25 апрель 2018
Бишкек убактысы: 23:59


Булан институту:  “Ашар жолу менен мектеп курууга тыюу салуу керек”

Өкмөттүк эмес уюм болуп саналган Булан ннституту кийинки мезгилде Кыргызстандагы орто мектептердин абалын ар тараптан иликтеп, көйгөйлөрдү ортого салып, анын чечүү жолдорун аныктап келе жаткандыгы коомчулукка кеңири белгилүү болуп калды. 2017-жылдын сентябрь айында  “Кыргызстандагы мектеп курулушу жана коопсуздугу: авариялык мектептер жана балдар” деп аталган  баяндамасын сунуштаса,  ушул жылдын 29-мартында Кыргызстандагы мектептердин абалы боюнча Коомдук угуу өткөргөндүгү маалым.

Курулганына 127 жыл болгон мектеп

Булан институтунун иликтөөсүңдө белгиленгендей, Кыргызстанда 2 222 мектеп болсо, анын 193 авариялык абалда. Алардын арасында мындан 127 жыл мурун курулганы да кездешет,  Сузак районундагы Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Сафаровка айылындагы  Базарбаев атындагы мектеп 1890-жылы курулган жана азыр четинен урап, окуучулар Балдар үйүнүн имаратында окууга аргасыз. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кожокелең айылында балдар боз үйдө окуп жатышат.

200дөй мектеп  курулушу токтоп калган. 2016-жылы пайдаланууга 77 мектеп берилсе, анын 54 “Жерүй” кенинин, 21 мамлекеттик бюджеттен жана калгандары чет өлкөлүк компаниялардын каржылык салымынын эсебинен курулган. Айрым мектептердин техникалык абалы кооптуу болгондугуна карабастан, ал имараттарда окууну улантып жатышат. Ат-Башыдагы Большевик мектебинин шыбы кулап, аны бакан менен тиреп салып эле окушууда. Мындай көрүнүш эртедир-кечтир окуучу балдардын коопсуздугуна залакасын тийгизбей койбостур.

Биринчи кезекте жаңы мектепке муктаж болгон Нарын облусунун Кара-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Абдраимов атындагы орто мектеби, Тоң районунун Тогуз-Булак орто мектеби, Токтогул районунун Чокоев атындагы орто мектеби, Ысык-Ата районунун Ивановка орто мектеби жана Ош шаарындагы үч мектеп ж.б мектеп окуучулары клуб, жеке үй, палатка ж.б. башка окууга ылайыгы жок жайларда окуп жатышат.

Булан институтунун жетекчиси Чолпон Орозобекова мектептерди каржылоого көңүл бурууга чакырат.

 

“Айрыкча мектеп курулуштарын каржылоого көңүл бурулуш керек. Мисалы, 2016-жылы Архитектура, курулуш агенттиги мектеп курулушуна 3 миллиард 127 миллион 433 миң 200 сом бөлгөн. 2017-жылы сөзсүз каржылоого жата турган тизмеге 329 социалдык объект кирген. Быйылкы жылы мектеп курулушуна 6 млрд сомдук смета түзүлгөн” дейт ал.

Ал эми Архитектура жана курулуш департаментинин директорунун орун басары Улугбек Матисаков   2016-жылы мектеп куруу жагынан өкмөт рекорд койгонун, 77 мектеп пайдаланууга берилгенин айтты. 21 мектеп мамлекеттик бюджеттен, 54 мектеп “Жерүй” кен байлыгын иштетүүгө лицензия сатуудан түшкөн. Курулушу создугуп келе жаткан объекттерди бүтүрүү маселеси турат.

Мектеп куруу—саясий популизмге айланып кеткен

Коомдук угууда сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңеш депутаты Каныбек Иманалиев мектептердин курулушу өлкөбүздө саясий популизмге айланып калганын белгиледи.

“Кыргызстанда мектеп куруу—саясий популизмге айланып кеткен. Президенттикке талапкер болгондор барган жеринде эле мектеп курабыз деп убада бере беришет. Мамлекетте эгер 10 мектеп курулушуна жете турган каражат болсо,  ал акчага  мисалы 40 мектеп курулат. Депутаттар деле ошентип убада бере беришет. Айла жок, популизмдин ичиндебиз.

Алыс барбай эле, Бишкектен анча алыс эмес, Үч-Эмчек айылын карасак, ал жакта 40-50 түтүн элге бир мектеп, Таластын кире беришинде Алканов атындагы мектепте 20-30 түтүнгө бир мектеп. Мына, ошентип каражаттар кетип жатат. Ал эми килейген Россияда окуучулардын саны 300гө жетпесе мектеп курулбайт” деди ЖК депутаты К. Иманалиев.

Ал эми Чүй облусунда абал кыйын. Көп мектептерде окуучулар ашыгы менен окуп жатат. Бишкекте 47 жаңы конуш болсо, алардын 70 пайызында мектеп жок экендиги айтылуда.

Мектеп курулушунда  коррупция кездешет

Коомдук угууда  Булан институтунун жетекчиси Чолпон Орозобекова мектеп курууда коррупцияга жол берилээрин белгилеп өттү.  Мектепти курууда анын сапатына да өзгөчө көңүл буруу керек.

“Мисалы, акыркы 5 жылда Кыргызстанда 265 мектеп, өткөн жылы 71 мектеп курулган. Бирок жаңы мектептердин сапатына көп суроолор жаралат. Тендерди кимдер өткөргөн, кимдер пайдаланууга кабыл алган деген сыяктуу. Бул тармакта коррупция бар деп эсептейбиз” деди ал.

Анын айтуусунда жаңы курулуп, пайдаланууга берилген мектептердин арасында  бүлүнүп, урай баштагандары да кездешет. Бул жагынан иликтөө жүргүзүлүп, күнөөлүүлөр жазасын алышы керек. Кыргызстан эгемендикке ээ болгон жылдардын башында аймактарда көптөгөн мектептер ашар жолу менен курулган.

“Мектеп курулушу сапаттуу болуш үчүн ашар жолуна мамлекеттик деңгээлде расмий түрдө тыюу салуу керек” деди Ч. Орозобекова

Курулушу толук аяктай элек мектептердин да айрымдары урай баштаган. Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылында жаңы курулуш мектептин дубалынан жарака кеткени айтылууда. Институт 2018-жылы да мектеп курулушунун жана капиталдык ремонттун динамикасын текшерип чыкмакчы.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбеков авариялык абалдагы жана жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен  мектептердин арасынан 36 мектеп биринчи кезекте курулууга муктаждардын тизмесине киргендигин белгиледи.  Министрдин орун басары Кыргызстандагы жаңы курула турган мектептердин динамикасы жана авариялык абалдагы мектептердин көйгөйлөрү боюнча  баяндама жасады.

Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Ж.Каримжановдун мектеп куруу планы жана авариялык мектептердин тизмеси тууралуу баяндамасы катышуучулардын кызыгуусун арттырды.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Коомдук Кеңешинин төрагасы Э.Бостериевдин баяндамасынан кийин, жаңы мектептерлин курулуш сапаты жана коопсуздугу талапка жооп берүүсү курч  талкууга алынды.

Кыргызстандын ар кыл аймагынан келген бир топ мектеп директорлору чыгып сүйлөп, авариялык мектептер тууралуу слайддар, видеоматериалдар, сүрөттөр көрсөтүлүп, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө суроолор берилди.

Коомдук угуунун жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.   Анда мектеп курулушуна тиешелүү талаптардын бардыгы аткарылышы, мектептнн сыйымдуулугу эсепке алынышы, курулушка тендер уюштурууда ачык-айкындык болушуна, курулуштун кепилдик мөөнөтун 3 -5 жылга узартуу, объект компетенттүү комиссия тарабынан кабыл алынышы керектиги,  мектепти ашар ыкмасы менен курууга тыюу салуу, сапатсыз курулушка жол бергендерди жазага тартуу ж. б.  конкреттүү сунуш-талаптар кабыл алынды.

Айгүл Бакеева