21 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 21:55


№47 мектеп директору кызматтан кетти

№47 мектептин 8-классынын окуучусу 9-класстын окуучусу тарабынан сабалгандан кийин мектептин директору, өспүрүмдөр менен иштөөчү инспектор жумуштан кетирилип, шаардык мэриянын вице-мэрине, билим берүү башкармалыгынын жетекчисине сөгүш берилди.  Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.   

9-класстын окуучусунун 8-класстын окуучусун сабап койгондон кийин мектеп директору, өспүрүмдөр менен иштөөчү инспектор кызматтан кетирилди. Ал эми билиим берүу башкармалыгын жетекчисине жана вице-мэрге сөгүш берилди.

Ал эми ИИМ  тараткан маалыматка ылайык,  12-октябрда саат 12. 30 чамасында милицияга №47 мектептин 8-классынын окуучусу М.А. №3 ооруканага сабалып түшкөнү кабарланган. Окуучу баш мээсинен жабыркап, оозу жарылып, мурдунун сөөгү сынган.   Адегенде бул тууралуу кабар фейсбук баракчасында маалымдалган.

Бул окуя боюнча Ленин ИИБинин иликтөө-ыкчам тобу барганда аталган мектептин 9-классынын окуучулары Айдар жана Мурат акча талап кылып, аны сабаганы тууралуу айтылган. Жабыркаган окуучунун атасы ошол жактан милицияга арыз жазган.

8-класстын окуучусу М. А. “Жетиген” күркөсүнүн жанынан эки өспүрүмдүн ортосунан өтүп баратып, бирине кокусунан далысы тийип кеткенин,  ал бала  9-класстын окуучусу экенин жана ошол жерден айтыша кетип, аны Мурат сабап салганын айтты. Бирок окуучунун акча талап кылганы ата-энесинин көзүнчө татыкталган эмес.

Сабаган  жана сабалган окуучулардын атасы мурда милицияда иштешкен, азыр пенсияда болгон.