17 февраль 2019
Бишкек убактысы: 12:20


Булан институту: «Медреселер чукул реформага муктаж»

Тынчтык инновациялары боюнча Булан институту (Bulan Institute for Peace Innovations) 10-апрелде Кыргызстандагы ислам диний билим берүү окуу жайларын, анын ичинде медреселерди анализдеген баяндамасын жарыялады. Эскерте кетсек, Булан институтунун Борбор Азия программасын Женевадан белгилүү журналист  жана конфликтолог Чолпон Орозобекова жетектейт. Булан институтунун баш кеңсеси Бишкекте, ал эми Женевада эл аралык өкүлчүлүк чакан кеңсеси бар.

“Кыргызстандагы диний билим берүү: медреселер чукул реформага муктаж” деп аталган баяндамада медреселердин абалы, өлкөдө бул тармакты тартипке салгыдай мыйзамдык нормалардын калыптана электиги, медреселердин каржы булактары жана окуу программалары анализденген. Баяндамадан Кыргызстандагы 102 медресенин бүгүнкү чыныгы кырдаалы тууралуу кызыктуу фактыларды табууга болот. Баяндама аягында мамлекеттик органдарга жана муфтиятка корутундуларды жана кеўешмелерди берет.
Баяндамада Булан институту бир нече маанилүү маселелерди көтөргөн. Биринчиден, медреселердин окуу программасына светтик сабактар да киргизилиши керек. Учурда медреселердин 5% гана айрым светтик сабактар окутулууда. Экинчиден, медреселерге 9-классты бүтө элек бала кабыл алынбашы керек. Айрым медреселер мыйзамды бузуп, кичинекей балдарды да кабыл алган учурлар бар. Үчүнчүдөн, медреселерди Билим берүү министрлигинен лицензия алгыдай кылуу керек жана окуу программасын стандартташтыруу керек. Себеби медреселер мамлекеттик стандарттагы диплом бербейт, жөн гана күбөлүк берет. Ал күбөлүктү мамлекет тааныбайт. Ал күбөлүк менен бала окуусун уланта албайт жана жумуш табышы да кыйын болууда. Төртүнчүдөн, медреселерди каржылоо жагы абдан оор маселе бойдон калууда. Кыргызстан светтик мамлекет болгондон кийин мамлекеттик бюджет медреселерди каржылабайт. Медреселердин айрымдары муфтияттан, казыяттан каражат алат. Жеке демөөрчүлөр жана мечиттерге түшкөн садака сыяктуу кайрымдуулук каражаттардан жана кайрымдуулук фонддор тарабынан каржыланат. Бирок учурда каржылоонун жоктугунан оор абалдагы медреселерди да жолуктурууга болот.
Баяндамада айтылганга караганда, Кыргызстанда учурда Ислам багытындагы 112 диний окуу жай Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттоодон өткөн. Анын ичинде медреселердин саны — 102, бирок чындап иштеп атканы – 78 медресе.  Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынан (КМДБ) алынган маалыматка караганда, Бишкекте 5, Чүйдө 28, Таласта 4, Ысык-Көлдө 1, Нарында 2, Жалал-Абадда 6, Ош облусунда  19, Ош шаарында 4, Баткенде 9 медресе бар. КМДБнын окуу бөлүмүнүн адиси Куштарбек Маматовдун айтымында, бул медреселерде 6 миң бала билим алууда. Медреселердин эң чаканында 20га чукул бала окуса, эң чоң дегенинде 200дөй бала окуйт.
Учурда өлкөдөгү 100гө чукул медресенин ичинен орто кылымдагыдай өтө жупуну абалдагы медреседен баштап, компьютердик класстары бар заманбап медресеге чейин жолуктурууга болот. Булан институтунун иликтөөсү медреселердин эки түрү болорун көрсөттү. Биринчиси — Муфтият менен тыгыз иштеген, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттоодон өткөн, өзүнчө имараты бар жана балдарды окутууга шарттары дурус медреселер. Экинчи түрү — негизинен мечиттерде ачылган хужра тибиндеги медреселер. Мындай медреселерде окууга ылайыкталган шарттар түзүлгөн эмес. Алар мечитке түшкөн садакадан, жана башка кайрымдуулук каражаттарынын эсебинен иштейт. Мындайлардын көбүнүн каттоосу жок, өз билгениндей ачып алып, 15-20 баланы окутуп жатышат.
Кыргызстандагы диний билим берген мекемелердин санын Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге салыштырып көрсөк, кошуна мамлекеттерде медреселердин саны кыйла аз. Мисалы, 30 миллиондон ашуун калкы бар Өзбекстанда бир ислам университети, 9 медресе болсо, 6 млн. калктуу Кыргызстанда 100гө чукул диний окуу жайлар бар. Мындан тышкары, Өзбекстанда ислам окуу жайларынын программалары өздөрүнүн идеологиясына ылайык түзүлүп, диний адабияттарды чыгаруу же сатуу катуу көзөмөлгө алынган. Өзбекстандан дагы бир айырмабыз: бизде диний окуу жайларды жергиликтүү жеке ишкер, чет өлкөлүк фонддор, демөөрчүлөр ача алышат. Ал эми Өзбекстанда Муфтият жана дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин демилгеси менен гана ачылып, бардык жагынан көзөмөлгө алынат.
Булан институтунун иликтөөсү медреселерде сабаттуу жана жогорку билимдүү окутуучуларга муктаждык чоң экендигин көрсөттү. Кыргызстандагы медреселерде жана башка диний окуу жайларда сабак берген диний аалымдар менен имамдардын 20% (пайызынын) гана базалык диний билими бар. Ошол эле Мусулмандар диний башкармалыгынын эки миңдей кызматкеринин 70% атайын диний билимге ээ эмес. Болгону 2,5% гана өлкөдө же чет жерде жогорку диний билим алган. 20% медреселерди бүтүргөн, ал эми 10% атайын кыска мөөнөттүү имамдар курсун аяктаган.
Дагы бир олуттуу маселе, диний окуу жайды аяктаган улан-кыздар көп учурда жумуш таппай калат, же андан ары окуусун уланта албайт. Себеби диний окуу жайлардын мамлекеттик лицензиясы жок, ошондуктан мамлекеттик стандарттагы диплом да бербейт. Медресени аяктады деген күбөлүктү мамлекет тааныбайт, жада калса ал баланын мектепти бүттү деген аттестаты да жок болгондуктан окуусун уланта албай калууда.
Дин маселелери боюнча адис Орозбек Молдалиевдин айтымында, медреселердин көбү сапаттуу диний билим бербейт, ал эми светтик билимди таптакыр окутушпайт: “Азыркы медреселер эч кандай шарты, эч кандай сапаттуу билими жок эле бир жактан демөөрчү таба коюп, бала окутумуш эткен жай болуп жатат. Өзүңдө жетиштүү билим болбосо, балдарга кайсы билимди бермек элең? Биз мунун баарын аныктап, тактаганбыз. Бир аз шарты бар, билими барына мөөнөт бергиле, калганын жапкыла дегенбиз. Бирок Муфтият аны аткарган жок. Балдарды кыйнап, билимден ажыратып, келечегине балта чапмай эле оокат болуп жатат”.
Кыргыз билим берүү академиясынын адиси, диний билим берүүнү реформалоо боюнча жумушчу топтун мүчөсү Мурат Иманкулов айрым ата-энелердин балдарын мамлекеттик мектепке жибербей, үйүндө камап  билимден ажыратып атышы  экстремизмдин башаты деп эсептейт: “Азыркы иштеп жаткан медреселердин 90 пайызы бүгүнкү күндүн талабына жооп бербейт. Анда окугандардын алган билимдери чектелүү. Айрым медреселерде информатика, кыргыз тили бар болгону менен химия, биология, математика сабактары такыр окутулбайт. Медреселер балдарга берген күбөлүктү мамлекет тааныбайт.  Ошондуктан дин окуусун бүткөн бала жогорку окуу жайга тапшыра албайт, анан кайда барып жумуш табат деген ой туулат. Бир медресени текшергенибизде 9-классты бүткөн соў 20 кыз окуганы кирген экен. Бир жылдан кийин 10 кыз калыптыр. Калгандары каякта десек, күйөөгө тийип кетишти дейт. Бул жакшы көрүнүш эмес. Медресени бүткөндөрдүн көпчүлүгү коомдон сыртта калып жатпайбы”.
“Медреселерде сабак бергендердин өздөрү сабатсыз”, — дейт Каныбек Осмоналиев. Анын айтымында, алгебра,  химия, алгоритм, косинус, синус, тангенс,  котангенс деген терминдин баарын илимге арабдар киргизген. Араб цифралары  киргизилип, унификация кылынган. “Китеп  деген да арабдардын сөзү. Кит — аб – билим бергич дегенди түшүндүрөт. Тагыраак айтканда,  ислам менен илим шайкеш өнүккөн. Ислам ренессансы VIII кылымдан XIV кылымга чейин созулган. Бара-бара солгундап отуруп, исламдын радикалдык, фанатикалык касиеттери гана калды. Азыр физикадан ачылыш жасаган кишини каапыр деп, технологиялык жетишкендиктерди шайтандыкы дешет. Ошол эле кезде өзүнүн колунда уюлдук телефон бар, ошол физика илими жасаган бомба менен барып жардырып атышат. Мен азыркы илимди жакшы билип, илимдин баалуулуктары менен диндин алдыңкы авангарддык баалуулуктарын катар айтып бере алган молдо көрө элекмин. Европада экөөнү катары менен айтып берген пасторлар, поптор бар. Бизде болсо эркектер сакал өстүрүшү керек, кыздар хиджап кийиши керек деген бир беткей талаптарын коюшат”.
Кыргызстанда диний билим берүү мекемелеринин ишмердигин тартипке салып, көзөмөлдөй турган мыйзамдык нормалар кабыл алына элек.  “Диний билим берүү жана диний уюмдар тууралуу” мыйзам долбоорун 2013-жылы Каныбек Осмоналиев сунуштап, бирок ал парламентте талкуудан өтпөй калган. Булан институту бул тармакты жөнгө сала турган мыйзам долбоорун диний аалымдар, медресе башчылары, Мусулмандар дин башкармалыгы, Билим берүү жана илим министрлиги жана көз карандысыз эксперттердин катышуусу менен мыйзам долбоорун чогуу иштеп чыгуу зарыл деп эсептейт.
Кыргызстан эгемендик алгандан бери медреселердеги билим сапатына эч көңүл бурулган эмес. 2014-жылдан баштап мамлекеттик деңгээлде биринчи жолу көңүл бурула баштады. “2014-2020-жж. Дин жаатындагы мамлекеттик саясат тууралуу концепциясы” айрым оң жылыштарды бере баштаганы менен дагы деле болсо диний аалымдар арасында, Муфтиятта ыкшоолук жана кош көңүлдүк байкалат.  Мамлекеттик деңгээлде бул иш-чаралар ыкчамдатылып, көзөмөл күчөтүлүп, аларды ишке ашырууга материалдык-ресурстук булактарды табуу керек дейт Булан институту. Кыргыз өкмөтү Диний билим берүү мекемелерин реформалоо тууралуу концепцияны жаңы эле иштеп чыгып, коомдук талкууга алып чыкты. Булан институту бул концепция өтө маанилүү экендигин белгилеп, тез арада ишке ашырууга чакырат.