15 август 2018
Бишкек убактысы: 04:57


Кырсыктан кийин айдоочу унаа ичине кыпчылып калган

Бүгүн, 23-апрелде,  саат 04:21 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Восток айылындагы Калинин көчөсүндө “БМВ” үлгүсүндөгү мамлекеттик №В 14-58 АL жеңил унаанын  айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн.

Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин №1 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары унаа ичинде кыпчылып калган  айдоочуну чыгарып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.