25 май 2018
Бишкек убактысы: 15:05


Ашыр Чокубаев менен коштошуу   

Ашыр Чокубаев Кино үйүндө, 2017-жыл 17-ноябрь

11-мартта, эртең мененки саат беште Кыргыз эл артисти Ашыр Чокубаев дүйнө салганына байланыштуу  Кинематография департаменти;

КР Кинематографисттер бирлиги;

Т. Океев атындагы “Кыргызфильм;

Кинематографияны өнүктүрүү фонду;

Д. Садырбаев атындагы Кыргызтелефильм”;

“Айтыш” фильм

үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтты.

Таланттуу артист 1947-жылдын 4-декабрында туулган.

Ал эми уулу Адыл Чокубаев үч ай мурда, 4-декабрь күнү түшкөн атасынын сүрөтүнүн жанына минтип жазды:

—Бул сүрөт туура үч ай мурун, 4-декабрда, анын 70 жылдыгында тартылган. Бүгүн,  5 жылдык күрөштөн кийин, КР Эл артисти, менин атам, эр жүрөк адам  Чокубаев Ашырбек Назарбекович кайтыш болду.

Кыргыз эл артисти Ашыр Чокубаев менен коштошуу 2018-жылдын 13-мартында Бишкекте саат 9. 30да Токтоболот  Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өтөт.

“Курманжан даткадагы” Эмирдин ролунда

Ашыр Чокубаев Кызыл килемде, Үмүт форуму, 2016-жыл, 28-октябрь

70 жылдык юбилейинде тартылган сүрөт. 2018-жыл, 4-декабрь.

Ашыр Чокубаев “Курманжан датка” фильминде Эмирдин ролунда