Балдарды наристе кезинен өнүктүрүү керек

Балдарды наристе кезинен өнүктүрүү керек
Бишкекте, Ала-Арча резиденциясында 15-16-майда “Балдарды эртелеп өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана анын келечеги” аттуу биринчи эл аралык форум болуп өттү.
Улуттук форум Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, Ага Хан Фонду менен өнөктөштүктө Кыргызстан Өкмөтүнүн колдоосу астында өткөрүлдү. Иш-чарага республикалык өкүлдөр менен катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, АКШ, Улуу Британия, Австрия, Түркия ж.б. өлкөлөрдөн эксперттер катышты.
Роза Отунбаева “Эмнеге бул тууралуу биз азыр гана айтып жатабыз?”
Аталган форумда баяндама жасагандан кийин Роза Отунбаева журналисттерге кыскача маек курду.
“Эгер бүгүнкү темп менен кетсек, анда, ойлоп көргүлө, биз 2053-жылы гана балдарды мектепке чейинки билим менен кандайдыр камсыздай алат экенбиз. А эмнеге атайын билим маанилүү? Анткени бул— билимдин негизи, пайдубалы.
Эмнеге бул тууралуу биз азыр гана айтып жатабыз? Буга дайым эле аз көңүл бурулуп келген. Совет мезгилинде балдар бакчаларынын көп болгону ал учурда өндүрүштүк зарылчылык бар болчу. Жумушчу күчүнүн колун бошотуш керек эле.
Мектепке чейинки окуудан өткөн бала мектеп программасын өздөштүрө алат. Эгер баланы мектепке даярдабаса, тиешелүү социалдаштыруудан өтпөсө, анда ал мектепте жакшы окуй албайт. 6-7-класстарга келгенде мектепти таштап коет. Андан өндүрүмдүү иштөөнү да күтпөш керек. Бул илимде тастыкталган, бул үчүн Нобель сыйлыгын да алышты.
2030 –жылы планетада жакырчылык болбойт десек, бизде азыркы абалыбызда жакыр боло беребиз. Ал эми жакырчылыкты жоюунун жолдорунун бири—баланы эрте жашынан өнүктүрүүгө салым кошуу.

Балдарды наристе кезинен өнүктүрүү керекИлим баланын мээси үч жашка чейин калыптанат дейт, Бала боюнда кезде ыр ырдап бериш керек, балдар ырын эмес, олуттуу ырды да уктуруш керек дешет. Баланын биринчи 100 күнү маанилүү экен. Биз баланы биринчи жүз күнүндө ороп-чулгап салабыз, бирок бала менен сүйлөшүп, аны угуп, көчөгө алып чыгыш керек экен. Буга маани берип, мамлекеттик программа кабыл алып, тарбиячыны окутуш керек.
Масару Ибуканын баланы эрте жаштан өнүктүрүү туурасындагы китеби 40 жыл мурун чыгыптыр. Нейро илим өнүгүп жатат. Окумуштуулардын айтымында, адамдын мээси биринчи үч жылга чейин 80 пайыз, дээрлик чоң адамдыкындай эле болот экен . Бул жагынан биз европалык өнүккөн өлкөлөрдөн калып калдык. Кытай, Түркияда да жаш балдарга инвестиция берип, билим берүү системасын көтөрүп жатат” деди.

Ал эми улуттук форумда жасаган баяндамасында Р. Отунбаева Кыргызстанда балдардын 30 пайызы гана мектепке чейинки мекемелерге бараарын, ал эми 700 миңдей бала мектепке чейин эч жерде даярдыктан өтпөгөнүн белгиледи.
Баяндамада айтылгандай, Казакстанда Нурсултан Назарбаев балдарды эрте жашынан өнүктүрүүнү негизги маселе катары койсо, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев атайын Мектепке чейинки министрликти түзгөн. Кыргызстанда болсо мектепке чейинки тарбиялоого анчалык маани берилбей келе жаткандыгы, бюджеттин 25 пайызы билим берүүгө жумшалса да, андан натыйжа чыкпай жатат.

Айрым аракеттерди “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду балдарды эртелеп тарбиялоого маани берип жаткандыгын мисал келтирилди. Жайлоо бала бакчалары, аймактардагы өнүктүрүү борборлору буга мисал.
Отунбаева ошондой эле балдар адабиятын өнүктүрүүгө маани берүү керектигине, кыргыз тилинде балдардын кызыктуу китептери аз экендигине токтолуп кетти. Балдарды эрте жашынан өнүктүрүү маселеси боюнча убактылуу парламенттик комиссия түзүүнү сунуштады.

Балдарды наристе кезинен өнүктүрүү керекЮкиэ Мокуо, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси:
“Балага жумшалган ар доллар 7 долларлык киреше берет”
ЮНИСЕФ уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Юкиэ Мокуо Кыргызстанда 2 млн дон ашык бала жашаарын, бул калктын дээрлик 40 пайызын түзөөрүн жана инвестиция абдан маанилүү экенин белгиледи.
“Инвестиция абдан маанилүү. Баланы эртелеп өнүктүрүүгө жумшалган ар бир доллар кийин болжол менен 7 долларлык киреше берет. Бул кайтарым билим берүү жана саламаттык сактоодо, кылмыштуулуктун азайышы жагынан байкалат. Ошондой эле ал адамдардын жеке жылдык кирешеси 25 пайыз жогорулатууга түрткү берет” деди Юкиэ Мокуо.

Алтынай Өмүрбекова, КР вице-премьери:
“Бала бакча менен толук камсыздоого мүмкүн эмес болууда”
“3 жаштан 5 жашка чейинки балдардын  айрымдары мектепке чейинки мекемелерге барбай калышат. Ошондуктан балдардын кыска убакытка бала бакчаларда болушун камсыздооБалдарды наристе кезинен өнүктүрүү керек натыйжалуу жол болуп саналат”деди.
“Тилекке каршы, бүгүн өлкөнү бала бакчалар менен толук кандуу камсыздоо мүмкүн эмес болууда. Ошондуктан жеке тармакты тартуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү ишке ашыруу сыяктуу эле бул багытта жигердүү өнүгүшү керек. Коомчулук балдарды эрте куракта өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана мектепке чейинки даярдоонун милдеттүүлүгү тууралуу кабардар болушу зарыл” деп айтты Алтынай Өмүрбекова.
Биринчи улуттук форумдун жүрүшүндө Кыргызстандын мектепке чейинки билим берүү тармагынын өкүлдөрүнө, ата-энелерге баалуу кеңештер берилди. Чет өлкөлүк өкүлдөр жана эксперттер секцияларда бул багыттагы дүйнөдөгү алдыңкы тажрыйбалар тууралуу айтып беришти.
Ал эми Ага Хан фондусунун директору Жамил Уддин мындан ары дайыма байланышта болууга аянтча түзүу керектигине токтолду.
Балдарды эрте өнүктүрүү процессинде маанилүү ролду мугалимдер жана мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө эмгектенгендер ойнойт. Бирок мугалимдердин 20%ынын гана мектепке чейинки билим берүү мекемесинде иштөөгө зарыл билими бар, башка мугалимдердин көпчүлүгү талап кылынган окутуудан өткөн эместиги айтылды.

Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты