23 июль 2018
Бишкек убактысы: 19:40


Биз билген, биз билбеген Салижан Жигитов

Акын, жазуучу, котормочу, ойчул, окумуштуу, сатирик, юморист, деги койчу, ар жактуу талант Салижан Жигитов бүгүн 82 жашка чыкмак. Анын арабыздан кеткенине 12 жылга аяк басыптыр. Бирок Жигитов аттуу феномендин чыгармачылыгы, дегеле байсалдуу өмүр жолу Кыргызстан, Борбор Азия, КМШ, түрк дүйнөсүнө эле эмес, дүйнөгө кеңири тараларына шек жок.
Салижан Жигитов башкаларга окшобогондугу, өзгөчөлүүлүгү менен замандаштарынан айырмаланып тургандыгы ал тууралуу аңыз кылып айтууга негиз берет.
Кыйышпас досу Ишенбай Абдуразаковдун “Сакем ички уңгусу боюнча ар бир кыры жаркыраган көөр таш эле” деп айтып кеткени көкүрөктө жазылуу турат.
Кеңеш Жусуповдун “Ал тунук ойго маш, асыл идеяга бай адам эле. Капилеттен сөз тапкан, учкул кыял болчу. Ар бир сөзүндө, ой жүгүртүүсүндө жаңылык ачып сүйлөчү. Аны укканда көзүң ачыла түшөр” деп эскерет.
Ошондой эле ийиндеш жашап-иштеген жазуучу-акындар Бексултан Жакиев, Кеңеш Жусупов, Майрамкан Абылкасымова, Нуралы Капаров ж.б. Салижан Жигитов тууралуу кемелине келтирип айтып жана жазып келишет. Алым Токтомушев да кезинде Салижан агынан сабактары тууралуу жазып калтырды.
Салижан Жигитов өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин иштеген “Кыргыз-Түрк Манас университетинин ал кездеги ректору Карыбек Молдобаев 2006-жылы 17-марттагы эскерүү кечесинде мындай деп айткан эле:
“Салижан Жигитовдун кыял-мүнөзү башкача эле. Ошол себептүү биз университетте далай көйгөйлөргө учурачубуз. Басма сөз каражаттарына жарыяланган эмгектери, сүйлөнгөн сөздөрү үчүн бизге “Муну тыйып койбойсуңарбы?” деп жогору жактан көп айтышчу. Бирок анын дал ушундай мүнөзү чыгармачылык үчүн зарыл эле. Илимде жүргөн адамга мүнөз керек. Эгерде адам өзүнүн жаратуучулук көрөңгөсүн сактай албаса, анда ал кишиде жылыш болбойт. Адам баласын алдыга жылдырыш үчүн ар кимдин өз алдынча дүйнөсү болушу зарыл”.

Салижан Жигитовдун шакирттеринин бири Абдыганы Эркебаев устатынын окумуштуулук нускасы тууралуу ойлорун мындайча ортого салат:
“Салижан Жигитов кыргыз поэзиясын терең, кылдат изилдеп, поэзиянын табитин конгениалдуу түшүндүрө билген. Ал өзү да ырды аз, бирок мыкты жазды. 1966-жылы кыргыз поэзиясындагы “Салттуулук жана жаңычылдыкты” ачып, илимий эмгек жактаган. Кыргыз поэзиясында Мукай Элебаев, Алыкул Осмоновду биринчи болуп ачып берген.
Экинчиден, Салижан Жигитов дагы жаңы табылга жаратып, кыргыздын кара сөзү кайдан келгендигин изилдөөгө алган. Кыргызда эпос менен ыр кеңири тараган деп эсептелип келген. Жигитов эмгектеринде кыргыз элинин адабиятын гана эмес, философия, социология, эстетика, психология… айтор, көп жагын ачып берген. Сөз өнөрү, кара сөз, поэзиядагы табылгалары, абдан билимдүүлүгү сөзсүз сабак болот” дейт А. Эркебаев.
Академик Бүбүйна Орузбаева мындай деп эскерчү эле:
“Салижан түрк тилин кечээ-бүгүн эмес, тээ илгери эле үйрөнгөн. Ал “пантүркизм” деп жүргөн жылдар эле. 1972-жылдын башында Анкарадан бизге түркчө журнал келээр эле. Ошонун ар бир санын менден талашып окуп жүрүп эле түркчө үйрөнүп алды” деген академик Б. Орузбаева.
—Салижан Жигитов кандай киши эле? –деп суроо салсак, далай эстен кеткис эскерүүлөр чыгат. Алардын арасынан өзүм жазып алган эки адамдын эскерүүсүнө токтоло кетейин.

Салижан Жигитовдун жоруктарынан
Калык Ибраимов, шакирти:
“Пахта теримге концерт койгонубуз ай!”
—Филология факультетинде окуп жүргөндө бизди, студенттерди, Салижан агай түштүккө пахта теримге алып барган. 7-ноябрга карата өзү күлкүлүү кылып сценарий жазып, аны студенттер колхозчуларга коймой болдук. Музыкалык аспаптан мандолина менен аккордеон бар. Мандолинада мен ойнойм, аккордеондо — дагы бирөө. Калгандарынын баары чака-чайнек, кашык, бөтөлкө, ал тургай чемодан алып, урма аспаптар сыяктуу калдыратып-шалдыратып турушат. Дагы бирөөнү “дирижер” кылып койдук.
Ар бирөөнү тааныштыруу да өзүнчө кызык. “Дирижерду” Асанкан Жумакматовдун “шакирти” деп тааныштырат. Дагы бирөөнө шагыратып бөтөлкө илип коюп “бул кургур ичкич болчу, эми студент кылып оңоп алдык” деп, сонун сценарий жазылган. Ал концерт жөнүндө коңшу айылдар угуп калып, ал жакка да концерт коюп бергенбиз.

Таалай Абдиев, шакирти:
“Абам кайненесинин үйүн таппай…”
—Менин агаларым Салижан абамдын атасы колхоздо башкарма болуп иштеген, эстутуму жакшы, баамчыл киши болгон деп айтышаар эле. Бир күнү колхоздо отчет бергени чыгып, колундагы кагазды тескери каратып алып окуп жатат дейт. Көрсө өзү окуганды билбесе дагы, кагазда жазылгандардын баарын эсине тутуп алып, кагазын тескерисинен окуптур. Ошол киши эки уул, эки кызынын арасынан агайы “Сары балам тың чыгат. Бул кара жумуш кылбай эле акыл эмгеги менен тың жашап өтөт окшойт” деп айткан экен.
Салижан абамдын кээ бир жоруктарын эстесем күлүп алам. Бир күнү Ошто окуп жүргөнүмдө келип калды. Чайканадан чай ичип, сыртка чыктык. Салижан абам “жеңеңдин агалары кайтыш болду эле. Жүр батага чогуу барып келели” деп калды.
Күн кечтеп калган. Кар жаап жатта. Абам болсо кайнатасынын үйүн таба албай калса болобу!
—Кандай жер эле? –десем:
—Труба бар болчу, –дейт.
Анда “трубаны мен билем” деп баштасам,
—Ии, эми таптым, — дейт.
Көрсө кайнатасынын үйү Ак-Бууранын боюнда сайда экен.
Абам тууганчыл болчу. Дайыма эле кайсы бир тууганы тууралуу кам көрүп жүрөр эле. Мен да Россияда аспирант болуп жүрүп калганда, кийин уксам, ар кимге мен тууралуу “бечара бала кыйналып жүрөт” деп айта берчү экен. Чын эле кийин башкарма болгон балдардан мага стипендия төлөтүп берген.

Айгүл Бакеева

Нуралы Капаров жазган Салижан аганын күлкүсүнөн…
Илгери өткөн кылымдын 70-жылдарында Чыңгыз Айтматовдун атак-даңкы таш жарып турган чагында Кыргыз телевидениеси Ч. Айтматовдон интервью алууну пландаштырат. Бул сый-урматтуу ишти Салижан Жигитовго жүктөшөт.
Теледен кеч чыгышат. Дароо үйлөрүнө жөнөп кетишпей, калган аңгемени көчөдөн улантып, көпкө туруп калышат.
—Ие, Салижан, -дейт Чыке, -Бу мен аяк-буякта көп жүрүп, убактым болбой, бизден кийинки жаштардын чыгармаларын окуй албай жүрөм. Деги чыныңды айтчы, кийинки жаштардын дүбүртү кандай? — десе, жообу даяр шайыр Сакем:
—Чыке, бир коркпоңуз. Артыңыз жымжырт… — деп каткырган экен.
***
Чыке менен Саке телестудиянын алдында көпкө ары-бери басып аңгемелешип, канча убакыт өткөнүн да байкабай калышат. Бир маалда Чыке саатын карап:
—Ой, Саке, кеч болуп калган турбайбы, кетели, -деп калдалаңдап шашып калат.
—Жүр, мен жеткирип коеюн, — деп Чыке кызмат “Волгасынын” арткы эшигин ачып, Сакеге “кел, түш” дегендей, ишарат кылат.
—Жок, түшпөйм, — деп Саке кетенчиктеп, артка кетет.
—Сага эмне болду? — деп түшүнө албай чочуп кетет.
—Сенин машинеңе эмес, керек болсо кезинде Чыңгыздын машинесине түшпөй койгом деп кийин айта жүргөнгө жакшы” деп адатынча карсылдап каткырып, тамашалап күлгөн экен.