25 май 2018
Бишкек убактысы: 15:13


Базаркул Данияров: алгачкы агартуучу, этнопедагог, окумуштуу, элдин патриот уулу   

Бүгүн, 18-январда, КР Илимдер академиясында алгачкы агартуучу Базаркул Данияровдун 120 жылдыгына арналган илимий жыйын өттү.  Анда Базаркул Данияров Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев менен бир катарда турган тарыхый инсан экендиги, анын эмгегине татыктуу баа берилиши керектиги  айтылды.  Жыйынды профессор Абылабек Асанканов алып барды.

Аскар Какеев:  КРСУнун илимдин философиясы кафедрасынын башчысы:

“Улуу инсандардын кыздары аталарын өзгөчө даңктады”

—Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахманова биринчилерден болуп атасынын саясий жактан акталышына кам көрдү жана ошого жетишкен. Ал эми Молдо Кылыч, Тазабек Саманчин, Базаркул Данияров тууралуу андай чечим чыга элек. Мындай адамдар дагы көп. Украинанын Херсон облусуна айдалып, атылып кеткен 11 адамдын аты такталды. Мына ушул адамдарга Ата-Бейитте эстелик таш тургузуп, алардын тарых астындагы эмгегин баалашыбыз керек.

Леннна Абдрахманова, Лариса Исакеева, Айдарбекованын катарында Кутпа Орузбаеванын да атын атай кетели. Кутпа Бакировна Базаркул Данияров тууралуу китеп жазып, коомчулукка көп жаңы маалыматтарды берди.

Базаркул Данияров Касым Тыныстанов менен тең чыккан

ЖК депутаты Каныбек Иманалиев “Быйыл репрессияга 80 жыл. Биз ошону татыктуу белгилешибиз керек. 1937-жылы 27 миң кыргыз атылды. Атылганда да элдин күлүктөрү, чыгаандары, акылдуулары атылган. Себеби акылдуу адамдарды жок кылса, калгандарын башкарыш оңой. Билимдүү, эр жүрөк, улутчул адамдарды башкарыш өтө кыйын. Алардын эң эле улуусу Орозбеков- 49 жашта, Айдарбеков- 54, Абдрахманов- 37, Тыныстанов- 37, Төрөкул Айтматов -35,  Токчоро Жолдошов- 33, Эсенаманов 34 жашта эле. Булар – бир эле учурда реформатор болушкан, бир эле учурда лидер болушкан, бир эле учурда агартуучу болушкан, бир эле учурда “государственник” болушкан” деп айтты.

Баласагын атындагы КУУнун  тарых факультетинин деканы Аскар Беделбаев Базаркул Данияров Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев менен бир катарда турган инсан экенине, ага өз баасын  берүү керектигине токтолду жана ак жерден атылып кеткен адамдын абактан жазган катына токтолду:

“Мен  чын жүрөктөн ак кызмат кылдым. Мен чыныгы элдик мугалим болдум жана ушул жолдо жан берем. Көппү-азбы, бирок колумдан келгендин баарын жасадым жана элиме бердим”, — деп жазган Базаркул Данияров.

 

Базаркул Данияров—этнопедагог, ар тараптуу инсан болгон

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов тарыхчылардын мааракелерин өткөрүү менен ал инсандын көп кырдуу турмушун, изилдөөлөрдүн жыйынтыгын коомчулукка алып чыгып жатышканы тууралуу сөз козгоду.

Санжарбек Данияров атындагы фонддун директору Асел Даниярова Базаркул Данияровдун басып өткөн жолуна кенен-кесир токтолду. Адегенде Шабдан мектебинен, орус тузем мектебинен,  Верныйдагы эркектер гимназиясынан, Ташкенттеги Казак-кыргыз агартуу институтунан  окуган билими терең Базаркул Данияров  агартуу тармагынын башатын баштаган.

Хусейин Карасаев “Пушкин окуган лицей Орусияда канчалык прогресс алып келсе, Юдахин жетекчи, а Базаркул Данияров орун басар болгон педтехникум ошончолук кыргыз билиминин алтын бешиги болгон” деген.  Зияш Бектенов  “Базаркул  Данияров орустун атактуу педагогу  Макаренко сыяктуу чарчабаган педагог” дегени белгиленди.    

Адабиятчы, журналист Бекташ Шамшиев Базаркул Данияров Касым Тыныстановдун ыр китебинин баш сөзүн талдап жазып  бергендиги, анын адабиятка кошкон салымы тууралуу сөз козгоду.

Базаркул Данияров этнопедагог, кыргыз балдарын кантип бешикке бөлөш керек экенинен баштап, 30 эрежени жазып калтырган. Ал ошондой эле ар тараптуу инсан болуп, география тууралуу да, эсеп тууралуу да китептерди жазып, кыргыз жаш муундарынын билиминин өнүгүшүнө ар тараптан чоң салым кошкон.

Жыйындын катышуучулары Базаркул Данияровдун эмгегине мамлекет, элибиз баасын бериши керектигин билдиришти.

Айгүл Бакеева