15 август 2018
Бишкек убактысы: 18:28


Айжан Чыныбаева: “Акча дайыма чуркап турушу керек”

Айжан Чыныбаева – ийгиликтүү ишкер айым, «Prego» ресторандарынын кожойкеси, Club Hotel’дин өнөктөшү, позитивдүү ой жүгүртүү боюнча тренер, ошол эле убакта бактылуу эне, камкор жар. Айжан айым менен көптөн бери жолугуп, маектешким келип жүргөн. Бирок аны кармоо кыйын. Бирде чет өлкөдө болсо, бирде тренингдерде, же дагы башка долбоорлор менен иштеп жүргөн болот. Ошентип жүрүп акыры жолуктук. Маектешүүдөн кийин мотивация алып, кантип канат байлап чыкканымды бул бизнес леди менен жолугуп сүйлөшкөндөр жакшы билсе керек.

— Айжан айым, аялга ишкер болуу оңойбу же кыйынбы?

— Бизнестеги ар бир адамга кыйын. Бул нерсе адамдын жынысына карабайт. Статистика боюнча, жер планетасынын 10%ы гана ишкерлер. Ошондуктан, ишкер болуу эркекке дагы, аялга дагы кыйын. Аял ишкерди жолдошу, үйбүлөсү, жакын адамдары колдобосо, андан дагы кыйын. Жолдошунун жардамы жок бизнести аркалап жүргөн аялдарга мен аябай баа берем. Эгер жакын адамдарың колдоп турса, бул кадимки эле жумуш. Врач болуу, мугалим болуу кандай кыйын болсо ошондой эле болот.

— Бизнестеги идеяларыңызды жолдошуңуз колдобой койгон учурлар болобу же дайыма колдоого алабы?

— Башында колдогон жок. Анткени, ресторан, мейманкана иштетүү бизнестин эң кыйын түрү болуп саналат. Мен мурда “Хаят” мейманканасында карьерамды нөлдөн баштап, иштеген үчүн колдоду. Бирок, аябай кабатыр болуп жатты. Азыр эки мейманканам, төрт рестораным болсо дагы баары бир ордуңда калып калбаш керек. Ар бир алты айда бардык нерсе өзгөрүп турат, демек, дайыма үч кадам алдыда болуу зарыл. Күн сайын жаңы мейманкана, жаңы ресторан ачылып турат. Атаандаштык күчтүү.

— Ишкер болуу бала кездеги кыялыңыз беле?

— Апам өмүр бою жетекчи болуп жүрдү. Товаровед болду, Кайыңдыда райондук керектөөчүлөр союзунун жетекчиси болуп жүрдү, Кара-Балтада универсалдык дүкөндү жетектеп жүрдү. Апамды көрүп, мен дагы жетекчи болгум келип жүрдү. Жетекчи болуудан мурда өзүңдү көзөмөлдөөнү үйрөнүшүң керек: өзүңдүн оюңду, сөздөрүңдү, кадамдарыңды. “Мен муну жасай албайм го” деген ой пайда болгондо токтоп, башка иштер менен алектенүү зарыл. Телефонду өчүрүп, спорт менен машыгып, же жалгыз басып. “Бул болбой калса, мен жашап кете аламбы? Эмне өзгөрөт?” деген суроолорду бериш керек өзүнө. “Жок, мен муну жасашым керек” деген бүтүмгө келсеңиз анда кайра кайтып келип иштеңиз.

— Сиздин бир берген маегиңизде квартираңызды күрөөгө коюп бизнес баштаганыңызды айтып берип, “мындай тоболкелчиликке барбаш керек” деп айткан элеңиз. Мындай чоң тобокелдикке барган туура эмеспи?

— Бизнес семинарларда “Минтиш керек, тигинтиш керек” деп айтышат. Бирок биз ар түрдүүбүз да, бирибиз бирибизге окшобойбуз. Менде ийгиликтүү бизнес жасоо үчүн кандайдыр бир формула деле жок. Бирок, квартираны күрөөгө коюу – балким ошол убакта менин катачылыгым болсо керек. Ал учурда рынокто мейманканалар жок болуп, мага жол ачылды окшойт. “Мен жасагандай жасагыла” деп кеңеш бере албайм, анткени, бул чоң жоопкерчилик. Өзүңдүн ички дүйнөңө кулак салыш керек. Мен тренингдеримде айтам “Кафе ачкың келеби? Анда кафеге идиш жуугуч болуп жумушка кир. Бардык тепкичтерин басып өт. Идиш жуугуч, официант, ашпозчунун жардамчысы, анан администратор бол” деп. Ошондо адам ал иштин ички кухнясын түшүнөт, жагабы-жакпайбы, ошондо баа бере алат. Колуңда 20 миң долларың болуп “бир бизнес кылышым керек эле” десең, жыйынтыгында түшүнүксүз бир бизнес болот. Эгер сен кандай бизнес ачарыңды так билсең, анын ийгилиги дагы ошондой болот. Биз көчмөн элбиз да, бир бизнес болбой калса, башкасына аракет кылып көрөбүз. Бир эшик жабылса, экинчи эшик ачылат. Айрым учурларда экинчи эшик ачылбай туруп калган учурлар болот. Мындай учурларда жөн гана өзүңдү өнүктүрүүгө акча салып, күтүп туруу зарыл. “Эмнеге мен бул ишти жасай албай жатам?” деп анализдеш керек. Анан психологго, бизнес консультанттарга баруудан коркпош керек. Алардын кеңеши сага кереги тиет. Өзүм кылам деп жүрө берсең, сен өзүңө туура эмес баа берип алган болуп калышың мүмкүн.

— Сиз баштаган иштериңиздин эң ылдыйкы тепкичинен баштап басып өттүңүзбү?

— Мен жогоруда айткандай “Хаят” мейманканасында иштеп бул чөйрө менен тааныш болчумун. Бул мейманкана жаңы курулуп аткандан баштап иштедим, биринчи документтерди түзүп, биринчи кардарларды тартып, сатуу бөлүмүн түзгөм. Ал эми АКШда жүргөнүмдө официанттын жардамчысы, официант болуп иштегем. Тейлөө тармагында тажрыйбам бар болчу.

— Ишкерликтеги биринчи ийгилигиңизди айтып бересизби?

— Апам менен биргеликте кийим сатуучу дүкөн ачканбыз. Биринчи жарым жылдыкта ишибиз жакшы жүрүштү. Анткени, коллекцияларды өзүм буюртма берчүмүн. Ал учурда Бишкекте Италиядан эч ким кийим алып келчү эмес. Кийин менин боюмда болгондон кийин, коллекцияны башка кыздар буюртма берип, сатып ала баштады. Коллекцияны заказ берген кесипти buyer деп коет. Апам башка байерлерге алдыргандан кийин дароо эле акчабызды жоготтук. Ушул эле ишкерликтин ийгилигин дагы, жоготуусун дагы көрдүм. Кийин мейманкана ачам деген ой болуп, квартирабызды күрөөгө коюп ачтым. Керектүү жумуштардын баарын жасадым, компаниялар менен келишимдерди түздүм, рекламаларды бердим, бирок жарым жыл бою кардар келбей койду. Мунун аркасынан ыйлап жүрдүм. Өзүмдү басып, инсан катары өнүктүрүүчү китептерди окудум, жумушчуларым менен сүйлөштүм “азыр мен силерге акча төлөй албайм, бир аз күтүп туралы” деп. Жарым жылдан кийин менин бир таанышым телефон чалып “Номер барбы? Чет өлкөдөн коноктор келмек” деп сурады, мен мейманканама чалсам “Орун жок” деп айтышты. Мына ушул ийгилик болчу. Мен ал таанышыма телефон чалып, ушунчалык ырахаттануу менен “Орун жок” деп айттым.

— Азыр эми бир канча бизнестин ээсисиз, анын баарына кантип жетишесиз?

— Менин командам күчтүү. Мурунку официанттар, жардамчыларды биз акырындан өстүрөбүз, үйрөтөбүз. Ар бир мекеменин өзүнүн менеджерлери бар, канча акча табыш керек, кандай иштерди жасаш керек билишет, өздөрү кожоюн. Мен келип отчетторун эле карайм. Жетишип жатам.

— Бир күндө канча саат уктайсыз?

— Жакшы эле уктайм. Менин проблемам – балдар уктагандан кийин түнгө чейин китеп окуйм. Бул туура эмес, ошого азыр жок дегенде саат он бирде уктаганга аракет кылып жатам. Ошондо таңы 6-7де турса болот. Анан машыгууга барам.

— Күн сайынбы?

— Ооба, күн сайын. Ишкерлер дайыма стресс менен жүрөт, анан ичинен өзүн жеп коет. Желкем ооруп атат деп айтышат го, чынында желке деле оорубайт, ошол стресс болуп атканда ошондой сезилет. Ошондуктан, мен машыгуу менен тердеп, аны чыгарып салганга аракет кылам.

— Сизде жалкоолук деген болбойбу?

— Болот, албетте, жалкоолуксуз кантип болсун (Күлөт). Денең чарчаганда жөн гана телефонду өчүрүп, телевизорду сайып алып, зомби сыяктуу үйдөн чыкпай коем. Же жок дегенде төрт күнгө башка өлкөгө кетип калам. Ооба, бул кымбат. Бирок, аябай жакшы жардам берет.

— Акчаңызды кантип сактайсыз?

— Ишкерлерде акча сактоо деген түшүнүк болбойт. Болгон акчаны кайра инвестиция кылып салып турасың. Акча дайыма чуркап турушу керек. Бир жерге бир буюм сатып алыш керек болот, же бир жерин кеңейтишиң керек. Өзүңдүн чыгымдарыңа бир аз чыгарып аласың, бирок кенен ала албайсың. Мен негизи акчанын аркасынан куубайм. Өзүмө, Кудайга шүгүр, жетет. Пайда болгон акча менен мен башкаларга жардам бергим келет. Өзүмдүн акчама мектеп кургум келип жүрөт, бирок, азырынча ал деңгээлге жете элекмин. Азырынча, айылда жакшы окуп, бирок бул жактан окуганга мүмкүнчүлүгү жок балдардын окуусун төлөп берем, стипендия берем, же кимдир бирөөнүн операциясына акча берем. Ошон үчүн мен бизнести акча иштеп, башкаларга жардам берүүчү мүмкүнчүлүк деп билем. Баарына жардам берип бүтө албасымды түшүнөм, бирок баары бир кимдир бирөөгө жардам бере албай калсам кыжалат боло берем.

— Бизде, кыргыздарда, бирөө ийгилик жаратып баштаса эле, карыз сурагандар көбөйөт деп коюшат эмеспи. Сизден сурагандар дагы көппү?

— Ооба, андайлар көп. Мен көп учурда жардам берем. Мүмкүнчүлүгүмө жараша. Жумушчуларым, бир жылдык айлык-акысын сураган учурлар болот, “машине алат элем, үй алат элем” деп. Анан кантип баш тартам. Эгер мага Кудай акча берип жаткан болсо, ал башкаларга жардам бер деп атат деп түшүнөм. Бирде бир сүрөтчү байке келди. Инсульт алган экен. “Менин картиналарымды сатып ал, акча сурай турган эч ким жок” деп. “Байке, азыр менин акчам жок. Ижара аксын төлөшүм керек. Эгер кокустан менде акча болуп калса, мен ошону сизге берем” дедим. Эртесинде дос кызым телефон чалат “Мен сага карыз болчумун, ошону берейин дегем” деп. Анан ал акчаны ошол сүрөтчү байкеге бердим. Кыргыздар өзү материалдык байлыкты куубаган эл да. Эң башкысы башың аман болсо болду дейбиз. Бүгүн бар оокат, эртең жок. Ошон үчүн мен колумдан келишинче башкаларга дагы жардам бергенге аракет кылам.

— Бир маегиңизде кайсы бир китепти окуп, өзүмө акча тартканды үйрөндүм деп айткан элеңиз. Бул маалыматты башкалар менен дагы бөлүшүп кетпейсизби?

— Ал китепке чейин мен эмнени каалсаң баарына жетсе болорун түшүнүп калдым. Кичине кезимде бир саатты аябай кыялданып жүргөм. Атам туулган күнүмөө белек кылса экен деп, күндө Кудайдан сурачумун. Тогуз жолу сурасаң, Кудай берет дегенди угуп алып, ошого ишенип, сурай берчүмүн. Эки айдан кийин атам чын эле ошону мага алып берди. Мындан мен Кудайдан эмне сурансаң ошону берет дегенге ишендим. Мен математикалык багыттагы мектепте окучумун. 8-класста окуп жүргөн кезде аябай англис тилин окугум келди. Апама англис тил багытында окуткан мектепке которуусун сурандым. Барсак ал мектептегилер “Болбойт, бул жактагы окуучулар 2-класстан баштап англис тилде окушат, силер 8-класс болуп калыпсыңар. Жетишпейт” деп коюшту. Жарым жыл жанталашып англис тилин үйрөндүм. Оюн дегенден баш тарттым. Анан олимпиядалардан жеңип баштадым. Америкага барам деп кыялданып баштадым, кинолорду көрүм, ошол сюжеттердин ичинде өзүмдү элестетээр элем. Кийин Америкалык FLEX программасынан жеңип, ал жакка окуганы кеттим. Ал жакта окуп жүргөндө 100 доллар стипендия алчумун. Анын 60 долларын мен жашаган үй-бүлө алчу, калганы – тамак-ашка. Күнүнө жок дегенде 10 доллар керек эле. Ал бир айга жетпейт же ата-энемден сурай алчу эмесмин. Америкалык чогуу окуган досторум болсо кафеде чогуу отурсак да тамагынан бөлүшчү эмес. Кыргыздарда бөлүшүшөт го, аларда андай жок болчу. Үч ай акчасыз, ачка жүргөндө кудайга кайрылбай, кимге кайрыласың? Ошондо «иште» деген ой келип, жумуш издей баштадым. Жарыялар жазылчу тактага мага жумуш керектигин жазып, чогуу окугандарды да кабардар кылып койдум. Акырындап кайрылуулар түшүп, бала бага баштадым. Бир күнү бир үй-бүлөгө бардым. Балдары чоңоюп эле калыптыр. Апасы кеткенде алар уктап калды. Карасам жер төлөөсү аябай кир экен. Бош отурбай ал жакты, ашкананы тазалап, баарын мизилдетип жыйнап койдум. Кожойке келип: «Мен сага жыйнаганың үчүн төлөп бере албайм», – деп, аябай таң калды. Албетте, мен дагы эч нерсенин кереги жок дедим. Болбой эле ошол күнү мага 30 доллар берди. Аябай кубандым. Анан кийин 2002-жылы Наталия Правдинанын “Я привлекаю деньги” деген китебин окудум. Бул китеп менин буга чейинки билгендеримди бекемдеп койду. Көп ийгиликтүү ишкерлер тапканыңдын 10%ын сактоо керек деп айтат. Мен максаттарыңды кагазга жазып, сүрөтүн кошо чаптасаң тезирээк ишке ашат дегенге кошулам. Анткени, күн сайын карап, элестетесиң, сенин малекулаларың ошону менен азыктанат. Айланаңдагы вибрация ошол каалаган ыңды тартып турат.

Дилбар Алимова