23 июль 2018
Бишкек убактысы: 19:37


Оштогу оорукананын курулушу август айында аяктайт 

Ош шаардык оорукананын курулушу дээрлик аяктап калганын КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Шаардык клиникалык оорукананын курулушунун 90 пайызы аяктап калды. Ак-Тилек кичирайонундагы бул оорукана 150 орунга эсептелген. Курулуш кытайлык гранттын эсебинен ишке ашырылууда. Болжол менен ушул жылдын август айларында курулуп бүтүп калмакчы.