19 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 04:51


Аида ИСМАИЛОВА, ЖК депутаты: “Жолдошум экөөбүз сегиз жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук”

“Мурда жолдошумдун романтик экенин байкачу эмесмин. Убакыт өткөн сайын романтик экени сезилди. А мен таптакыр романтик эмесмин. Баарын тарс-тарс чечип салганды жактырам. Ошондон улам аялдарга караганда атамды көбүрөөк түшүнчү болушум керек” – дейт Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова. Анткен менен бир кезде өзү ыр жазып, ырдап жүрчү экен.

—1976-жылы Фрунзе шаарында төрөлүп, балалыгымдын бактылуу көз ирмемдери шаарыбыздагы 10-кичи районунда өттү. №62 мектептен билим алгам. Орто мектепти аяктап Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетине окууга кирип, корей экономикасы адистигине ээ болгом. Кесибим боюнча 2-курстан тарта иштеп баштагам. “Баласагын” деген жеке менчик бала бакча менен келишим түзүп, бакчанын балдарына корей тилин үйрөтчүмүн. Өзүм университеттен сабак окуйм, ошол эле сабакты кайра балдарга үйрөтөм. Практика жүзүндө иштеп да, каражат таап да жүрдүм. Жыйырма жашымда корей тилин мыкты өздөштүрүп, корей фирмаларынын бирине жумушка орноштум. Кийин, жогорку окуу жайын аяктаарым менен, мыкты компанияларга жумушка чакырышты. Ошентип, Кореянын эң мыкты компанияларында инвесторлор менен 20 жылдай иштештим. Бизнесим деле корей тили менен байланыштуу болду. Ооба, буга чейин бизнестин көп түрү менен алектенип келгем.

— Жолдошуңуз менен кантип таанышып калгансыз? Кайсы кесиптин ээси?

—Жолдошум Эрнист. Эки кесиптин ээси – юрист, экономист. Ал Бишкек гуманитардык университетинин экономика факультетинде билим алып, корей спортунун “таэквондо” деген түрү менен машыкчу. Ал убакта корей факультетинде окугандар менен корей спорту менен машыккандарды бириктирип, ар кандай кечелерди өткөрчү. Ошондой кечелердин биринде, 2-курста таанышканбыз. Таанышканда эле бири-бирибизге болгон жактыруу сезимдери болгон. Экөөбүз сегиз жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Сегиз жыл аралыгында кандай гана кызыктуу күндөр өткөн жок. Алар Асанбай кичи районунда, мен 10 кичи райондо жашачумун. Эки райондун ортосунда көптөгөн кызыктуу күндөр өткөн. Сегиз жыл аралыгында менин ишиме да көнүп бүткөн. Инвесторлор менен иштешкен учурда күн-түн дебей, кайсы учурда учуп келишсе да аларды тосуп келип, сүйлөшүүлөрдү өткөрчүмүн. Кээде жолдошум жанымда мени коштоп жүрүп калчу. Ал менин ишимди түшүнөт. Биз көп жыл сүйлөштүк да. Эсимде, бир күнү апам “Ай, сен жыйырма беш жашка чыгып калдың, канча жылдан бери сүйлөшүп келе атасыңар. Аның бир күнү жаш кыз алат да, кетип калат” дегенде, менде эмнегедир коркуу сезимдери пайда болгон. Анан мен ага барып “Мен башкага турмушка чыгам” деп айткам. Ошондон бир ай өтпөй эле жолдошум: “Ата-энем үйүңө келип сөйкө салышат” деп баш кошуп калганбыз.

— Алгач келин болуп барган күнүңүз эмнеси менен эсиңизде калды?

— Биз кайнене-кайнаталарыбыз менен он бир жыл бирге жашадык. Мен орус чалыш болуп, кайненем айткан нерселердин кээ бирин түшүнбөй калган учурларым болду. Бир күнү кайненем жумушка кетип баратып “Шыйракты асып кой” деди. А мен шыйрак деген эмне экенин билчү эмесмин. Бир маалда кайненем телефон чалып, “Түшкү тамакка эмне жаса дедим эле?” деп атпайбы. Анда мен “апа, там какие-то черные буты и головы” десем, аябай күлгөнү эсимде. Дагы бир нерсе эсиме түштү. Конок келгенде апам аябай даамдуу чучуктарды жасачу. А мен чучуктун этин аябай жакшы көрчүмүн. Бир күнү конок тосуп атканбыз. А казанда толтура чучуктар бышып аткан. Аларды карасам арасында бир чучук жарылып калыптыр. Аны акырын алып, ичиндеги этин чыгарып жеп алдым. Бир маалда эле апамдын “Ай бул эмне болду? Муну ким жеп алды?” деген үнү угулду. Кийин мен жеп алганым билинип калган (күлүп).

— “Кайнененин камырынан” демекчи, кайненеңизге окшош жактарыңыз барбы?

— Кайненем мыкты кожейке. Ападан мага көп нерсе өтүшүн каалайт элем. Ооба, кээ бир жерлерибиз окшош. Мисалы, анын жини тез келип, тез тарап кетет. Менин да бир нерсеге жиним тез келгени менен бат эле жазылып кетем. Бизнести жакшы өздөштүргөн жагыбыз да апам экөөбүздүкү окшош го. Ал да бизнести жакшы алып кете алат.

— Жолдошуңуз романтикпи?

— Мурда романтик экенин байкачу эмесмин. Убакыт өткөн сайын романтик болуп баратат. А мен таптакыр романтик эмесмин. Баарын тарс-тарс чечип салганды жактырам. Ошондон улам аялдарга караганда атамды көбүрөөк түшүнчү болушум керек.

— Бир үй-бүлө болгондон кийин казан-аяк кагышпай койбойт. Мындай учурду кантип жеңесиз?

— Чынын айтсам, биздин урушканга убактыбыз деле болбойт. Иштеримдин көптүгүнөн улам үйгө кеч барам. Жолдошум балдарды карайт. Ооба, кээде бир аз келишпестиктер болуп кетет. Андай учурда экөөбүз тең бир-эки саат бири-бирибиз менен сүйлөшпөй калабыз. Эки сааттан кийин эмне болуп сүйлөшө баштаганыбызды деле байкабай калам.

— Эркектердин басымдуу бөлүгү аялынын лидер болушун каалашпайт го. Сиздин үй-бүлөдө бул жагы кандай болду?

— Жолдошум кандай кырдаал болбосун дайыма мага жардам берип, колдоп эле келе жатат. Мисалы, биз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө түн ичинде аэропортко барып, инвесторлорду тосуп келчүмүн деп айтпадымбы. Анда деле каршылык кылчу эмес. Себеби, экөөбүздүн ортобузда бири-бирибизге болгон ишеним бар.

— Канча баланын энесисиз?

— Эки балам бар. Кызым абдан акылдуу, кайсы мектепке барып окубасын, отличник болот. Уулум да эжесинен калбай жакшы окуйт. Балдарымдын окуусу жактан көйгөй жок. Башынан эле алардын окуусуна анчалык көңүл бура алган жокмун, баланын дээринен экен, өзүлөрү эле аракет кылып жетишип атышат. Балдарды чектен чыгарбай тарбиялайм, азыр алар жеке менчик мектептерде билим алышат.

— Силердин үй-бүлөдө да акча жетишпеген учурлар болобу?

— Бардык эле үй-бүлөдө акча жетишпеген учурлар болсо керек. Себеби, акча канчалык болгон сайын дагы болсо дейсиң. Кичинекей нерсени алсаң, андан чоңураагы болсо экен деп кыялданасың да.

— Кеп нугун сулуулукка бурсак, сулуулугуңузга кантип кам көрөсүз?

— Сулуу болоюн деп эч кандай аракет кылбайм. Менимче, кырк жашка чыккыча бетке эч нерсе кылбай эле койгон пайдалуу. Кээде интернеттен окуп үй шартында бет маскаларды жасап колдоном. Корей косметикасына көбүрөөк басым жасайм.

— Күнүмдүк жашоодо кандай кийимдерге басым жасайсыз?

— Өзүм арык болгондуктан күнүмдүк жашоодо бош кийимдерди кийгенди жактырам. Бирок жумушума байланыштуу классикалык кийимдерди кийгенге туура келет. Чет мамлекеттерге барганда керектүү буюмдарымды сатып алганга аракет кылам. Эң кымбат кийимимди да беш жыл мурда чет мамлекеттен сатып алгам. Ал азыр да менин гардеробумда сакталып турат. Аны көп жыл кийдим.

— Чыгармачылыкка кызыгасызбы?

— 10-11-классымда “Эрсай” аттуу топто ырдачумун. Кийин Рафаэль Сарлыков агайдан вокал боюнча сабак алгам. Жогорку окуу жайга тапшырганда окуум оор болгондуктан, ырчылыкты таштап койгом. Үнүм ошол бойдон сакталуу, бирок ырларымды унутуп калдым. Бир убакта өзүм да ыр жазчумун. Азыр жазбай калдым.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА