21 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 01:14


«Ала-Тоо» аянтында башталган «Манас» айтуу төрт саат уланат

Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында ушу тапта «Манас» эпосунан үзүндүлөр айтылып жатат.

Бул иш-чара Коомдук биринчи каналдын 60 жылдыгына карата уюштурулууда.

Салтанат ак калпакчандардын флеш-мобу менен коштолду.

Иш-чара төрт саат уланып, кечки саат 10до жыйынтыкталат.