15 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 01:16


Баарыбызга Жеңиш бир!

Кыргызстанга Жеңиш күнүнө карата “Баарыбызга—Жеңиш бир!” медиа экспедициясы келгенин Россиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Алар эзелки “Победа” (ГАЗ М-20) машинасы менен келишти.
“Баарыбызга Жеңиш бир!” акциясынын максаты—Улуу Ата Мекенди согушта СССР элдеринин фашисттерге каршы күрөштөгү салымын даңазалоо. Быйылкы жылы бул иш-чара Россиянын Урал федералдык округу, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан аймагы аркылуу өтөт.
Бул иш-чарага Бишкектен автосүйүүчүлөрү да кошулду. 26-апрелде акциянын катышуучулары Бишкектеги Жеңиш аянтына гүл коюшат. Андан ары Жеңиш күнүнө карата даярдыктар өрүш алат.