17 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 18:57


Дүкөндөгү өрт таңкы саат 5 те өчүрүлдү

Бүгүн, 6-ноябрда, таңкы саат 05:10 до Бишкек шаарынын Свердлов районундагы  Элебесов көчөсүнүн “Дениз Текстиль”  дүкөнүнөн чыккан өрт толук өчүрүлгөнүн Өзгөчо кырдаалдар министрлиги билдирди.

Айта кетсек, 5-ноябрь түнү “Дениз” Текстиль” дүкөнүнөн өрт чыккан. Саат 22.12 де ыкчам топ, андан кийин Бишкек шаардык кызматынан, суу чарба башкармалыгынан, Чыгыш РЭСтен жардам келип, өрт толугу менен таң атканда  өчүрүлгөн.

Өрттүн чыгуу себеби иликтенүүдө.

Сүрөт: Өзгөчө кырдаал министрлигинин басма сөз кызматы.