу, сезимтал, мени жакшы укчу. Мен ага жакшы тамак берип, таптаза кылып чоңойтком. Канча бир убакыт өткөн соң кайра ал итти көргөнү барсам, туугандарым аны короого байлап, ит аяктан тамак берип, жуундурбай, саксайтып кыйнап коюшуптур. Ит өтө чоң болуп өскөндүктөн, жанына эч кимиси даап бара албайт экен. Боорум ооруп жанына чуркап барсам, мени көргөн арстандай болгон дөбөт чуркап келип мойнума асылды. Экөөбүз көпкө кучакташып, сагынчыбызды таркатканбыз.

Итти колго үйрөтүү, машыктыруу сырлары боюнча көптөгөн китептерди окуп чыктым. Мектепте окуп жүргөнүмдө дагы бир итимди машыктырып, мыкты үйрөттүм. Ит кыла тургандын баарын кылчу. Бир күнү мектепке кетип бара жатып ага: “тынч отур, тамак жебе” деп айтып, окууга кетип калдым. Кечинде окуудан келсем, чоң атам күйпөлөктөп: “Итиң ооруп калган окшойт. Тамак жебейт же ордунан жылбайт. Эртең мененден бери тиги бурчта отурат” деди. Мен итиме кандай жеткенимди билбейм, жүрөгүм аябай ооруду. Барып тамак берип, башынан сылап, ойноттум. Буга чейин аны бир орундан эч жылдыра албаган үй-бүлөм керемет болгондой өтө сүйүнүшкөн.

Кийин үйүмдө кескелдириктин түрүн, жылан, коен, канаттуулардын көбүн, ит, мышык, жарганат, жөргөмүш кармачумун. Ал кезде ыраматылык апам менен бирге турчубуз. Үйдө сары жыланга окшогон бутсуз кескелдириктин (желтопузик) бир түрүн бакчубуз. Бир күнү апамдын курбусу үйгө конокко келип калды. Экөө ашканада сүйлөшүп отурушкан. Кескелдиригибиз бөлмөлөрдө ары-бери ээн-эркин сойлоп жүргөн. Апам курбусун эскерткиче ашканага сойлоп кирип келсе болобу. Курбусу айкыра чаңырып, коркуп качып жүрөт “жылан эле жылан” деп. Биз ага “жок, бул кескелдирик” деп коебуз. Акыры үстөлдөрдү биринин артынан экинчисин каалгага чейин коюп жатып,  апамдын курбусун үйдөн узатканбыз.

Бир канча кесиптин ээси

—Ар түрдүү кесипте өзүмдү сынап көрдүм. Москвадагы аспирантурадан кийинки биринчи иш ордум микробиология, эпидемиология жана гигиена институтунда эле. Коллектив, жумушум, жетекчилигим— баары көңүлдөгүдөй эле. Бир гана жакпаган жери лабораториядан чыкпаган окумуштууга айланып бараткам. Мен институттагы изилдөөлөр менен гана алектенип тим болбостон, тышка чыгып изилдөө жүргүзгүм келчү. Зоолог болгонумдан улам көптөгөн микроорганизмдердин, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын клеткаларынын штаммдарын башка жерлерден ала келгенге жетишчүмүн. Бирок аларга менин лабораторияда иштегеним керек болчу. Акыры  кетип калдым. Ал орунду мен үчүн деп үч жылдай кармашты. Ал институттан кеткен соң журналист болуп кала жаздадым. “Советская Киргизия” адабий журналы менен кызматташып, фельетон, очерк, интервьюларды жаза баштадым. Алдын-ала материалдарды даярдап коюп, четинен редакцияга жөнөтө берчүмүн. Эки ай иштеген соң мага өзгөчө тапшырмалар боюнча корреспондент болууну сунушташты. Мен макул болуп Ала-Тоо аянтында кетип бара жатсам, астыман атактуу советтик психолог жана философ Арон Брудный чыгып, журналист боло турганымды айтканымда, “келесоо” деп урушуп, мединституттун коомдук илимдер кафедрасына алып барды. Ал учурда Исаев деген мыкты киши кафедраны жетектечү. Философиядан сабак берүүнү сунушташты. Философия илими дайыма мени кызыктырчу. Ректорго барганда, кесибим биолог десем, “Эчтеке эмес. Биз философтордон тажадык” деп жумушка алды. Ошентип, философ болуп калдым. Бул убакыт мен үчүн өзгөчө эле. Коллектив жана студенттерим менен ымалам ысык эле. Өз студенттерим менен тең чамалаш болчумун. Ал убакта абдан көп китеп окууга туура келди. Философия менен гана байланышкан эмес, студенттерим кандай китеп окушса, баарын окуп чыктым. Себеби, сабактарымда медицинадан мисал келтирүүм керек эле. Сынак учурунда өзгөчө катуу, оор суроолорду берчүмүн. Бирок эч кимге “4” төн төмөн баа койгон эмесмин. Бир күнү Брудный мага келип “Сенин группаңда жалаң жакшынакай кыздар окуйт. Алар дайыма сенден “беш” деген гана баа алышат экен. Алардын келбетине карап эле “беш” коюп жатсаң керек” деп калды. Бирок мен мындай нерселерге  сатылчу эмесмин. Карап көрсөм, бул группадагы бир да кызда жаман баа жок экен. Мен алар сабагыма жакшы даярданып келишчү го деп бүтүм чыгарып койдум.

Негизи кайсы бир жумушта жетекчи жакпаса чыгып кетмей адатым бар. Мен катып калган системада иштегендерден эмесмин. Андыктан, көп иш алмаштырдым. Баш аягы 300дүн тегерегинде илимий эмгек жаздым. Биология институтунда иштеп турганымда Орто Азия-Батыш Сибирь чөлкөмүн камтыган канаттуулар миграциясынын изилдөөсүнө катыштым. Мисалы, октябрь-ноябрь айларында Кыргызстандан учуп кетип баштаган куштардын жарымы Африкага учса, канча бир бөлүгү Кытайга учушат. Бирок Кытайга кирген канаттуулар кайра кайрылып келишпейт. Себеби, кытай эли кызыл китепке кирген, өтө сейрек кездеше турчу канаттууларды тамшанып жеп коюшат. Изилдөөмө байланыштуу Кыргызстандын бардык токойлорун кыдырып чыктым. Учурда токойлор көбөйүп жатат дегендик чындыкка дал келбейт. Жакында барып келгенимде, токойлордо бак-дарак азайганын даана байкадым. Кыргыз токойлору 20%га азайды. Илимий иштеримди да дал ушул келгин куштар тууралуу жаздым. Совет окумуштуулары батыштан келген келгин куштарды изилдеп жатып Американын СССРдин аймагына куштар аркылуу жугуштуу оору тарата турганын билип алып, алдын алганбыз. Бирок бул иш канча жыл бою мамлекеттик сыр болуп келди. Ошондой эле, жалпы совет аймагында бирден бир деп эсептелген жаратылыш ресурстары, кызыл китеп жана зоогеографиялык картаны түзүүгө катыштым.

Аскар Акаев бир нече ирээт чоң мамлекеттик кызматтарды сунуштаган

—Эң өзүмчүл мамлекеттик орган бул башкаруу органы. Алар өзү үчүн гана иштешет. Эч бир убакта табият же элди ойлобойт. Өзүнүн кызыкчылыктарын гана ойлогондугу үчүн улам жаңы соода-сатык түйүндөрүн куруп жатышат. Эгер кайсы бир жер же жаратылыш тилкеси бийликте тургандарга пайда алып келбей турган болсо, ал жерден кутулууга аракеттенишет. Ар бир бийликке келген адам башында канчалык жакшы, таза болсо дагы калыптанып калган системадан чыга албайт. Эгер чыкса, анда жек көрүндүгө айланат же бийликтен кетиши керек болот. Анткени бул системанын алкагында өзүңдүн жана кесиптештериңдин кызыкчылыгын алга сүрөөгө аргасыз болосуң. Мындай учурда көйгөйлөрдү чечүүгө кете турган күч ал системада жашап калуу үчүн күрөшкө кетет. Аталган системаны ичинен көрүп-билгендиктен, кайсы бир майлуу-сүттүү орунга отурайын деген калоом эч убакта жок болчу. Бирок убагында  нечелеген достор, санаалаштар ар кыл чоң жумуштарда сунушташкан. Туңгуч президентибиз Аскар Акаев экөөбүз жакшы курдаш элек. Бийликке келген соң ал кандай гана мамлекеттик кызматтарды сунуштаган жок. Бардык сунуштарын кабыл албадым. Акаев өзү калыптанып калып калган системага кире элек кезинде Кыргызстанды гүлдөтүп, Орто Азия боюнча жакшы көрсөткүчтөргө алып келди. Тилекке каршы, бир канча убакыттан соң системага каршы тура албай калды.

Жубайым бардык кырдаалда мени колдоду

—Юрий Шувладзе аттуу жакшы досум бар болчу. Ал менин болочок жарымдын группалашы эле. Ал экөөбүздү тааныштырган. Досум экөөбүз группалаш кызынын үйүнө кире кетмей болдук. Кире бериште алча тазалап отуруптур. Чараны мага карай жылдырып мени менен алча тазалашчы деди. Убактым жок деп кыжырданып кетип калдым. Кийин достор менен чогуу эс алууга чыгып жүрдүк. Анын эжеси бар эле. Ал мага жакпаган бала менен сүйлөшчү. Тиги бала жакпагандыктан, эжесин андан ажыратуу максатында шылтоо таап, жолугушууларга чакырып, экөөнө жолтоо болдум. Ошентип атып акыры анын жигити бизге кошулбай калды. Эжесин жакшы эле ажыратыптырмын. Кийин жубайымдын эжесине менин улуу агам үйлөндү. Агам экөөбүз эже-сиңдини алдык.

Болочок жубайым экөөбүз дос болуп, андан кийин жолугуп жүрүп бир күнү ага келип, «мага турмушка чык” деп сунуштадым. Ал жооп берген жок. Андан кийин экөөбүз тең алыс жакка кеттик. Мен— экспедицияга, ал— практикага. Турмуш куруу сунушу боюнча ал ата-энесине, мен эжемдерге айтып койгон элек. Бир нече айдан кийин үйгө келсек, эки үй-бүлө биз жок эле конокко бара беришип, баарын чечип коюшуптур. “Артка жол жок” дедик. Биз келгенден кийин бир нече күн өткөн соң, үйлөндүк. Жубайым канча жумуш алмаштырбайын, кандай гана кырдаалдар болбосун, кайсы гана жакка командировкага кетпейин, дайыма мени колдоп турду. Учурда музыкант кызым, менин жолумду жолдогон окумуштуу уулум жана небере-чөбөрөлөрүм бар.

Экосистеманын бузулушунун кесепети өтө коркунучтуу

—Негизи жаратылыштын экосистемасы туура иштөөсү үчүн 40% адам буту баспаган жаратылыш, жайлоо жана  60% адам жашаган шаар, айыл болушу керек. Тилекке каршы, Кыргызстанда бул көрсөткүч 40% дан 20% га чейин түштү. Кыргызстандагы жаратылыштын бузулушу акыркы чегине жетти. Матрица түгөндү. Адам өз колу менен жаратылышты талкалап жатат. Жайлоо өтө аз, эки жерде гана калды. Жайыт жерлери тууралуу керектүү мыйзамдар кабыл албагандыктан, экосистемадагы баалуу чөптөрдүн түрлөрү жоголду. Аңчылыктан улам кызыл китепке кирген жырткыч жаныбарлар азайды. Эгер экосистемада кайсы бир жырткыч жоголсо, бүткүл системага доо кетип, климаттын өзгөрүшүнө түрткү берет. Акыркы учурда глобалдык масштабдагы жылуулук дейбиз, чынында экосистеманын бузулушунан улам климат өзгөрүп, туруктуу болбой жатат. Мисалы, эгер Кыргызстандын экосистемасынан илбирс жоголуп кетсе, баланс бузулса, кесепети алгач жаратылышка, андан кийин социалдык, экономикалык жана адам жашоосуна коркунуч жаратат. Токойдун экосистемасында маанилүү ролду сүлөөсүн ойнойт. Учурда дүйнөлүк качкындардын агымы болуп жатат. Алар эмне себептен качып жатат дейсиңер өз мекенинен. Экосистеманы бузуп койгондуктан улам социалдык, саясий кесепеттерге дуушар болушту. Жер жүзү боюнча алсак, Европа, Индия, Араб өлкөлөрү толугу менен экосистемасын жоготуп коюшту. Канада, Россия, Азиянын айрым өлкөлөрүндө азырынча анча-мынча болсо да сакталган. Кыргызстанда табият менен таттуу мамиледе болуу идеологиясы эч иштебейт. Чиновник тургай, жөнөкөй мектеп окуучусу жаратылышка сүйүү менен мамиле кылууну билбейт. Мен шаардык кеңешке депутат болуп барганымдын себеби, Бишкектин экосистемасын сактап калуу, жаратылышка байланышкан көйгөйлөрдү чечүү. Себеби шаарыбыз ден соолукка зыян келтире турган калаа болуп калды.

Мээрим Самиева

Сүрөттө: профессор Эмил Шүкүров жана анын тарткан сүрөттөрү