22 май 2018
Бишкек убактысы: 04:43


“Каухар” борборунан өрт чыкты

Орто-Сай базарынын жанындагы “Каухар” бизнес борборунан бүгүн, 8-майда өрт чыгып, өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, бизнес-борбордон чыккан өрт тууралуу кабар саат 11: 30 да түшүп, ал бир саатка жакын убакытта өчүрүлгөн. Имараттын бешинчи кабаты өрттөнүп жаткан.
Өрттүн чыгуу себептери, келтирилген чыгымдары эсептелип жатат.
Акыркы мезгилде Бишкек шаарында өрт кырсыгы күч алды. 7-майда Чүйдүн Аламүдүн районунун Мрамор айылындагы Эркин эономикалык аймактан болжол менен түнкү саат 2:30да өрт чыккан.

Айта кетсек, ушул жылы эле январь, март, апрель айларында Ош базарында үч ирет өрт чыккканы маалым. Тактап айтсак, 30-январда, 5-мартта, 13-апрелде Ош базар соода-рыноктук комплексинин аймагында өрт чыккан. Ал эми 13-апрелде Жалал-Абаддын борбордук базарында чыккан өрттөн улам ишкер жарандар жабыркап, мамлекетке жалпысынан жүздөгөн миллиондогон сом зыян келген.