Дайынсыз жоголгон жигитти издөө иштери убактылуу токтотулду

  • 2 месяца мурун

20-январдан баштап Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө иштери убактылуу токтотулду.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Издөө иштери 28-январда улантылат.  

14-январдан бери Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында (“Теплые ключи”) 1996-жылы туулган М.М. уулу дайынсыз жоголгон жигит изделип жаткан.  

Маалым болгондой аны издөөгө соңку жолу жалпы 358 адам чыккан. Анын 187си ӨКМдин куткаруучулары.  Курамында 5 кинолог бар. Ошондой эле куткаруучулар жетүүгө кыйын болгон жерлерди бийиктиктен көрүү үчүн 18 дрон менен  штаб түзүлүп, иш алып барылды.

14- январь күнү 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мухамедаалы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Ал акыркы жолу 14-январды караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында «Жаннат Резорт» мейманканасындагы камералардын бирине тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты