15 август 2018
Бишкек убактысы: 18:27


АКШ: Кулаган учактан 9 киши курман болгону айтылууда

Бүгүн, 3-майда, АКШнын Жоржия штатында аскер-транспорт самолету кулады. РИА Новости агенттиги WSAV-TV телеканалына шилтеме жасап, болжолдуу маалымат боюнча андагы 9 адам тең курман болгонун билдирди.

Кулаган самолеттон алгач беш адам курман болду деп жатышса, болжолдуу маалыматтар боюнча андагы 9 адамдын эч кимиси тирүү калбаганы кабарланууда.

Самолет абага көтөрүлөрү менен эле жолго кулап түшкөн. Полиция өкүлү бул учурда жолдо машина болбогонун айтат.
Учак Аризонадагы Дэвис-Монтана штатын карай бара жаткан.

С-130 Hercules самолету АКШдагы гана эмес, дүйнөдөгү негизги тактикалык транспорттук самолет. Ал 20 тоннадай жүк көтөрөт. Түзүлүшүнө жараша ага пулемет-пушка куралдарын орнотсо болот, ошондой эле аскер жана согуш тезникасын салууга ылайыкталган. 90 жоокерди же 60 парашютчуну батырат.