23 июнь 2018
Бишкек убактысы: 19:41


Кытай розасы

(Сандан-санга) 2-бөлүм

Оорукана палатасынын терезесинде идиште өсүп турган каз-катар гүлдөр бар эле. Бир күнү алардын арасынан кытай розасы бажырайып, кыпкызыл гүлүн ачты. “Кытай розасы гүлдөптүр! Ушул гүлдөсө, мен айыгам дегем. Карачы эми, гүлдөгөнүн!” деди ал.  

Айгүл Бакеева    

11-январь, 2017-жыл.

Онкологиялык оорукананын айланасында бир туугандар ары-бери басып жүрөбүз. Профессордун “Дарт жаман жагына айланган “злокачественный” деп эч нерсе болбогондой эле ачык айтып койгону чочутуп турат. Дегеле ишенгим келбейт. Андай болушу мүмкүн эмес деп ойлойм. Айткандары операциядан кийин “жаңылыш болуп калса экен” дейм.  Туугандардын арасынан кесиби врач болгондоруна гана айттым, башкалары болсо билбейт.

Осмонду операцияга алып кирип кетишти. Ушул күндүн узактыгы ай! Сааттын жебеси бүгүн караманча жылбай калгандай. Эми араң түш ооду. Операция 8 саатка созулат деп болжошкон. Профессор Алексей Максимович Лимаревдин командасы жасап жатат. Бир туугандар кыштын күнү үшүгөнүн деле билбей жүрүшөт. “Жылуу үйүңөргө ысык чайдан ичип күтүп олтура бербейсиңерби, бүткөндөн кийин чакырабыз” деп айтканыбызга көнбөйт. Кирип-чыгып, ушул жакта жүрүшөт. Адатта операция жасалып жаткан кишинин туугандары ушинтип топтошуп алып күтүп тура берет го. Экинчи жагынан, бул колдоо экен. Эгер өзүбүз эле турганыбызда, кандай болмок, билбейм, убакыт андан бетер өтпөй калмак болушу керек. Кызым жумушуна кетип, тынчсызданып кайра-кайра телефон чалып жатат.

Кеч болуп баратканда бир туугандар тамактанууга чакыра башташты. Жай олтуруп, тамак ичмек кайда! Ошентсе да кечке айта беришкенинен, анан сууктан улам жана алардын көңүлүн кыйбай, тамак ичкени бардым. Бирок тамак-аштын даамы деле сезилген жок, ичкенимди же ичпегенимди деле байкабай чыктым. Операция жасалып жаткан корпустун жанынан кетсем эле, менсиз бир нерсе болуп кете тургандай сезилип жатат. Кандайдыр, сезими жок, роботтой сезип кеттим өзүмдү.

Осмон башка палатага көчмөк болчу. Операциядан чыкканча көчүп алгыла дегенинен, палатага кирип, кийим-кечесин иреттеп, көчүргөнү жатам. Бул жактагы тунжураган жымжырттыкта андан бетер жаман турбайбы!

Операцияга алып кирип кетишкенинен бери бир, эки, үч, төрт, беш саат өтүптүр, ташбакадай кыбыраган темп менен. Алты саат дегенде башка палатага көчүп бүтүп, жалгыз эле олтургам. Мында корей улутундагы белгилүү бизнесмен жатып чыгып кеткен экен. Жанындагы дагы бир палатага киргиле деген, Осмон ал жакка барбай, ушул жакты тандаптыр. Мурунку палатада Мирбек Атабековдун кайнатасы жаткан, аны чыгарып кетишиптир, Түркиядан дарыланганы барат деп уктум.  Бизнесменди операция жасап,  ашказанын алып коюптур. Медицина өнүккөн заманда адам тамакты кичинеден, анан тез-тез жеп, ашказаны жок деле жашай берет турбайбы.

Палатанын  терезесинде идиште өскөн гүлдөр турганы көзүмө дароо урунду.  Эмне жумуш жасап жатканым деле белгисиз, улам бир нерсени кармалап турдум эле, коридордо Роман аттуу врачтын кыйкырып жүргөнү угулуп калды:

—Карасаңар ай! Бири да жок, же туугандары жок!  Баары кетип калышыптыр!

Коридорго атып эле чыктым.

—Эмне, жасап бүттүңөрбү? Кандай болду? — дедим апкаарып.

—Туугандарыңарды чакыргыла!  Баарыңарга чогуу айтам, бирөөңөргө айтпайм! –деди да, ал  врачтардын бөлмөсүнө кирип кетти.

Врачтардын мени таппай калганынын себеби, ал көргөндө башка палатада жатчубуз да, азыр канчанчыда экенибизди билбей издеп калыптыр.

Артынан аны сабачудай болуп врачтардын бөлмөсүнө кирип бардым:

—Мага айтыңыз! Операция кандай болду? -деп дагы кайталадым. Врачты алка-жакадан деле алмак окшоймун, дагы эле ошенте берсе.

Ал хирург  таң калып карап калды.

Бурчта профессор Лимарев олтуруптур. Аябай чарчап, сүйлөгөнгө алы келбей калгандай.

—Биз күткөндөн дурус! — деди ал. –Алты саат тикебизден тик туруп, аябай чарчадык. Оор болду. Анын үстүнө ашказанынын түзүлүшү элдикинен башкача экен… Медицинанын тили менен баштан аяк түшүндүрүп берди. Эми жашайт кудай буюрса… — деди.

Айткандарынын бирин түшүнсөм, экинчисин түшүнгөн жокмун. Дагы көп суроо берейин дедим эле, кирпигинен тартса жыгылчудай болуп турган кебетесин көрүп, башка унчуккан жокмун. Жүрөгүм лакылдап чыкты. Буга да кудайга шүгүр,- дедим ичимден.

Эшикке чыксам, кайра чогулуп калган бир туугандарыбыз менден кабар күтүп, жабалактап суроо жаадырып киришти.

—Кудайга шүгүр! Жакшы! — дедим, аларды кабатыр кылбай.

—Реанимациядан Осмон “көзүн ачты, ойгонду” дегенден кийин, үйлөрүбүзгө тарадык.

12-январь, 2017-жыл.

Реанимацияга дары-дармек жеткирип бердик. Чабалактап кыйналып жатат болуш керек. Ал жакка бизди киргизбейт эмеспи.

13-январь, 2017-жыл 

Бүгүн эртең менен реанимациядан палатага чыгат деди Осмонду. Кийим-кечесин алып, Владимир аттуу врач кирип кетти. Кайнагам, анын уулу, Эрлан болуп, үч-төртөөбүз келдик бул жакка. Балким көтөрүп кириш керек палатага деп айтышкан. Бир убакта реанимация жакка азыр барам деп жатып, мен палатадан чыккыча, халат кийип алып, Осмон өзү 3-кабаттан 2-кабатка түшүп келе жатат! Оозумду ачып калыптырмын. Жакын барайын десем, Роман кыйкырып калды:

—Жакындаганга болбойт! — деп.

Палатага чейин баарыбыз басып келдик.

Палатага караган врач болуп кирдик. Ал мага инструкция берип кирди:

—Күнүнө эки жолу сода менен ингаляция жасайсыз, камфор спирти менен эки жолу сүртөсүз.

Ошентип, биздин турмушубуз 2017-жылга чейин жана андан кийин деген эки бөлүккө бөлүндү.

Өзү басып келгенде эч жери оорубаган сыяктуу сезилгени менен, эми жалаң ооруганды басандата турган дары сайдырып калды. Ашказан тушунда эки түтүктөн ичтеги бөлүнүп чыккан суюктук, экинчи жагынан кан агып турат. Ал трубканын баштыгынын жибин  жаткан сайын кроватка байлап, турарда кайра чечип жаттым. Бир маалда баштыгы барсайып толуп чыгат.

14-январь, 2017-жыл.        

Түндө жакшы уктай албай чыкты. Ооруганын басуучу укол сайдырып жатты. Кундуз аттуу медсестра укол, капельница  сайды, аябай кыбыр экен. Капельницага куюлган суюктуктар менен эле тамактанып жатат.  Башка тамак иче элек.

15-январь, 2017-жыл 

Түндө күзөттө турган Анара аттуу медсестра бырылдап, грипп болуп жатыптыр. Мындайда жумушка чыкпай эле, үйүндө жатпайбы деп ойлодум.

—Маска тагынып албайсызбы? — деп айтсам:

—Меники азыр жукпайт,  тарап кетип баратат, — дейт.

Бирок бырылдап эле турат. Башка жерде болсо да мейли, операциядан кийинки оорулуулар арасына да маскасыз киреби? Ага маска бердим.

Бирок кийинки  жолу укол сайганы келгенде маскасы жок эле кирди.

—Тагынам деп унутум калыптырмын, — деди медсестра.

(Уландысы кийинки санда)