21 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 21:39


Каркыра чек ара бекети жабылды

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Каркыра» көзөмөл-өткөрүү бекети убактылуу ишин токтотконун Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. Бекет 2019-жылдын 1-майынан тарта кайра ачылат.

Ысык-Көлдүн Түп районунда жайгашкан «Каркыра» чек ара бекети тоолуу аймакта жайгашкандыктан негизинен аба ырайы жылуу учурда — май айынан ноябрь айына чейин ачык болот.

Кыргызстан менен Казакстандын чегинде жалпысынан 12 көзөмөл өткөрүү пункту жайгашкан, бирок анын сегизи гана иштейт.