16 июль 2018
Бишкек убактысы: 02:53


Патриот деген ким?

Patriot

…Биз жакта азыр чак түш, ал эми сен жашаган жерде түн ортосу. Уктап жаткан болушуң керек, бейпил түн тилейм сага, кызым. Бөтөн эл, бөтөн жердин туз-даамын татып жүрөсүң, бөтөн жердин жели, суугу сага тийбесе экен дейм. Скайптан сүйлөшкөнүбүзгө сүйүнүп, карааныңды көрүп, сөзүңдү укканыма кадыресе каниет алып калам. Бир бала тууралуу айтпадың беле, апасы алыска жөнөткөндөн он жылдан кийин скайп аркылуу сүйлөшүп, уулунун эр жетип калганын көрүп, аябай ыйлаганын. Сен жаңы кеткениңде бөтөн эл, бөтөн жерде кандай күнгө кез келет деп мен да буулугуп, ыйлап жүрбөдүмбү.
Арадан беш жылдан кийин баягы секелек кыз эмес, ачуу-таттуу эмне экенин жакшылап билгендей, жетилип калгандай көрүнөсүң, кызым. Алыста өз жолуңду таап кеттиң. Анан да түгөйүңдү таптың, баарынан дагы океандын ары жагынан кыргыз жигитке жолукканыңа кубанам. Ал жактан неберелүү да кылдың бизди. Неберемди колума алып, жыттай элек болгонум менен, колума алгандай, жыттагандай болом. Алыста кол кармашып жүргөнүңөрдө бетиңерден өөп, каалоо-тилегимди көзмө-көз айта албай турганыма гана ичим тызылдайт. Бактылуу болгула, алыста жүргөн балапандарым!
Алыста жүргөндө метродон, автобустан, поездден кыргыз тилин угуп, кыргызды көрүп кылчайып карайм дедиң. Бейтааныш болгон менен, алар туулган жериңди, эне тилиңди эстетип аткандыр. Бизде азыр алма-өрүк, алча тегиз гүлдөп турган керемет кез эле, минтип бороон болуп, кар да жаап жибербедиби. Турмуш да телегейи тегиз болбойт турбайбы, бирде ушинтип өрүк, алчалар тегиз гүлдөп турган кезде кар бапылдап жаап жиберет турбайбы. Бирок күн эртең эле ачылаар. Анын сыңарындай, биз көрүшчү кубанычтуу күндөр да али алдыда.
Сүйлөшкөндөрүбүздү эстеп калам эриккенде. Кадимки эле көртирлик сөздөр арасында эле патриоттуулук туурасында кеп болуп кетпедиби. “Мен патриот эмес окшоймун” деп капыс айткан сөзүңү анда талкууга алгым келген эмес. Бирок бүгүн “патриоттуулук” деген сөз ой-жадымдан чыкпай туруп алганынан, ушуларды жазып калдым. Баягыда “өрүк комуз берип жибергилечи” деп сураганыңда, “өзү черте албагандан кийин, комузду эмне кылат эле” деп анчалык деле маани бербептирмин. Азыр ойлосом, алыста жүрүп комуз суратканыңа ичим жылып турат, кызым. Демек, өзү черте албаган кыргыз баласына да комуз аспабы керек экен. Адам тууган жерин сагынганда күү кайрыктарын, обон ыргактарын өзү комуз кылдарына күүлөгүсү келет турбайбы. Мурда комуз чертип көрбөсө дагы, күйөө балам аспапты колуна алып, кылдыратып олтуруп, “Өрүк комуз” кайрыгын таап алганына андан бетер кубандым, кызым. Комузду кастарлап, күү кайрыгын кайталап турганыңардын өзү патриоттуулук эмей, эмне?
Эсиңдеби кызым, сен бир китепти үйдөн атайын сураттырып жеткиртип албадың беле, Жеңижок, Калыгул, Арстанбек … Айтор айтылуу залкар акын-ойчулдардын ыр-насаат жыйнагын. Ошол китепти кээ кезде кайталап окуп жүргөндүрсүң. Тээ 1947-жылы жарыкка чыккан, эскирген, кээ бир барактары тытылган кыргыздын макал-лакап китебин жоготпой, дагы эле катып жүрөсүңбү? Алыста жүргөнүңдө залкарларды, ошол накыл китептерди эстеген турбайсыңбы. Элинин эзелки мурасын эстеп, кайталап окуп жүргөндүн өзү патриоттуулук эмей, эмне?
Бүгүн – 7-апрель, революция, эскерүү күнү. Балким, патриоттуулук тууралуу ой ушул күндөн улам да эсиме түшүп аткандыр. Эгерде 2010-жылдын 7-апрелинде революция, жеңиш болбогондо, баарыбыз азыр кандай күнгө туш келет элек, ким билет? Канча балдар окко учуп кетишти, канчалары жаракат алышты. Арасында аласы да, буласы да болсо дагы, ошол учурдагы баатырларды, революциялык кырдаалды, революциялык маанайды ким тана алат? Кичинекей эле мисалдарды келтире кетейинчи. Кайтыш болгондордун арасындагы Алмазбек Абдразаковду 7-апрелде аянтка “кайра барба” дешсе, “башкалар окко учуп атса, мен үйдө олтурмак белем” деп болбой кетип калган экен. Алымбек Аракеев болсо:
“Улуусуң сен, кымбат жерим Алайкуу,
Бийик тоодон агып түшөт далай суу.
Бадал, арча, токоюна көз салып,
Баратамын ат үстүндө канаттуу” деген сындуу ырларды жазчу экен. Ал эми Алтынбек Шымырбаев:

“Кто не был солдатом,
Кто пыль не глотал.
Кто и в дождь и в снег
На посту не стоял.
Тот разве мужчина?” деген саптарды жазыптыр.

2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан бери бүгүн беш жыл өтүптүр. Азыр деле ар тарабыбыз ачылып-чачылып турат. Бирок да кези келгенде улуулардын мурасын улаган, ата журтун ар убак аздектеп, эл-жерге жакшылык, бейпилчилик тилеген, жакшылыктан үмүт үзбөгөн, алыс-жакын жүргөн кыргыздын силердей уул-кыздары эл-жерди алга сүрөп турар. Алдыда жаркын жол жарыгын чачып, баарыбыздын башыбызды бириктирер… Түнүңөр бейпил болсун, менин балапандарым!

Айгүл Бакеева