15 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 01:38


“Ак илбирс” кино сыйлыгы бүгүн ыйгарылат

Бишкекте бүгүн, 28-апрелде, мыкты кинофильмдерге улуттук “Ак илбирс” 2018” кино сыйлыгы ыйгарылат.

Иш-чара кечки саат 17:00дө “Манас” кинотеатрында өтөт. Көрүнүктүү киночулар  2017-жылдагы мыкты тасмаларды аныкташат.

Талапкерлер арасында  Руслан Акундун “Апамды издейм”, Актан Арым Кубаттын “Кентавр”, Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай” кинофильмдери жана бир катар документалдык фильмдер ж.б. эмгектер бар.