19 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 04:54


Кытай розасы

(Сандан-санга)

Оорукана палатасынын терезесинде идиште өсүп турган каз-катар гүлдөр бар эле. Бир күнү алардын арасынан кытай розасы бажырайып, кыпкызыл гүлүн ачты. “Кытай розасы гүлдөптүр! Ушул гүлдөсө, мен айыгам дегем. Карачы эми, гүлдөгөнүн!” деди ал.  

23-декабрь, 2016-жыл.

…Жаңы жыл тээ бала кезибизден биз кастарлап-каадалап күткөн, кыялга, үмүткө жетелеген, жалаң жакшылыгы менен гана келе турган сыйкырдуу күнгө окшой берет эмдигиче. Ар кимибиз үй-бүлө күтүп, айылдан алыс кеткенибиз менен жаңы жыл түнүндөгү бала кездин май мантусун, француздардын “оливье” салатын жасоо салтын ала келгенбиз өзүбүз менен кошо шаар тарапка. Ар жылы ушул тамактарсыз  үйүбүздө кыштын майрамы шаң-шаанисине чыкпай кала тургандай туюлат. Жаңы заман, жаңы шартка ыктаган бала-чакабызга биз эчактан кастарлаган тамактардын даамы, балким,  анчалык таттуу сезилбестир, бирок бизге, чоңдорго, ал өзгөчө эле. Жапыз, тегерек столду тегеректеп конуп, ар жылы жашоонун жаңы барагын бейкапар аччу эмес белек айылдан.

Эми мына, өмүрдүн дагы бир жылын карытканы турабыз. Алдыда жаңы кыял, тилек, үмүт…  Турмуш-тиричиликтин түгөнбөгөн түйшүгү аялзатын камдуу болууга, майрамга күн мурун даярдык көрүүгө чакырат эмеспи.

Жаңы жыл жакындаган үчүнбү, айтор, бүгүн экөөбүз тең эртелеп үйгө жөнөгөн экенбиз жумуштан. Осмон да келип калды. Эмнегедир маанайы салыңкы, чарчаптыр, берген суроолорумду  жоопсуз калтырды. Бөлмөгө кирип эле бир кагазды колума карматты. Окусам, “Ашказандын аденокарциномасы” деген суроолуу белги коштолуп жазылып турган сөз ой-дүйнөмдү аралап, ичимди аңтарып-теңтерип жиберди… Оор  дарт, рак дейби?!

Лимарев аттуу профессорго барып келиптир. Эми мен кошулуп, экөөбүз бардык.

—Андай болушу мүмкүн эмес! Мыкты клиникада нечен жылдан бери доктурлардын кароосунда жүрөт. Ичимдик ичпейт, мүнөз тамак жейт. Жакында эле эки башка, үч башка жерден текшерилип келген, — дедим жаным жай ала албай.

Профессор болсо, сөзүн жай гана улантты:

—Бул оорудан эч бир киши камсыздандырылган эмес.  Дарт билинбей илээшиши ыктымал. Мен далайды көргөн адис катары айтсам, биз койгон диагноз эч кандай шек жаратпайт, бул жаман жагына айланган, коркунучтуу шишик. “Злокачественный”,- деп кошуп койду аягында.

Бул профессор сүйлөгөндө кишинин көзүн карабаган, эң эле жөнөкөй, ошол эле кезде  чечкиндүү адис көрүнөт. Кийинчерээк билсек, ата-бабалары бир кезде Кыргызстанга келип, отурукташып калган орус казактарынан экен. Мындай дарт тууралуу күндө угуп-көрүп жүргөн тажрыйбалуу дарыгерге кеп эмес да. Бизге болсо бул күтүүсүз кайгы, чоң сокку болуп турат.

—Кантип эле? Коркунучтуу дарты бар деп жаткан кишинин өзүнүн көзүнчө доктор ушинтип, шак эле бетке айтып салабы?

—Кааласаңар, башка жерден, башка адистерден текшертип келгиле. Мен бир эле кеңешимди берейин: абалды операция жолу менен гана оңдосо болот. Андан дагы токтоосуз, тезинен жасатыш керек. Мындайда ар бир саат, ар бир күндүн эсеби баа жеткис.  Мен иштеген 40 жылдай убакыт аралыгында далайды көрдүм. Жаңылыш эле болуп калса гана! Менин бул жерде эч бир кызыкчылыгым жок. Бирок тезинен жасаш керек,  кеч болуп кала электе. Ойлонуп, бир чечимге келгиле. Операция жасатабыз десеңер, онколог-хирургду тандагыла, — деп айтты.

Осмон экөөбүз онкологиялык ооруканадан чыгып, Байтик баатыр көчөсүнө түшүп, үйдү көздөй жөө келаттык. Өзүмдү кармайын десем да болбой, көзүмдөн жаш кылгырат.

—Сени алып барбай эле койсом болмок экен. Кайра кишинин зээнин кейитесиң да. Мындан кийин мени менен барбай эле койчу доктурга, — деди.

Анан ыйымды токтотуп, төзүмдү колго алып, аны соорото баштадым.

—Азыр ал-абалың сопсонун эле. Дайыма доктурдун  көзөмөлүндө болуп жатасың. Билесиңби, Америкадан деле ашказаныңда коркунучтуу дарт жок дебеди беле? Болгону ашказанда жара бар деген, чынбы? Жаңылыш болуп калгысы бардыр. Түркияга барып текшерилип келели. Баягыда, сен да тааныйсың, Сайдилканов деген киши “бир канчалаган оорулууну бычактан сактап калдым, аларды Түркиянын клиникасына алып барганда, операциясыз эле айыктырууга болот экен” деп айткан. Сени да Түркиядан текшертип келсек кантет?

Ал жооп бербей, буларды айтып кирди:

—Апам эле түшүмө көп кирчү болду. Маңдайыман сылап, жанымда олтуруп калат.

—Ошентип кудай, арбак жардам берет турбайбы. Жыт чыгарып, куран окутуп коебуз. Кудай колдойт, апаларыбыздын, бир туугандарыбыздын арбагы колдойт, — дедим мен.

—Шергазы жездемден сурайлы.  Ал кандай десе, ошондой кылалы, — деди, бир убакта туура чечимди тапкандай.

—А балким, Россиядан, жездеме барып жасатсакчы операцияны?

—Ал иштеген клиника онкологиялык эмес да.

Узун көчөдө ушинтип сүйлөшүп келаттык.  Ушул жолдор менен дагы да жол  карытаар кездер,  көрөр күнүбүз, ичээр суубуз бардыр… Эми кандай күнгө туш болобуз? Оюмда эми ушундай үмүт-тилек оюн салып жатты.

Көчөдө каршы-терши өткөн машина ичинде эл карап баратат бизди. Мына бу кишилердин ар биринин өз түйшүгү өзүндө, бирөө кубанып, бирөө бизге окшоп, ыйлагысы келип бараткандыр… Эркек кишилер жаман-жакшы эмоциясын сыртка чыгарбай, баарын ичине алып,  ошондон улам да ооруйт окшойт. Жашын төгүп-төгүп алган киши болсо,  бир далай бугу чыгып калбайт беле! — деп коём ичимен.

3-январь, 2017-жыл.

Эски жылды да узаттык. Азга кубанып, илгери үмүт кылууну да үйрөнөлү дедик. Баса, жаңы жыл алдында, экинчи неберелүү болуп, кубанычыбыз койнубузга батпай жүрдүк. Уул бала! Туугандарга, досторго Осмон өзү сүйүнчүлөп жатты. Бизди шыктандырган, жашоону  жакшы көрүүгө, жашоо үчүн умтулууга, күрөшүүгө бул кубанычтуу кабар жакшы дем берди. Кыргыздын дагы бир жараны жарык дүйнөгө келди 27-декабрда! Скайп байланышы аркылуу алыстагы жаңы туулган неберебизди көрүп, андан бетер кубандык. Жаман ойлорду өзүбүздөн алыстатууга ушул күн да чоң түрткү болду. Ал эми сүйүнчүсүн берем деген бир туугандарыбыз бизге байланыштуу алдыда аларды кандай кайгы, түйшүк күтүп турганын кайдан билишсин!

Медициналык бүтүм-кагаздарды жибергенден кийин, жездем башка онколог врачтар менен кеңешип көргөндөн кийин, “Ооруканага тезинен жатып, операция  жасатсын. Ошол Лимарев эле жасасын, ал тажрыйбалуу, колу жеңил онколог” деп айтты. Биздеги башка хирургдар да ошол эле сөздү кайталады.

Коюлган диагнозду жана Осмондун ооруканага жата турганын бир туугандарыбызга айтуу баарынан кыйын болду. Менин бир туугандарым го укту, жездемден. Осмон болсо “бир туугандарга айтпайбыз, кийин эле укканы жакшы” дейт. Аларды кайгыга батыргысы келген жок окшойт. Бирок ооруканага жатканы кезекте турган кезде, кайнагама телефон чалып айтып койсом, ал дароо жетип келди.

Онкологиялык оорукананы тээ илгеркидей эле, эски, тамтыгы кеткен дарылоо жайы деп элестеткем. Бирок “шишик дарт” деп аталган бул бөлүм жарык, жаңы, кандайдыр жашоодон үмүт байлаттырган жер экен. Мунусуна да шүгүр. Ал эми акысын төлөсөң, эки кишилик палатага жалгыз жатсаң болот. Осмон ошентип өзүнчө жатты. Күндүз жанында болуп, кечинде кетип, эртең менен келип турдум. Операция 11-январда жасалмай болду.

11-январь, 2017-жыл.         

Дүйшөмбү күн эле. Бир туугандарыбыздын баары бул кабарды жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө эле уккан. Дарыгерлердин эскерткенине карабай, бул күнү, 11-январда оорукананы тегеренип, кечке кетпей жүрүштү. Операция күндүзгү саат 11де жасалат десе деле болбой, таң эрте келип алышыптыр. Күн бүгүн анчалык суук эмес. Бирок кыш деген кыш эмеспи, сууктун илеби кадимкидей сезилип турат. Буттан сыз өтөт дебей, баары эшикте, тикесинен тик турушат. Арасында жаңы эле ооруп, айыккан Кундуз эжем да бар. Же түшкүсүн тамак ичкиле десе болушпайт, же үйгө барып жылынып келгиле десе болушпайт. Бир туугандар күйүмдүү, чыдамдуу болот экен. Менин бир туугандарым бир топ, Осмондун бир туугандары экинчи топ болуп турушат. Кээде эки топ бириге кетет, бири-бирин сооротуп. Кээде ар башка жакта, ич ара сүйлөшүп турушат. Операция болор алдында байкеси келиптир, беш миң сомун алып. “Муну коротуп тургула азырынча, анан дагы алып келебиз” дейт. Хирург Шергазы жездебизден башка, дагы бир Шергазы жездебиз эки миң сомун берди. Бир туугандар арасында уюштургучу мен болчумун, бул жолу эң улуубуз Чолпон эжекем уюштура салыптыр, жыйырма миң сом алып келди. Осмондун бир туугандарыныкы деле ушунча болду.

Операция жасалаар оорулуу үчүн кан тапшырыш керек экен. Кан керек десек, баары кан тапшырчу жерге барышыптыр. Бирок бирин улгайган деп, бирин өтө жаш деп, дагы бирин толук, бирин арык, бирин каны аз, бирин каны коюу деп, айтор кан тапшырууга баргандардын, мисалы, онунан бирөөнөн эле алыптыр. Анаке эжебиз биринчи болуп уулун, күйөө баласын алып барыптыр. Өзүнүкү жарабай, беркилерге уруксат болуптур. Ошентип, кан берүүнүн жолу ачылды. Осмон иштеген бөлүмдөгү кесиптештери анын дарты оор деп жатканын уккан эмес эле. Аларга да айтууга туура келди. Жогорку Кеңештин маалыматтык технология бөлүмүндө иштегендердин көбү барса, саналуу кишилерден эле кан алууга болот экен. Көлбаев Эркин, Исаков Эрнис… Бир канча  кызматкерлерден ушулардыкы эле жараптыр.   Айтмакчы, алар иштеген Жогорку Кеңеште миңдеген техника, компьютер бар экен. Жыйырма жылдан ашык убакыт иштегенде ошончо техниканы тейлеген адистердин ден соолугуна зыянын тийгизбей койбогондур. Айрыкча маалыматтык-технология жагында иштегендер этият болушу керек окшойт. Осмон жаңы иштей баштаганда, үй менен бир ЭВМ машиналары болчу деп калат. Ошондо, андан кийин деле, аны тейлегендерге ак халат кийгизип, зыяндуулугу үчүн айран-сүт берип турушчу экен бир кезде. Азыр андай эмес.

Ошентип операция  үчүн кан чогултуу менен алекпиз. Кызыбыз, уулубуз жоро-жолдошторуна айта баштаптыр. Жаштар көп барса да, арасынан бирин-экини гана жарабаса, көбүнөн кан алууга мүмкүн болбоду. Жаштардын ден соолугу деле жакшы эмес окшойт. Менин жамаатым, “ПолитКлиника” гезитиндегилер да кан тапшырганы барышты, бирок алардын да ден соолугу жол бербеди. Мурунку депутат Мадеминовдун кызы Каныкей, Майрамбек уулу Урмат, Балбаков Руслан… дагы көп кишилер тапшырып, кагазын алып келишти. Осмон жездебиз кан тапшырганы барса,  “улгайып баратыпсыз” деп албай койгондо, “анда сатып алайын” дептир. Акчасын төлөгөн боюнча “400 грамм кан” алышым керек деп канча күнү күтүп жүрдү. Акыры справкасын алып келди. Айтор, уккандардын баары тапшырып олтуруп,  керек болгондон беш эсе ашык кан чогулуптур.

(Уландысы кийинки санда)

Айгүл Бакеева