23 июнь 2018
Бишкек убактысы: 04:35


Чүйдө поезд сүзгөн автоунаанын айдоочусу каза болду

Москва районундагы Беловодское айылында эл ташыган поезд ГАЗ-53 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны сүздү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, кырсыктан жүк ташуучу унаанын айдоочусу алган жаратынан улам ооруканага жетпей каза болду. Учурда кырсыктан чоо-жайы иликтенүүдө.