Ош облусунда жер титиреди

  • 2 года мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 9-январда саат 01:56да Тажикстандын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул Ош облусунда да сезилди.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Иркештам, Нура, Сары-Таш жана Бор-Дөбө айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты