19 июнь 2018
Бишкек убактысы: 14:42


Бишкекте сөөк коюу үчүн жер канча сом?

 

Бишкек шаарындагы катардагы тургундар үчүн жападан-жалгыз көрүстөнгө сөөк коюу расмий баа менен ишке ашырылаарына ишенгендер чанда чыгар. 

Салтанат бир жыл мурун инисинин сөөгүн коюу үчүн Бишкек шаарындагы жападан-жалгыз ачык жер—Түштүк-Батыш көрүстөнүнөн жай алган. Анын айтуусу боюнча, ыйлап-сыктап, тааныш салып атып алган жайга 34 миң сом берген. “Муну да биз арзан алганыбыз, — деп айтат аты-жөнүн айтууну каалабаган келин. –Акчаны биз тааныштар аркылуу бергенбиз, алар бизге квитанция деле жазып беришпеди. Жөн гана сөөктү кайсы жайга коюу керек экенин көрсөтүп беришкен”.

Назгүл Жамгырчиеванын үй-бүлөсү шаардан жай алыш үчүн жогорудагыдай чыгымдарга бара албай, атасынын сөөгүн шаардан анча алыс эмес болгон Беш-Күңгөй айылындагы көрүстөнгө койду.
“Биздин агаларыбыз Чоң-Арыктагы, Төмөнкү-Ала-Арчадагы көрүстөнгө барышты. Ал жактан 12 миң сом жана андан жогору суммадагы каражат сурашыптыр, бирок ал убакта бизге ошол акчаны табуу да оңой эмес эле, биз андай чыгымга бара алган жокпуз, -деди атасын он жыл мурун жерге берген Жамгырчиева. –Акыры тааныштар аркылуу Беш-Күңгөйдөгү көрүстөнгө сүйлөшкөнбүз”.
“Бишкек шаарында каттоосу болсо жайды акысыз эле бериши керек экен, раматылык атамдын да, менин да шаарда каттообуз бар болчу…”.

Расмий комментарийлеринде Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жетекчилиги да, Бишкек шаардык мэриясына караштуу Аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги шаардык көрүстөндө кандайдыр бейформал схемалар болушу мүмкүн эмес дешет. Бирок көрүстөнгө иш жүзүндө абал кандай экенин билиш үчүн жер ала турган киши болуп барсаңыз баары белгилүү болот.

 №1 окуя
Менин иликтөөм шаарга жакын жана ыңгайлуу болгон Байтик айылындагы көрүстөнгө баруудан башталды, анын үстүнө сөөктү баары эле Байтикке койсок дешет.  Бирок көрүстөндөн алдыман чыккан кароолчу бул көрүстөн үч жыл мурун эле жабылганын айтты.  Бирок Байтик көрүстөнүнөн алыс эмес Түштүк-Батыш көрүстөнүндө жай казып иштеген Азим деген кишиге телефон чалып, “анын” жерине бир кардар жөнөтөрүн айтып жана ага “талаптагыдай көңүл буруп, жакшы жерден жай таап” берүүнү эскертти.
Түштүк-Батыш көрүстөнгө келгенде машинадан чыга электе эле мени жана айдоочуну Азим эки-үч бала менен тосуп алды, маркум бизге ким болоорун жана каза болгондугу тууралуу маалымкатты сурай баштады. Мындай окуяга биринчи кабылып жатканыбызды,  маркумга жай табуу бизге тапшырылганын, а калган иштерди башкалар жасап жатканын айтып, аларды ишендирүүгө аракет кылдык. Бул учурда сөзгө Азимдин жолдошторунун ары жагында турган, жашы 50гө чамалап калган Алихан аттуу киши сөзгө аралашты.

Алихан

“Эгер өлгөндүгү тууралуу маалымкат (справка) жок болсо, биз эч нерсе кыла албайбыз. Документтерди толуктап алып келгиле, андан кийин жай тууралуу сүйлөшөрбүз” деп Алихан сактанып, кыска эле сүйлөдү.
Бир убакта биз тарапка жашы 30-35теги, өзүн Чыңгыз деп тааныштырган киши жакындап келип, Алихан айткан сөздөрдү кайра кайталады да, жардам берүүгө даяр экенин билдирип, телефон номерин берди. Мен справканы алып келейин деп, канча сом ала келишимди сураганымда, Чыңгыз көрүстөн көшөгөсүн кичине ачкансыды:
“32 миң сомдон жогору. Бул каражаттын ичине жай казуу акысы да кирет. Сиздер кассага төлөбөйсүздөр. Кайра келгенде, биз эсептеп, сүйлөшөбүз” деп айтты.

Азим

№2 окуя
Эртеси күнү редакциядан кесиптештерим мүрзөчү Азим менен кардар катары сүйлөшүп, башка да маалыматтарды алышты.
“Бул жакка келгиле, мен шеф менен тааныштырам, аны менен өзүңөр сүйлөшөсүңөр.  Баасы кандай жай экенине жараша болот, орто эсеп менен 20 миң сомдон жогору. Жай казгандарга да өзүнчө 10 миң бересиңер. Ошондо баары биригип, 30 миң сом болот”.
Бул сүйлөшүүдөн кийин Азим айткан “шеф” менен биздин редакциянын башка кызматкери  көрүстөндөн жолугушту. “Шеф” деген киши баягы сак жана көп сүйлөбөгөн Алихан аттуу киши болуп чыкты. Анын айткан баалары Азим айткандагыдан алда канча арзан болуп чыкты.
Азим шефи менен сүйлөшүп, айткан сумманы бир азыраак азайтууга убада берди, бирок баасын көп деле түшүрүп бере алат деп күткөн жокпуз.
“Эгер документиңер жок болсо, алып келгиле да, андан кийин кассага 7500 сом төлөгүлө. Жай казгандарга да үч миң сомдой бересиңер, башка эч нерсе бербейсиңер” деп Алихан шашып айтты.

“Мен журналистмин деп айтканда…”
Азим жай казып эле иштеген киши экенин айтты, калгандарынын баарын Алихан башкарат деп, мурун айткан сөздөрүн танган жок.
“Жай  20 миң сомдон сатылаарын баары эле билет болуш керек. Силер жай үчүн акчаны Алиханга бересиңер, ал болсо бизге жай казганга үч миң сомун берет. Калган акчаны эмне кылат, кимге берет, калганын өзүнөн сурап билип алгыла да” деди Азим.
Биз Алиханга телефон чалганда, ал мурункудай эле көп сүйлөгөн жок. Ал болгону бригадир болуп иштээрин, калган суроону Чыңгыздан сурагыла деди. Айтмакчы, Чыңгыз деген бизге Түштүк-Батыш көрүстөнгө сөөк коюу болжол менен 32 миң болот деп айткан киши болуп чыкты.
“Чыңгыз—Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жетекчиси. Бардык маалыматты андан ала аласыңар. Ал эми сөөк коюуга жай үчүн 20 миң сом деген туура эмес. Балким антип жеке аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги айткандыр” деди Алихан.
Ал эми Азим айткан сумманы Алиханга айтканыбызда,  ал Азим дегенди тааныбай турганын билдирди.

Чыңгыз Апасов, Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жетекчиси

Чыңгыз Апасов, Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жетекчиси:
Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жетекчиси болуп чыккан Чыңгыз Апасов, расмий комментарийинде, көрүстөңдүн администрациясы бардык каражат кассага түшөөрүн, ал эми биринчи жолу жолуккандагы жай 32 миң сом деп биз туура эмес түшүнүп алганыбызды айтты.
“Жок, мен 32 миң сом деп айткан эмесмин, 22 миң сом деп айткам. Буга боз үйдүн ижарасы жана машина, жай казуучулардын акысы кирет” деп түшүндүрдү. 
“Көрүстөндүн ортосунан жай сатылбайт, ал жакта орун да калган жок. Көрүстөндүн чет-четинде гана орун калды, — деп Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн башчысы айтты.—Шаардын четинде дагы алты көрүстөн бар, балким аларда жай кымбатыраак сатылаар. Балким бизде дагы ортомчулар чыгып, бааны көтөрмөлөп коюшаар, биз анын баарын көзөмөлдөй албайбыз да”.
Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жетекчилигинин жана “Бишкек шаардык аза кызматтары” агенттигинин кемчиликтери тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары көптөн бери эле жазып келе жатышат. Бул маселе Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында шаардык депутаттар тарабынан бир нече жолу көтөрүлгөн.
Бишкек прокуратурасынан басма сөз кызматы Аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин жана Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн ишиндеги мыйзам бузуулар тууралуу айтканыбызда, алар арыз түшсө гана текшере турганын айтты.
Бишкек шаардык прокуратурасы биздин расмий суроо-талабыбызга шаардык көрүстөндөгү мыйзам бузуулардын экөө тууралуу жооп берди.  Биринчи окуяда 2015-жылы Мамэкотехинспекциянын арызы боюнча Аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин кызматкеринин Түндүк көрүстөндөгү бактарды кыйганы боюнча кылмыш иши козголгонун айтты. Андагы чыгым төлөнгөндөн  жана Мамтехинспекциянын каралоону улантуудан баш тартканынан кийин кылмыш иши жабылган.

Экинчи окуя көңүлдү көбүрөөк бурдурат. Аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинен жумуштан бошонгон кызматкери Свердлов районунун прокуратурасына “Бишкек мэриясынын алдындагы Бишкек аза кызматтары агенттигинин жетекчилеринин коррупциялык иштери, б.а. Бишкек аза кызматтары агенттигинин директору жана башка кызматкерлери, аза кызматтары үчүн мыйзам тарабынан белгиленген 5906 сомдон көп каражат алып, жана аны кызматтан кетиргенде өлкөнүн эмгек мыйзамдарын бузгандыгына” арызданган.
Аны кызматтан кетирүү фактысы боюнча райондук прокуратура Аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин мурунку кызматкерине сотко кайрылышы керек экенин, ал эми коррупция маселеси боюнча экономикалык кылмыштар боюнча мамлекеттик кызматка кайрылышы керектигин билдирген.
Бишкек шаарынын вице-мэри Эркин Исаковго телефон аркылуу байланышканыбызда, мындай маалымат менен тааныштыгы жок экенин, эгер конкреттүү арыз менен фактылар болсо, аны караарына убада кылды.
“Эгер андай факты болсо, биз катуу чараларды көрөбүз. Кандай болгон күндө дагы андайга жол бербешибиз керек. Биз андайлар менен күрөшөбүз, мен андайларга каршымын” деп билдирди ал.

Бишкек шаардык аза кызматтарын көрсөтүү
Муниципалдык ишкананын жетекчиси Руслан Бачиев алардын кызматкерлери мэрия тарабынан бекитилген суммадан ашык каражат албай турганын билдирди. 
“Бишкек шаарынын мэриясынын токтомуна ылайык, каза болгондорго жай акысыз берилет. Бирок биздин балдар сөөктү жеткирүүдө аны көмүүгө жардам беришет. Бул үчүн христиандар 5800 сом, мусулмандар 7400 сом төлөшү керек. Алар акчаны биздин агенттикке төлөп, чек алышат. Сөөк коюу үчүн башка эч нерсе талап кылбайбыз” деди Руслан Бачиев.  
Ошол эле кезде шаардык кеңештин депутаттары бул чөйрөдө тартипти сакташ керектигин белгилешет. “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан Бишкек  шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Сариев:
“Айрым тургундар бул көрүстөндө жай 20-25 миң сомдон сатыларын айтышат. Биз мындай маселени көтөргөндө, Бишкектеги Аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин жетекчиси Руслан Бачиев баарын танып жатты. Сөөк коюу үчүн жер  расмий баалар менен берилээрин, ал жакта 120 орун эле калганын айтты. Бирок иш жүзүндө андай эмес да. Мына жакында менин шайлоочуларым сөөк коюуга жерге 20 миң сомдон сурап жатышканын айтып, эмне кылабыз дешет. Мен анда “Сатып алгыла!” дедим. Башка эмне деп айтат элек?»
“Дегинкисин буларга чара көрүш керек, ал иштерге аралашкан бардык чоңдорду жумуштан алып, чынчыл иштегендерди ордуна алып келиш керек. Биз жакында ушул маселени фракцияда көтөрүп, чара көрөбүз” деп убада берди депутат Таалайбек Сариев.

Жаңы көрүстөн

Гроздь айылындагы жаңы көрүстөн Бишкек шаарынан 30 чакырым жерде болот.
Бишкек шаарында расмий беш көрүстөн бар болсо, анын экөө гана ачык, бири—Ала-Арча көрүстөнү (мамлекеттик жана коомдук ишмерлер коюла турган жай) жанаТүштүк-Батыш көрүстөнү, ал дагы толуп калып, беш жылдан бери эле жабылат-жабылат деп келет, бирок ушу кезге чейин жабылбай атат.
Мындан тышкары шаардыктар өздөрүнүн жакындарын шаар менен чектеш жайгашкан Маевка жана Восток айылдарындагы көрүстөнгө коюп келишет.
2016-жылдын декабрь айында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 2017-жылы Гроздь айылында жаңы көрүстөн ачылат деген, азыр ал жакта жол төшөлүп, тегереги тосулуп жана башка иштери жасалып жатат.
Түштүк-Батыш көрүстөнүнөн айырмаланып, Гроздь айылындагы көрүстөн Бишкек шаарынан бир топ эле алыс жайгашкан. Болочок көрүстөн шаардан 30 чакырымдай алыс, кыргыз-казак чек арасынан анча деле алыс эмес. Азыр ал  44 гектардагы ээн жер. Бул чоң жана созулуп жаткан көрүстөнү мэриянын расмий прейскуранты менен иштейби, аны көрүстөн ачылгандан кийин көрө жатарбыз.

Кымбат Турдубекова

Бул иликтөө IWPR Журналисттик иликтөө бюросу менен кызматташуу алкагында даярдалды.