17 январь 2018
Бишкек убактысы: 21:10


Чылым чеккен жаш кыздар көбөйүүдө

Кыргызстанда соңку мезгилде чылым чегүү аялдардын жана кыздардын арасында өсүп жатканын адистер тынчсыздануу менен белгилеп келишет. Алардын айтымында, акыркы 5 жылда аялдар арасында чылым чегүү 0,5 пайыздан 4 пайызга көбөйгөн. 2008-жылы эркектер арасында чылым чегүү 45 пайызды түзсө, кыздар арасында 2 пайызды түзүп турган. Сегиз жылдан кийин тамеки чеккен эркектердин саны ошол бойдон калса, кыздар арасында 3 эсеге көбөйгөн. Кыз-келиндердин арасында чылым чегүүнүн өсүшүнө  эмне себеп болууда?

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 18 жашка толгон жарандардын 30 пайызы тамеки чегет. Эркектердин 48 пайызы, аялдардын 20 пайызы чылымга көз каранды. Учурда тамеки тартуу эркектерге караганда аялдар жана кыздар арасында тез өсүп жатканына адистер коңгуроо кагып келишет.

Бул залалдуу затты колдонгон аялдардын 20 пайызы рак оорусунан жабыркап, каза табарын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы башчысы Салия Карымбаева билдирди.

Маанайы түшүп, ачуусу келип турганда  чылым чегерин  айткан 20 жаштагы Асема (аты өзгөртүлдү) Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде билим алат. Ал 5 жылдан бери бул залалдуу адаттан кутула албай келет.

“15 жашымдан бери тамеки чегем. Азыр чеккениме 5 жылдын жүзү болду. Үйдөгү ата-энем, бир туугандарым билбейт. Чылымды жашырынып чегем, айрым досторум гана  чылым  чегээримди билбесе, көпчүлүгү билишпейт. Мектепте окуп жатканда тамеки тарта баштагам. Жанымдагы курбу кызым тамеки чегип көрбөйлүбү деп сунуштаган. Мен макул болуп, ошол күнү тамекини оозума алган элем. Биринчи жолу чеккенимде жүрөгүмдү айлантып, кускумду келтирген. Бирок эртеси күнү да чегип көрүүнү чечтим. Ошентип отуруп көнүп кеттим. Көп жолу таштайын деп аракет кылдым. Араң бир жума гана чыдап, анан эрким жетпей кайрадан чегип алам. Азыркы учурда мен сыяктуу тамеки чеккен кыздар көбөйгөнүн байкап жүрөм. Буга өзүңдүн чөйрөң таасир этет деп ойлойм”, дейт Асема.

Учурда жаш кыздардын арасында залалдуу заттын торуна түшкөндөрдүн саны арбууда. 6 жылдан бери тамекиге көз каранды болгон 27 жаштагы Шейма акыркы үч айдан бери тамеки таштоого аракет жасап келет.

Тамекини ачуум келип, стресс болгондо чегем.  Жумушумдагы ар кандай келишпестиктерден улам маанайым түшүп, жиним келе берчү. Ошол убакта тамеки тартсам, кадимкидей жеңилдеп калчумун. Акыркы 3 айдан бери бул кесепеттен  кутулайын деп жатам. Бирок кээ бир күндөрү 10-15 даана тамеки чегип койгон убактарым болот. Азыркы убакта тамекинин пайдасы жок экенин билип отурам. Жашообузда көйгөй болсо, башка жол менен жеңген оң экен”, — деди Бишкек тургуну.

Кыргызстанда соңку жылдары 25 жаштан 50 жашка чейинки эркектер арасында чылым чегүү азайганы менен, ушул эле жаштагы аялдардын арасында тамеки тарткандар көбөйгөнүн адистер айтып келишет. Кардиология жана терапия улуттук борборунун профессору Нурлан Бримкуловдун пикиринде,  кийинки убакта эркектерге караганда кыз-келиндер чылым чегүүгө эки-үч эсе көп азгырылууда.

Улуттун генефондунун келечеги кыздарыбыздын саламаттыгынан көбүрөөк көз каранды. Айрыкча жаш кыздардын арасында тамеки тарткандардын көбөйгөнү чоң көйгөй. Андыктан кыздар жана аялдар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү зарыл”, —  деп билдирет профессор “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген маалыматына караганда, Кыргызстан дүйнө жүзүндө өпкө оорусунан  каза болгондордун саны боюнча алдыңкы орунда турат. Буга себеп — чылым чегүү жана абанын булгануусу. Анткен менен врачтардын айтымында, тамекинин залалы ден соолукка булганыч экологиядан да көбүрөөк  таасир этет.

Кардиология жана терапия улуттук борборунун пульмонология бөлүмүнүн башчысы профессор Талантбек Сооронбаевдин айтымында, кыргызстандыктардын саламаттыгынын бузулуусу тамеки чегүү менен да байланыштуу.

Чылым чегүүнүн айынан адамдар аз жашап, эрте көз жумуп жатышат. Себеби тамеки өпкө рагына, тукумсуздукка, инфаркт, инсультка себеп болот. Ошондой эле аялдардын тамеки тартуусу балдардын оорукчан, алсыз болуп төрөлүүсүнө алып келүүдө. Мурун чылым чегүүнүн айынан өпкө оорусуна чалдыгып кайрылган аялдар чанда кездешчү. Бүгүнкү күндө бул   адатка айлана баштады”, — дейт профессор Талантбек Сооронбаев.

Соңку мезгилде чылым чегүү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан “дарт” катары каралууда. Ошол себептүү Сооронбаев тамеки чегүү менен олуттуу түрдө күрөшүү зарыл экендигин баса белгилейт. Ал 30 секунда ичинде тамеки тарткандарды 30 пайызга азайтуу ыкмасын колдонуу керек дейт. Чылымга берилген адамдарга врачтар, атайын даярдалган адистер 30 секунда ичинде жакшы кенеш берсе, 5 жылдын ичинде тамеки чеккендерди 30 пайызга кыскартса болоруна ишенет.

Мындан тышкары дарыгер тамекиге азгырылган кыз-келиндердин саны өсүп жатканын кошумчалады. 2008-жылы эркектер арасында чылым чегүү 45 пайызды түзсө, кыздар арасында 2 пайызды түзүп турган. Сегиз жылдан кийин тамеки чеккен эркектердин саны ошол бойдон калса, кыздар арасында 3 эсеге көбөйгөн.

Чылым чегүү менен байланышкан  өлүмгө алып келүүчү үч маанилүү себеп бар. Алар – жүрөк- кан-тамыр, респиратордук жана рак оорусу. 35тен 69 жашка чейинки аялдардын төрт пайызы тамекиден улам каза болот деп маалымдады КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин тамекиге каршы күрөш боюнча улуттук комитеттин координатору Чынара Бекбасарова.

Бекбасарованын айтымында, бүгүнкү күндө айрыкча 16-19 жаштагы студент кыздар арасында чылым чегүү тездик менен өсүүдө. Бул аялдардын эркектер менен теңтайлашып иштегенине да байланыштуу болушу мүмкүн.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсү боюнча, дүйнө жүзүндө бир млрддан ашык адам чылым чегет. Алардын төрттөн үч бөлүгү Азия өлкөлөрүнө туура келет. Орусияда да акыркы жылдары аялдар жана кыздар арасында чылым чегүү 56 пайызга көтөрүлсө, эркектердики 11 пайызга кыскарган. Кытайда да жогорку билимдүү жаш аялдардын чылымга берилип бараткан агымы байкалууда. Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында аялдар тамеки сатып алыш үчүн чылымга көз каранды экендиги тууралуу медициналык маалым кат көрсөтүшү керек. Өлкөнүн башка аймактарында жана борбор калаада аялдарга тамеки сатууга толугу менен тыюу салынган. Муну менен Түркмөнстан дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча дүйнөдө эң аз чылым чеккен өлкө катары саналат.

                                                                      Айдана Төлөнова