14 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 08:38


Конкурска катышып, 100 миң сом утуп ал!

Бишкек шаарынын мэриясы жаңы жылдык мыкты жасалгага конкурс жарыялады.

Жаңы жыл алдында борбордогу өз районуңду, турак жай конушуңду, жашаган жана иштеген жерлериңдин айлана-тегерегин талаптагыдай жасалгалашың керек.

Конкурс 1-декабрдан башталат. Райондук акимчилик конкурска катышуу боюнча арызды 31-декабрга чейин кабыл алат.

Конкурста 7 түр номинация бар. Ал эми биринчи орунга 100 мин сом сыйлык ыйгарылат.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.