17 декабрь 2017
Бишкек убактысы: 04:13


Дүйшеева Сыягүл: «Адам баласы жарыкта караңгыны, токчулукта жокчулукту ойлобойт экен»

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, тоголок жана жарым тоголок  үй-бүлөнүн балдарын өз баласынан кем кылбай багып келген Дүйшеева Сыягүл эже ушул убакка чейин «Өмүр тамчысы» реабилитациялык борборду жетектеп келген. Сыягүл эже жөнөкөй эле адам, Кеминдин кызы, эки уул, бир кыздын апасы, сүйүктүү жар. Жолдошу Таалай жеке ишкер, ашып кеткен деле байлыгы жок. Бирок булар өз үйүнөн борбор ачышып, канчалаган майып балдарды үйүнө батырып, апаларына жардам көрсөтүп келишет. Ал эмгегин Сыягүл эже эч кимге милдет кылбайт, муну кылып атам деп мамлекеттен жардам да сураган эмес. Азыр кээ бир ата-эне башка бирөөнүн баласы турсун, өз баласын тыңгылыктуу карай албай аткан мезгилде бул эженин буга чейинки кылган эмгеги чынында эле сөзгө аларлык.

Борбор тууралуу

—Мен катуу ооруп калдым. Ооруканасында жатып дарыландым, ал жактан көптөгөн окуяларга туш болдум. Оорум менен алышып жүрүп көптөгөн апалар менен таанышып, канчалаган мүмкүнчүлүгү чектелген балдар мамлекет тарабынан кароого алынбай, апалары кыйналып жүргөнүн көрүп, колумдан келген жардамымды берейин деп үйүмө алып келип багып жүрдүм. Биринчи бир-экөө эле болсо, кийин ата-энелер бири-биринен угушуп, балдарын таштап кете башташты. Мен баккан балдардын көбүнүн аталары жок. Алар баласы төрөлгөндө эле баласынын майып экенин көрүп таштап кетип калышкан, аялын күнөөлөп. Эки эле балабыздын атасы каза болуп калган, калгандарынын баарынын аталары таштап кеткен. Бул балада эмне күнөө, Кудай ошондой кылып жаратып койду, маңдайына жазыптыр, алар эми жашаганга укуктуу да, ата-эне мээриминен өксүк болбош керек. Мен ушул майып балдардын апаларынын, туугандарынын мага берген батасы тийсин, менин да аларга кичине болсо да жардамым болсун, баталары кабыл болуп айыгып кетейин деген максатта ачкам.

«Жылдап жашаган балдар бар болчу»

—Апалар балдарын дем алыш күндөрү кээде алып кетип турушчу. Калган убакта биздин кароодо болуп, баарыбыз бир үй-бүлө болуп жашачубуз. Бир балабыз апасы менен чогуу төрт жыл жашады. Ал келинди күйөөсү таштап кеткен колундагы баласы менен. Жашаганга жери жоктугуна байланыштуу биз менен бирге жашады. Балдарга массаж жасап, мага жардам берип чогуу карачубуз.

«Ден соолугума пайдасы тийди»

—Мен балдарды бакканы оорумду унутуп алаксып, ден соолугум чыңдалып, толуп, өңүмө келип калгам. Алар менен күлсө күлүп, ыйласа кайгырып, бардык түйшүктү өзүм тарттым. Кызыктуу көптөгөн окуялар болду. Кичинекей эки жаштагы баланы да бактым. Ал бала буту жок төрөлгөн, бирок абдан акылдуу, зээндүү, бардыгын түшүнөт. Азыр беш жашка чыкты. Ал баланы кичинекей кезинен бакканымабы абдан куса болом, апасы күн алыс видеосун жөнөтүп турат. Кичинекей кезинен башка төшөккө жалгыз жаткырбай, жолдошум экөөбүз койнубузга алып жатчубуз балабыздай кылып. Жолдошум жумушка кетерде такай узатып чыкчу «дада» деп, келерин уктабай күтчү. Мээси абдан жакшы өөрчүгөн. Дагы бир бала Жумгалдан келди. Туугандары алып келип ташташкан. Ал бала такыр кыймылдабай келген. Мышыкты аябай жакшы көрчү. Колуна камчы карматып койсом, мышык менен ойноп бир айдан кийин кыймылдап, далысы менен жөргөлөп калды. Бардыгы мени талашып ыйлашчу, үнүмдөн таанышып, кетип калсам кадимкидей издешчү. Азыр ал балдарымдын улуулары 15ке чыкса, кичүүлөрү бешке чыкты, буюрса апалары менен үйлөрүндө.

«Кайрымдуулук десе эле конфет, печенье көтөрүп келе беришет»

—Бизге досторум, апаларыбыздын тааныштары биринен бири угуп эле келе беришет майда-чүйдө көтөрүнүп алышып. Кээ бирлери сураганда, памперс эле алып келип бергиле деп айтабыз. Бир жолу Айыл өкмөтү угуп толтура конфет, печенье көтөрүп келиптир, эми көбүн айтпа, мен аларга ушуга караганда бир мүшөк ун алып келип берсеңер болмок дедим. Анткени балдарга быштак, витаминдүү тамактар керек. Конфет, печеньеге ким тоет? Улам чоңойгон сайын памперс көбүрөөк кетет. Сурап калган адамга эле памперс, дары-дармегин алып бер деп калчубуз. Досторум бат-бат келип, жардам берип турушту, кийим-кечесин алып берип атышты. Ирина Карамушкина, Дастан Бекешов сыяктуу депутаттар келип жардам беришти. Үйдү ылайыктап ремонттоп берди, балдарга жата турган дивандарды алып беришти. Тамак-ашын бүт өзүм жасачумун, кадимкидей күз келгенде компот, кышкыбызга кыямдын түрүн жасачубуз. Ар бир балага мүнөздөп тамак жасайм, бирөө эт жебесе, бирөөсү жашылчадан тамакка, бирөөсїнїн томат менен жасалган тамакка аллергиясы бар. Ар ишемби сайын мончо жакчубуз, өз балдарымдай эле багып, бир үй-бүлө болуп калганбыз. Майрамдарды калтырбай кызыктуу өткөрчүбүз, өзүм кесибим боюнча педагог болгондуктан, түшүнбөйт деп таштап койбой ар тараптуу өнүктүргөн оюндарды ойночубуз.

«Макоо аталар толтура»

—Мамлекет болгону балдарга 3000 сом гана төлөп берет. Бул эмнеге жетет? Памперси бир айга андан көп чыгат. Эми беш кол тең эмес да, кээ биринин үй-жайы бар, күйөөсү бар, туугандары жардам берет, мындай апаларга жеңил болот. Ал эми туугандары карабай койгон, күйөөлөрү баласы менен таштап кеткен жалгыз бой энелер канча? Мен көптөгөн апаларды жолуктурдум, арыз-муңун уктум, жардам бердим. Күйөөсү майып бала төрөлүп калганына аялын күнөөлөп, баласынан баш тартып кетип калган. Энеде эмне күнөө? Бала майып болуп төрөлүп калганына эненин эч кандай күнөөсү жок. Эне эч качан балам ушундай болуп калсын деп тилебейт, аталар ушуну билип койсо. Түшүнбөгөн, макоо аталар толтура, чынында таң калдым, зээним кейип жүрдү. Канынан чыккан баласын, тагдыры ошол экен, кабыл алып багышсын да. Мамлекет башкасын койдум, ушул оорулуу балдардын пособиесин көтөрүп койсо, энелерине жакшы эле жардам болмок. Азыр канчалаган їйлөр салынып атат, ошолордун жетекчилери окуп калса, айтаарым, ошол їйлөрдөн бирден комната болсо да көп жылга ипотека кылып беришсе деле чоy жардам болмок. Өзїм кепил болуп бермекмин.

«Оорулуу бала деп таштап кое албайсың, ар бир бала мээримге муктаж»

—Бир жолу ооруканага түшүп калдым. Жатаар маалда жолдошум чалып калды, биз менен чогу жаткан эки жаштагы балабыз уктабайтат. Сагынып, куса болуп атат, үнүңдү угузуп койчу деп телефонду такаса, мен эркелетип айтканымды аябай тыңшап укту. Ошол маалда жанымда чогу жаткан бир эже кызыңарбы деп сурап калды, жок, ушундай бакма балдарым бар үйдө деп айтып койсом, «Ал балдардан бир нерсе түшөт сага, ошондуктан багып атасың да» деп оозумду ачырган. Элестетсеңер, ушунча жыл иштеп мындай сөз угам деп ойлобоптурмун. «Ооба дедим, мен аларды багып ден соолугумду чыңдадым, 38 килограмм болуп, убагында төшөккө жатып калгам. Ушулардын ата-энесинин, жалгыз бой энелердин батасы тийип басып кеттим, толуп өңүмө келдим, эң башкы тапканым ошол болду» дедим. Чын дилиң менен эч кимден эч нерсе үмүттөнбөй, түнкү уйкуңан калып карап атсаң, мындай сєз катуу тиет экен. Кээ бирөөлөр өзү оорулуу болуп туруп мынча баланы багып эмне кылат деп ойлошот. Ушунча баладан мынча акча табат экен деп айткандар да болду. Түркүн адам болот турбайбы көрсө. Негизи адам баласы жарыкта караңгыны, токчулукта жокчулукту ойлобойт экенбиз. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды майрам күндөрү эле эстеп койбостон, күн сайын жардам берип турсак »адам» деген сапаттардын бирин сактаган болор элек. Бул балдар ата-эне мээримине зар, бардык жагынан колдоого муктаж.

«Азыр балдарым апаларынын колунда»

—Азыр балдарымды апаларына тапшырдым, бир айдан өтүп калды. Оору менен алышып аткан убагым. Жакында эле операция болуп, азыр, кудайга шүгүр, жакшы болуп калдым. Онкологиядан башка врачтардын баары баш тартканда, Бактыгүл Бекбоевна деген врач операция жасап берди, абдан тажрыйбалуу врач, адам менен мамиле түзгөндү билет, маанайы менен кишини дарылап коет экен, эжеге ушунчалык ыраазымын. Кичине көбүрөөк басып-турсам эле шайым кетип калат, ошондуктан балдарымды бергенге туура келди. Өзүм кыйналып атсам, апалары мага ишенип таштагандан кийин  балдарды караш керек. Бардык ата-эне кетип жатканда ыраазычылыктарын билдиришип, алкышын айтышты. Азыр да ден соолугумду сурап, келип-кетип турушат. Апаларга айтат элем, тагдыр ошол экен, көңүлүбүздү эч качан чөктүрбөй, алдыга умтулуп илгери үмүт менен жашайлы. Балдарыбызды кадимки балдардай кабыл алып, ойноп-күлүп, маанайыбызды эч качан  чөктүрбөшүбүз керек.

Эльвира Какиева