17 январь 2019
Бишкек убактысы: 10:18


Балага сүйүнчү ата-эненин паспорту менен гана бериле баштайт

2019-жылдын март айынан баштап, балага сүйүнчү эки күн аралыгында бериле баштайт. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров бул тууралуу билдирди.

Маалыматка ылайык, балага сүйүнчүнү ата-эненин паспорту менен гана алгыдай шарт түзүлүүдө.

«Азыркы учурда балага сүйүнчү алыш үчүн ата-энесинин паспорту, баланын күбөлүгү жана банктык карточканын реквизиттери талап кылынат. Бул процессти жеңилдетүү үчүн иштеп жатабыз. Анда ар бир ата-эне сүйүнчү пулду өзүнүн паспорту менен эле алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Балалуу болгондор күбөлүк алуу үчүн мамлекеттик каттоо кызматынын бир бөлүмүнө барганда, ал жактагы кызматкерлер «Балага сүйүнчү аласызбы?» деп сурайт. Эгер жаран макул болсо, дароо электрондук арыз толтуруп аны онлайн түрүндө ошол замат биздин кызматка жөнөтөт.

Электрондук арыз толтуруп жатканда балага сүйүнчү алчу адам кайсы банктан аларын дагы жазыш керек. Арызга өзүнө жакын, ыңгайлуу банкты көрсөтсө болот. Эки күндөн кийин жаран көрсөткөн банкка паспорту менен гана барып, балага сүйүнчү акчаны алып кете алат. Азыр балага сүйүнчү 7-10 күндүн ичинде берилип жатат. Бул ата-эне үчүн татаал процесс экенин эске алып, эки күндүн ичинде берүүгө аракет кылып жатабыз. Айрым банктар балага сүйүнчү берүүнү бир же эки эле филиалына тапшырып коюуда. Мындан улам бардык банктар менен каалаган филиалынан алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деди Улукбек Кочкоров.

Министр учурда бул ыкма убактылуу, сынак иретинде Бишкектин Свердлов районунда жана Чүй облусунун Сокулук районунда иштеп жатканын айтты. Жеңилдетилген ыкма өлкө боюнча кийинки жылдын март айынан тарта күчүнө кирет.

2018-жылдын 1-январынан тарта «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамдын «Балага сүйүнчү» бөлүгү ишке киргизилген. Ушул жылдын январь айынан баштап жаңы төрөлгөн бардык ымыркайга 4000 сом өлчөмүндө сүйүнчү пул бериле баштаган.