19 октябрь 2018
Бишкек убактысы: 18:50


Ашуудагы акыркы артиллериялык атуу

Бишкек-Ош унаа жолунда коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 15-февралынан 25-февралына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык курал менен кар көчкүсүн атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

2018-жылдын 21-февралында Бишкек-Ош унаа жолунун 133-чакырымында, Төө-Ашуу ашуусунда  саат 11:10дон саат 11:40ка чейин 5  снаряд атылып (1 снаряд жарылган эмес), кар көчкү түшкөн эмес, 135-чакырымында 3 снаряд атылып, кар көчкү түшкөн эмес. Саат 13:00дөн 13:10гө чейин 132-чакырымында 3 снаряд атылып, кар көчкү түшкөн эмес.

17-февралдан 21-февралына чейин 112 снаряд атылып (5 жарылган эмес), 190 100 мкар көчкү түшкөн.

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя жана Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолдорунда коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 21-февралынан 25-февралына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.