15 август 2018
Бишкек убактысы: 04:57


Ош милициясына кумарканаларды үч күн ичинде жабуу тапшырылды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына калаадагы кумарканаларды үч күн ичинде жабуу тапшырылды. Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков 24-апрелде шаар милициясынын жаңы башчысы Мурат Бороновдун алдына ушундай милдет койгонун министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Өмүрзаков тургундардан оюн клубдарына байланыштуу көп арыздар түшүп жатканын, айрымдар мүлкүн, ири акча каражаттарын уттуруп жиберген учурлар бар экенин белгилеп, Бороновго маселени жеке көзөмөлүнө алууну буйруду.

Мурат Боронов мурда Ош облустук ИИБны жетектеген. 23-апрелде шаар милициясына башчы болуп барган.

Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тартып казино жана башка кумар оюндарына тыюу салынган. 2015-жылдын 29-апрелинен тартып букмекер кеңселерине, тотализаторлорго чектөө коюлган.

Тыюу салынганына карабай, кумар оюндары Интернет аркылуу ойнолуп жатканын Жогорку Кеңеш депутаттары айтып келишет.