17 октябрь 2018
Бишкек убактысы: 01:06


Эркин экономикалык аймактан өрт чыкты

Чүйдүн Аламүдүн районунун Мрамор айылында болжол менен түнкү саат 2:30да өрт чыккандыгы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Эркин экономикалык аймактагы атайын жайды өрт каптаган.  Дагы кошумча күч келип, эртең мененки саат 6:30 да өрт өчүрүлгөн.

Алдын-ала маалыматтарга караганда үч атайын жай (ангар) , 8 миң чарчы метр жер күйгөнү кабарланууда. Болжолдуу маалыматтарга караганда ондогон миллион доллар чыгым болду. Өрттүн кесепетинен келтирилген чыгым иликтенип жатат.