23 июнь 2018
Бишкек убактысы: 04:29


Бишкекте даярдалган бешбармак Гиннес китебине кирди

Быйыл 11-мартта Бишкекте даярдалган бешбармак Гиннестин рекорддор китебине киргизилди. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты жазып чыкты. Анда Бишкектеги бешбармактын салмагы 1 464 килограмм болгону, «Аю Холдинг» жана LLC KazGrain ишканалары тарабынан рекорд коюлганы жазылган.

Эскерте кетсек, 11-мартта Бишкектин “Аю Grand Comfort” соода жайында Гиннес рекорддор китеби үчүн 1 тонна 464 килограмм бешбармак, 117 метр чучук даярдалган. Тамак үчүн сегиз жылкы союлган, жалпы бир жарым тоннага жакын эт бышырылган. 150 литрге ылайыкталган 12 тай казан орнотулган.

Иш-чараны «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмеси «Ак элечек», «Ак калпак» долбоорлорунун негиздөөчүлөрү жана “Аю Гранд Комфорт” фирмасы менен чогуу уюштурган.