25 май 2018
Бишкек убактысы: 15:05


Акыркы сапар: Ашыр Чокубаев кыргыз маданиятынын мырзасы эле, султаны эле!

Бүгүн, 2018-жылдын 13-мартында, Кыргыз эл артисти Ашыр Чокубаевди акыркы сапарга узатуу Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик драма театрында болуп өттү. Анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди.

Ашыр Чокубаев менен коштошуу зыйнатында айтылгандай, ал 1947-жылы 4-мартында Ош облусунун Өзгөн шаарында жарык дүйнөгө келген. 1972-жылы Ташкенттеги Островский атындагы Театр жана сүрөтчүлөр  институтун аяктап, ошол эле жылы эмгек жолун Кыргыз драма театрына актерлук адистикке кабыл алынган. Анын жараткан ролдору жүздөп саналып, Кыргызстанга эле эмес, боордош элдерге да кеңири тарады.  

Акыркы сапарга узатууга Президенттин, Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, искусство жана маданият ишмерлери, шаардыктар жана анын меймандары,  Казакстандын маданият ишмерлери келишти.

Дайыр Кенекеев, КР вице-премьер министри:

“Ашыр Чокубаев катышкан тасмалар алтын фонддо сакталат”

Дайыр Кенекеев кыргыз журту дагы бир чыгаан уулунан ажыраганына кайгырып турду.  Вице-премьер-министр  КР өкмөтүнүн атынан көңүл айтып, маркумдун өмүр жолуна, чыгармачылыгына кыскача токтолду.

—Таланттуу инсан, бир доордун ишмери Ашыр Чокубаевди акыркы сапарга узатып турабыз. Ал бүткүл өмүрүн искусствого арнаган элдик өнөрпоз, театр,  кино актеру, “Ак илбирстин тукуму”, “Курманжан датка” ж.б. фильмдерде роль жаратты.

Табият берген тунук акылы, терең билими, турмуштан алган таалими аркылуу сахнада, кино чеберчилигинде өзгөчө образдарды жаратты. Ал жараткан тасмалар, фильмдер алтын тамгалар менен алтын фонддо сакталган. Ашыр Чокубаев карапайым элге жакындыгы, жөнөкөйлүгү, коомчулук жана замандаштары тарабынан жогору бааланган. Анын албан иштери элдин энчиси, бийик адамгерчилиги баарыбызга нукура үлгү жана жараткан образдары биз үчүн ачык таалим болмокчу.

Султан Раев, КР Президентинин кеңешчиси:

“Чокубаевдин ааламы— чексиз, ал түбөлүктүүлүккө сапар алды”

Султан Раев кыргыз көркөм өнөрүнүн корифейлеринин бири 71 жаш курагында акыретке сапар алганын, анын ролдору түбөлүккө сакталып каларын белгилеп, президенттик аппараттын атынан көңүл айтты жана анын чыгармачылыгына жогору баа берди: 

—Ашыр Чокубаев чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө төрөлүп, жаштайынан өнөрдүн керемет дүйнөсүнүн кучагында өстү. Атасы Назарбек Чокубаев белгилүү режиссер, апасы актриса болуп өмүр бою искусство жаатында эмгектенген адамдар эле. Ашыр Чокубаевдин балалыгы атактуу адамдардын, биздин залкарлардын атмосферасында өттү. Алардын катарында Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева, Сабира Күмүшалиева бар эле.

Жаштайынан өнөрдүн керемет дүйнөсүндө өскөн Ашыр Чокубаев ата жолун жолдоп, бүткүл өмүрүн улуттук маданиятка арнады. Советтик кино менен театрдын корифейлери Бабочкин, Лыткин, Царёвдун колунан сабак алып, өзүнүн өнөр дүйнөсүндө эш туткан Смоктуновский, Евстигнеев, Самойловдун тартибинен чыгармачыл баралына жетти. Ал 15тен ашуун кинотасмага катышып, башкы ролдорду аткарды. Алардын катарында “Ак илбирстин тукуму”, “Курманжан датка”, “Көчмөн”, “Мухамбеттин кылычы”, “Бейиш куштары”, “Парижге карай жол”, “Ногдаун”, “Жамбыл” ж.б. фильмдер бар.

Ашыр Чокубаев кыргыз театр сахнасында 100гө жакын образды жаратты. Анын ар бир образы улуттук театр өнөрүндөгү этаптуу көрүнүштөрдөн болуп калды. Чыныгы талант, улуттук көркөм интеллигенциянын көрүнүктүү өкүлү Ашыр Чокубаев биздин эстутумубузда өзүнүн жаркын образдары, адамдык мыкты сапаттары менен түбөлүккө сакталып калат.

Кыргыз элине, улут маданиятына сиңирген эмгегине таазим этебиз. Ал кыргыз маданиятында өзүнүн өзгөчө дүйнөсүн, образдар галереясын калтырып кетти. Көзүнүн тирүүсүндө “Өнөргө өмүрүмдү сайып коюп эмгектендим. Ошол өнөр аркылуу мен кийинки урпактар арасында жашап калам. Өнөр бул өлбөстүктүн, түбөлүктүүлүктүн адамга берген чоң дөөлөтү” деген экен.

Агайын туугандар, урматтуу кесиптештер, урматтуу кино театр өнөрүнүн ишмерлери! Биз ар бир адамды узатып жатканда өзүбүздүн сөзүбүздү айтабыз, улут маданияты чоң жоготууга учурады деп. Ошол жоготуунун мааниси, баркы эмнеде? Анын мааниси—ошол адам, талант, залкар экинчи бу дүйнөдө жаралбаганында. Ашыр Чокубаев да өзүнүн таланты, адамгерчилиги, жан дүйнөсү менен мындан ары биздин катарыбызга келип кошулбайт. Бирок ал бүгүн түбөлүктүүлүктүн жолуна аттанды. “Бүт аалам—театр” дейт, бүгүн Ашыр Чокубаевдин ааламы чексиз аалам, ал түбөлүктүүлүккө сапар алды. Ар бир адам өзүнчө талант, бул кудайдан берилген өзгөчө инсан. Бүгүн жараткан Ашыр Чокубаевди өзүнүн катарына, рух дүйнөсүнө кабыл алды. Ашыкеме жаткан жери жайлуу болсун, барган жери бейиш болсун дейли!

Садык Шернияз: КР Жогорку Кеңешинин депутаты:

“Ашыкем көркөм дүйнөнүн, маданияттын, искусствонун султаны болчу”

Садык Шернияз Ашыкенин ооруп жүргөнүн билсек дагы, дартты жеңип кетет, кайраты бар дечүбүз деп, анын турмуштагы, искусство дүйнөсүндөгү сиңирген эмгегине токтолду.

—Ашыкем канча бир кыйынчылык болбосун, канча бир мөгдүрөгөн убакыт болбосун, дайыма башын бийик кармап, кажыбас кайраты, жаркылдаган мүнөзү менен кыйынчылыкка тик караган инсан эле. Чынында ал  искусствонун рыцары болчу. Ашыкем барган жерде бардыгы жайнап калчу, Ашыкемди көргөндө аялзаты тамшанчу дагы, эркектер сыймыктанчу. Ошол сыймыктангандардын ичинде мен да бармын.

Ашыкем менен бир иштеп, тажрыйбасын алып, сөздөрүн угуп, искусствого болгон акыл-насаатын укканыма сыймыктанам. Ашыкем мыктылардын мыктысы болчу. Ашыкем эч убакта кара түн түшүп турса дагы эч бир башын ийген же эч бир көңүл сындырган сөздү айтканын уккан эмесмин. Кандан, бектен коркпой сөзүн тик айтчу. Ашыкем руханий дүйнөнүн, искусствонун, маданияттын султаны болчу.

Келечекте биздин искусство, анын ичинде кино искусствосу, дагы далай бийиктиктерди багындырат. Ашыкемдей инсандар чыгып келген элден дагы чыгат инсандар, мен терең ишенем. Бирок ошол инсандардын эсинде дайыма Ашыкем сакталуу болот. “Бектер кетет, бел калат” деген сөз бар, бектердин далайы  кетет, бирок Ашыкемдей инсан, залкарды кудай ченеп гана берген. Кийинки таланттардын ташкыны дүйнөнү жарып турганда  келечектеги искусство ишмерлери Ашыкемдер салган жол менен кетмекчи. Кыргызда сөз бар “Ажалдан болбос кайтарыш/ Айылыңа көңүл айтабыз” деген. Жакындарына мен терең көңүл айтам. Кош бол, Ашыке, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!

Нуржуман Ихтымбаев, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Казакстандын эл артисти:

“Казактын да эрке жигити эле”

Казак маданият ишмерлеринин атынан сүйлөгөн Нуржуман Ихтымбаев Ашыр Чокубаев казактын да эрке жигити болгонун айтып, улуу актерлордун жолун улаган анын эмгегине токтолуп, казак калкына да эмгеги сиңгенин айтты: 

—Агайын-туугандар! Бул улук кыргыз элинен Советбек Жумадылов, Сүймөнкул Чокморов, Болот Бейшеналиев деген залкарлар дүйнөгө келген. Алардын арасында биздин Ашыкебиз да бар, ал жалгыз эле кыргыздын артисти эмес, казактар менен да иштеген адам. Бирге жумуш иштедик, бирге киного тартылдык, бирге ойнодук, бирге жүрдүк. Дархан адам, жүрөгү кең, казактын эрке жигити болчу. Алматыга чейин келсе, бүткүл артисттердин баары тоскону барар эле, оюн-зоок, той-томолок болуп кетээр эле.

Ашыке кетти дегенде, командировкага кеткен чыгар деп ойлодум. Бизде өнөр адамдарында кичине жеңилирээк экен, киного тартылганы кетти деп ойлойт экенсиң.

Улуу кыргыз эли дагы Ашыкең сыяктуу далай уулдарды жаратат, бирок Ашыкемдин жолу, салмагы бөлөк болот. Ашыкең кыргыз-казактын эле эмес, орустун да оозу ачырган. “Ямщик” деген өлөңдү Ашыкеңдей эч ким аткара албайт. Биз аны оозубузду ачып угаар элек.

Ашыкеңе Алла таала ыйман берсин, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Кыргыз калкы мындай азаматын унутпайт, казак калкы да унутпайт. Анткени алар бир туугандар. Ашыкенин тууган-туушкандарына ырахмат айтуу керек, бир чыны чай бере албай аткандар бар. Ал эми куттуу калк Ашыкеңди сыйлап келип турат. Элге рахмат, калкка рахмат! Аман болуңуздар! Ар качан Ашыкемди эске салып туралы.

Алматыга келгенде Ашыкем биздикине 2-3 күн конмоюнча кетчү эмес. Балдарымдын баары билет, неберелеримдин баары “Ашыр ага келиптир” дешчү. Бири-бирибизди унутпайлы. Жаркырап-жайнап жүрөлү, агайындар! Алла-таала ыйман берсин!

Жаныш Кулмамбетов,   КР Театр ишмерлер бирлигинин төрагасы:

“Киного жолдомону театрдан алган”

Жаныш Кулмамбетов Ашыр Чокубаевдин кино ишмерлик жолу театрдан башат алганы тууралуу сөз козгоду. 

—Бүгүн кыргыз театры өзүнүн залкар актерунан ажырап отурат. Эртеден бери кино тууралуу сөз көбүрөөк айтылып жатат. Албетте, Чокубаевди кыргыз эли, казактар, ошондой эле совет көрүүчүлөрү, биринчи кезекте киноактер катары тааныйт. Бирок киного жолдомону театрдан алган, театрда ойногон таланттуу ролдорунан алган. Биздин муун, улуу муун өтө жакшы билчү Чокубаевдин “Кожожашын”. Менимче, бул актерду искусствонун өзүнчө эталону деп айтсак болот. Бир эле мезгилде эксцентрикалык комедиянын чегинде, бир эле мезгилде улуу трагедиянын жуурулушунан чыгарылган ошол ролу, ошол эле Байжиевдин экинчи чыгармасы “Кыз-күйөөдө” кыргыз интеллигенциясынын нукура ички дүйнөсүн, алпейим жигиттин образын жараткан,  Байжиевдин “Ар бир үйдө майрамында” сүрөткер адамдын ыплас дүйнө менен келише албаганын, таза сезимдерин сахнага алып чыкканы, менимче, киного чоң жол ачкан. Ошондон тартып Ашыр Чокубаев деп суктанган муун болгон. Демек, мен айтып жаткан нерсе биринчи кезекте кинонун актёру катары жылдызы жанган жолу театрдан башталганын, театрдан өскөнүн айтып турат. Театрда улуу муундар арасында: Кыдыкеева, Рыскулов, Жаманов,  Күйүкова баштаган таланттардын арасында тарбия алган.

70 жаш, менимче, бул таланттын гүлдөп турган учуру болуш керек эле, бирок ажал арабыздан ушундай талантты алып кетти. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Сабиржан   Чокубаев, туугандарынын атынан:

Туугандарынан атынан сүйлөгөн Сабиржан Чокубаев алыс-жакындан келгендерге ыраазычылыгын айтып, артында эки уулу калганына каниет кылып турушканын билдирди.

—Калайык-калк, кадырлуу туугандар! Тагдыр экен, Ашыр акебизден ажырап олтурабыз. Ашыр акем хандын, бектин, эмирдин ролун жаратты эле. Биз үчүн хандан, бектен, эмирден улук аксакалыбыз эле. Ушундай аза күтуп турганда аза-кайгыбызды тең бөлүшүп келген алыс-жакындан келген туугандар, Казакстандан келген боордоштор, баарыңарга Чокубаевдердин атынан ыраазылык билдиребиз. Ашыкемдин артында элге жасаган эмгеги калса, биз үчүн албан –субандай эки уулу бар, биздин үмүтүбүз, биздин каниетибиз да— ушулар.

Ашыр акем  менен канча жолугушуп, айылдан келип, кучакташып коштошуп, кайра кучакташып учурашар элем. Эми эч качан андай болбойт. Ашыке, жаткан жериңиз жайлуу болсун!

Кыргыз эл артисти Ашырбек Чокубаевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө, бүгүн, 13-мартта, жерге берилди. 

Айгүл  Бакеева