24 сентябрь 2018
Бишкек убактысы: 13:31


Перу: Автобус жардан кулап, 48 адам каза тапты

Арекипа аймагында кечээ, 21-февралда, жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 01:30да  Панамерика унаа жолунда жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан автобус оодарылып, бийиктиги 100 метр келген жардан кулап түшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 48 адам каза болгон. Алдын-ала маалымат боюнча, каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Бул тууралуу КР Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.