23 июнь 2018
Бишкек убактысы: 04:28


Илимдер академиясындагы орточо айлык 7 миң 600 сом. Анан жаштар илимге келеби?


Бүгүн, 5-июнда, КР Улуттук Илимдер Академиясында “Заманбап илим: көйгөйлөрү жана келечеги” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Илимий-практикалык конференцияга өлкөнүн илимий мекемелеринин өкүлдөрү, көрүнүктүү окумуштуулар, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын жетекчилери, коомдук ишмерлер катышып, илим тармагынын азыркы абалы менен келечегин талкуулашты.
Азыркы учурда илим тармагында изилдөөлөрдүн каржыланбай калышы, анын себебинен илимий изилдөөлөрдүн кескин кыскарышы, илимге жаш кадрлардын азыраак тартылышы, илимдин прикладдык секторунун деградацияланышы, жогорку окуу жайлардын илимий активдүүлүгүнүн төмөңдөшү ж.б. негизги көйгөйлөрдөн болуп саналат.
Бул маселелер боюнча Илимдер Академиясынын президенти, академик С. Жуматаев, Билим берүү жана илим министринин орун басары, профессор А. Муратов, профессорлор Б. Тыналиева, Т. Бобушев, Р. Оморов, УИА корреспондент-мүчөсү Р. Нургазиев ж.б. баяндама жасашып, илим тармагын реформалоодогу ой-пикирлерин, сунуштарын ортого салышты,
Конференциянын жүрүшүңдө жалпыга маалымдоо каражаттарынан өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип, Улуттук Илимдер Академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев Кыргызстанда илим тармагынын жеткиликтүү каржыланбай калышы тууралуу белгилеп өттү. Алсак, Улуттук Илимдер Акалемиясында орточо айлык 7 миң 601 сом экенин билдирди. Ал эми ар кандай наам, кошумчалар менен УИАнын институт директорунун айлыгы 9 миң 300 сомду түзөт. УИАда бардыгы болуп 1903 адам эмгектенет. Анын ичинде пол жуугучтан тартып академиктерге чейин бар. Реформалоо жылдарынын жүрүшүндө кызматкерлердин саны эки эсеге чейиг кыскарган.
УИА президенти ошондой эле республикалык бюджеттен илимге бөлүнгөн каражаттын жалпы суммасы 330 млн сомду түзөрүн, бирок бул башка чет мамлекеттерге салыштырмалуу бир лабораториянын же долбоордун баасына барабар экенин белгиледи. Ошондой эле окумуштуулардын гранттык негизде тартып келген каражаттары бюджеттик каражаттардын эсебине кирип кетээрин, мындай системаны кайра карап чыгуу керек экенин кошумчалады.
Ал эми академик Алтай Бөрүбаев конференцияда жарыш сөзгө чыгып, өлкөдө илимди каржылоо жагы, мисалы Тажикстандагыдан 10 эсе аз экенин айтты.