15 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 04:46


Каналга  агып кеткен беш жашар кыздын сөөгү табылды

Бүгүн, 28-июнда, саат 09:00дө канал суусуна агып кеткен кыздын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

27-июнда  Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын  Орозбеков көчөсүндөгү үйгө, атасы менен тойго келген 2013-жылы туулган А. Н. аттуу кыз  Достук каналынын жээгинде ойноп жатып, сууга чөгүп кеткен деген маалымат “112” кызматына түшкөн.

Куткаруучулар 27-июнда саат 21:00гө чейин издешкен, бирок натыйжа  болгон эмес.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.