13 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 01:55


Мектептерде баңгизатын жайылткан эки студент кармалды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы  жогорку окуу жайлардын биринде окуган студенттер Бишкектин орто мектептеринде баңгизаттарды тараткандыгын таап чыкты.  

2018-жылдын 15-февралында  ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери баңгизаттарды мыйзамсыз сатууга багытталган ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжада ЖОЖдун биринде окуган 1996-жылы туулган Б.Я. аттуу студентти кармаган.
Б.Я. нын  жанынан кара куурай сыяктуу өзгөчө жыты бар, кочкул-күрөң түстөгү жалпы салмагы 26 грамм гашиш табылган.
Кылмыш ишине шектүү катары  дагы бир 1997-жылы туулган Г. А. аттуу жаран кармалып, андан 15 граммды түзгөн баңгизаты (гашиш) алынган. Г.А. жашаган жеринен  7 грамм салмактагы баңгизаты (гашиш) табылган.
ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан  аларга кылмыш иши козголгон.

Тагыраак айтсак,  Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) жана 247-беренесинин (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, аларга окшош заттарды же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) негизинде.
Учурда  ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдады.