14 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 09:25


Чөнтөк телефон жарылып, окуучу жабыркады

Иллюстрациялык сүрөт

Ысык-Көлдө окуучу  бала чөнтөк телефондун жарылганынан жабыркады. Бул тууралуу  КР Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ысык-Көлдө мектеп окуучусунун чөнтөк телефону жарылышынан жабыркаган.  Окуучу бала 24-ноябрда саат 23.45 те Тоң райондук ооруканасына түшкөн.   Чөнтөк телефондун жарылышынан дене-боюнун 30 пайызы  күйүп калган.

Жабыркаган баланын көкүрөк тушу, ичи, жамбашы 1-2 даражадагы химиялык жана ысыктан чыккан күйүккө кабылган деген диагноз коюлганын  Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ооруканада жаткан окуучунун абалы туруктуу оор экени айтылды.