22 январь 2019
Бишкек убактысы: 22:19


Өкмөт: Авариядан жабыркаган кызга 100 миң сом

Премьер-министр Сапар Исаков авариядан үй-бүлөсү жабыркаган Жыргалбек Чотоновго резервдик фонддон 100 миң сом бөлүп бергендигин Өкмөттүн басма сөз кызматы 26-февралда билдирди.

Жыргалбек Чотонов жол кырсыгынан жубайынан ажырап, ал эми анын 2 жашар кызы жабыркап, ооруканадан операция жасалып, кызынын бир бутунун ылдый жагынан кесип койгон.

Автокырсык 9-февралда  Бишкектин Витебский жана Элебесов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.