15 декабрь 2017
Бишкек убактысы: 04:47


Кытай розасы

(Сандан-санга)

Оорукана палатасынын терезесинде идиште өсүп турган каз-катар гүлдөр бар эле. Бир күнү алардын арасынан кытай розасы бажырайып, кыпкызыл гүлүн ачты. “Кытай розасы гүлдөптүр! Ушул гүлдөсө, мен айыгам дегем. Карачы эми, гүлдөгөнүн!” деди ал.  

15-январь, 2017-жыл

Эртең мененки саат алтыда ойгонуп, дары алыш үчүн аптеканы карай жөнөдүм. Ак бубак басып, айлана тимеле сонун болуп туруптур. Онкологиялык оорукананын короосунда 3-4 аптека бар, алардын биринен болбосо, башкасынан издеген дарыны табууга болот. Шаардын башка аптекасынан таппаган дарыны бул жактан табасың. Адеметионин ж.б. бир топ дары жазды врач. Бир түрү  эле 2 миң сомго жакын экен. Мындан 2-3 жылдай бекен, Cаламаттык сактоо министрлигинин байкоочу кеңешинин мүчөсү Сүйүмкан Мукеева бир жолугушууда дары-дармек жагынан врачтар  аёосуз маркетингге барышарын, алардын фармацевтикалык компаниялардан алган бонустары айлык акысынан ашарын айткан эле.  Ал тургай жетекчилердин арасында “дары планын” койгондор да бар деген болчу.

Эл таң азандан ары-бери чуркап жүрөт. Палатада —дарт менен алпурушкандар. Операциядан бери беш күн өттү, тамак ичүүгө али уруксат берише элек. Жалаң эле капельница менен дары куюп жатышат, болгон азык ошол.

Мен палатада оорулууну карап жаткан киши катары өз милдетимди аткарышым керек. Белине байланган, операция кылгандан кийинки суюктук куюлуп турчу,  бутунан ылдый  салаңдаган эки баштыкты жатса чечип, керебетке байлап, турса бутуна байлайм,  сода менен тамак тушун ингаляция жасайм, шар үйлөтөм, денесин камфор спирти менен сүрөм,  аптекага чуркайм. Бул жакта укол сайганда сүрткөнгө спирт, кебез, шприц, система—ушул сыяктуу майда-барат нерселер эле бекер берилет, калганын өзүң сатып аласың. Кээде медсестралар “шприц, система түгөнүп калды, алып келгиче күтүш керек” десе, күтүп олтурбай, көп кылып сатып келе калам. Айтор, эки күндүн биринде— бутуң аптекада. Туугандарыбыз бири-биринен угуп-билип ооруканага келип жатышат. Алар колунан келгенин берип кетүүдө. Осмон кээде кыйналып турган учурда келгендерди жактырбай “Эмне,  мени эртең эле өлүп калат деп ойлоп жатышабы?” деп калат.

Беш күн тамак ичпеген кишини карап жаткан киши да тамак иче албайт экен. Ооруканага алып келген тамакты бул жакта иштегендерге таратып, кээде алар да албай калганда, таштандыга төгүүгө туура келет. “Азыраак алып келгиле” десең, ал сөздү тыңшаган эч ким  жок.  Ичкен-ичпегенине карабай тамакты ташый бергендин кереги не. Ысырап болуп жатпайбы. Бирок ооруп жаткан адамдын абалын укканда, ким болсо деле ошентип, тынч ала албай, ооруканага барып көрмөйүнчө жаныбыз тынбаган адатыбыз бар экенине дагы бир жолу ынандым.

16-январь, 2017-жыл 

Бүгүн Осмонго операциядан кийин тамак ичүүгө уруксат беришти. Суюк каша- ботко жасап келди жеңебиз. Биринчи чай кашык тамак барып, эми ар беш мүнөт сайын кичине чай кашык менен суюк азыкты берип жатам. “Тамактын таттуулугун карачы!” деп тамшанып ичип жатат кашыктап. Капельница куюлуп жатканына байланыштуу жаткан абалында оозуна куюп туруш керек. Сааттын жебеси жылбай, беш мүнөт аябай узарып кеткенсийт. Үч жүзгө чейин санасам, беш мүнөт убакыт тез эле өткөндөй болот. Бир күн кечке беш мүнөт сайын ушунтип кашыктап суюк каша берип турмай. Капельница куюлуп бүткөндөн кийин өзү ичип калды ар беш мүнөт сайын.

Айсулуудан котормо тапшырма алдым эле, улам бир абзацтан араң бүтүрүп жатам. Ноутбугумду ала келгем, медсестралар кирген сайын “ооруканадан да иштеген кандай оңбогон неме” дегендей, көзүнүн кыйыгы менен карап жатат. Жумуштан да бир ишти тезинен которуш керек болду. Согуш убагында деле кишилер кың дебей иштешкен да, ага караганда тынч, бир азыраак иштеп койсо эмне айып дейм ичимден.

Ноутбукту ачкандан кийин, интернетке кирип, маалыматтарга кызыгып, алаксып отуруп каласың го. Мен да бир топ интернетте кармалып калдым. Анан бир маалыматты окуп, аябай капа болдум. Алда катыгүн ай! Бишкекке жакын жерде, Дача СУ айылынан “Боинг” самолету кулап, 39 киши каза болуптур! Окуганымды жашыра албай, Осмонго айттым. Угуп алып ал ого бетер кыйналып калгандай болду.

Жаман кабардан улам жаным жай албай,  коридорго чыктым. Чымын-куюн болуп чуркаган медсестралар, өңү-башы купкуу, жай баскан оорулуулар жүрүптүр өз түйшүгү менен алек болуп. Палатага кирүүгө камынган оорулуулардын туугандары, жакын санаалаштары жүрөт. Пол жууган аял “бахила, бахила кийгиле” деп, “бахила бизнеси” менен алек.  Дайыма эле коридордон бир орус аялды көрөм. Йога менен машыгабы, улгайыңкы, купкуу болуп турганына карабай, турпаты келишимдүү, ар убак эле Талмутпу, Инжилби, айтор, ал китептерден үзүндүнү үн чыгарып айтып, кандайдыр көнүгүү жасап жүргөнүн көрөсүң.

Кечээ жакында эле ар кайсы жерде, ар кандай иштер менен жүргөн кишилерди ушул коридор бүгүн бир жайга—ооруканага бириктирип койгонун кара. Бул жактын өзүнүн ички мыйзамы бардай, ооруканада жаткандар акырын сүйлөп, акырын басат. Бири-бирин көз карашы менен, жылуу сөзү менен операцияга узатып, кайра ошондой эле көз караш менен тосуп алышат. Башка жерден, мисалы, “ажатканага бардыңбы?” деп сураса, өөн учурайт эмеспи, бул жакта балким эң эле жагымдуу суроо ушул болуш керек. Жок дегенде бир-эки кашыктан тамак ичип, анан ажатканага барып турса, демек, ичээр суусу бар дегендик окшойт.

Онкологиялык ооруканага психологдор керек экен. Башка салган дартты жеңип чыгууга даярдаса жакшы болмок. Оор операция болоор алдында же андан кийин психологдор оорулуулар менен сүйлөшүп, сыноого даярдаса, балким дартты жеңилдетүүгө же айыгып чыгууга даба болмок.  Бардык эле оорулуулар кабылган дарты тууралуу жакшы кабардар эмес.  Билими жоктор, интернеттен маалымат алууну билбегендер көп. Алардын ар бири менен жай олтуруп сүйлөшүүгө врачтардын убактысы чектелүү.

Бош боло калганбы, Роман аттуу жаш врач палатага кирип, кобурап олтурду. Онкологиядан ашказанынан операция болгон аттуу-баштуу кишилерди атын атабастан, жагдайын айтып берди. Белгилүү генерал, алып баруучу, дагы бир топ адамдар операция жасатып, бир топ жылдан бери аман-эсен иштеп жүрүптүр. Теледе алып баруучу Салтанат Саматова келип, мезгил-мезгили менен химиотерапиядан өтүп турат экен. Жакында эле келип, химиотерапия алып кеткенин көргөндөр айтышты. Салтанат ар иште активдүү болуп, өзүн-өзү көтөрүп, куландан соо кишидей эле жүрбөйбү. Аны карап, бир топ киши түздөнүп, жашоого умтулуп жатат десек болчудай.

17-январь, 2017-жыл.

Америкада жашап жаткан кызыбызга  атасынын ооруп калганын айта элек болчубуз. Анын үстүнө  жаңы эле көз жаргандыктан, аяп койгонбуз. Кызыбыз скайптан кайра-кайра сурап жатат дегенинен, акыры байланышууга, болгон ишти айтууга туура келди. Адегенде күйөө балабызга айттык, бирок операцияны кайсы ооруканадан жасаганын жашырып койдук. Атасын скайптан көрсөтүп, сүйлөштүргөндөн кийин, кызымдын санаасы тынчыды окшойт. Бирок “элдин баары укса да, бирок бизге айтпай койгонуңар кандай” деп бир сыйра жашып алды.

18-январь, 2017-жыл.  

Ооруканада иштегендер таң азандан ойгонушат экен. Түнү менен иштеген врач, медсестра кетип, күндүз иштегендери келет. Балбан сымал, толук аял саат таңкы бештен баштап эле полду жууп кирет. Уктап жатсаң, кроваттын алдын жууш үчүн, бир түрткөндө селт этип чочуп, ойгонуп кетесиң. Палатаны тимеле жышып жууйт. Ар бир буюмду жылдырып, алдын сүрүп, кайра ордуна коёт. Ар бир кесиптин өзүнүн ырахаты болот эмеспи, бул пол жуугандан ырахат алгандай, күнүгө эки маал шымаланып жууйт. Кээде ак көңүлү кармаганда ырдап кирет, үнү да жакшы. Бул аял качандыр ушул ооруканада жаткан оорулуу тууганын багып жүрүп, кийин пол жууп иштеп калыптыр. Мурда басмаканада эмгектенчү экен. Ал эми пол жуугандардын экинчиси —арыкчырай аял. Эптеп эле жууйт, буюмдарды ордунан такыр жылдырбайт. Кеч баштайт да, ары-бери бүтүрө салат. Кээде кызматкерлер тамак ичкен бөлмөдө уктап калганын көрөсүң.

19-январь, 2017-жыл

Бул жакта медсестранын кадыр-баркы врачтыкынан жогору экени байкалып турат. Оорулуулар медсестраларга сылык кайрылып, эмне айтса да, жасаса да, баарына көнөт экен. Онкологияда иштеген оор, бирдеме десе, жумуштан кетип калам деп коркутушат окшойт. Жаман көргөн оорулууга кечке келбей, ийнени кечигип сайышат, кээде муздак капельницаны куюп салып, оорулуу ажатканага кечке эле барып калат экен.  Капельница куярда “баланча, баланча” деп эле дежур медсестранын атын айтып, ар палатадан оорулууну багып жаткандардын кыйкырыгы байма-бай угулуп калат. Же капельницаны сайган боюнча, экинчисине алмаштырбай кетип калышат экен.

(Уландысы бар)

Айгүл Бакеева