21 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 22:33


Бишкек-Ош жолунда жүк ташыган унаа 15 жылкыны өлтүрө сүздү

Жол кырсыгы кан жолдун 448-чакырымында, бүгүн таңкы төрттөр чамасында болгон.

Маалыматка караганда,  «Мерседес-Бенц 2540» жүк ташыган унаасын чиркегичи менен айдап келаткан Сүлүктү шаарынын тургуну капыстан жолго чыга калган үйүр жылкыны байкабай калган. Айдоочу жакын калганда унааны токтотууга үлгүрбөй, бир канча жылкыны сүзүп кеткен. Натыйжада 15 жылкы дароо жан берип, дагы 3 жылкыны адалдап калганга үлгүрүшкөн.

Жүк ташыган унаа Оштон Бишкекке жол тартып келаткан.