Абанын температурасы төмөндөйт

  • 1 год мурун

Эртең, 1-октябрда, күндүз Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүү таратты.

1-октябрда абанын температурасы төмөндөйт:

-Чүй жана Талас өрөөндөрүндө күндүз  11…16°;

 -Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 16…21°;

— Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 9…14°, тоолуу райондордо 1…6°, бийик тоолуу райондордо -1…+4° ка чейин болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

2-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты