Кыштын камын күздө көр

Кыштын камын күздө көрЖайдын ысык күндөрү да өтүп, күзмезгили да кирип келди. Жашылча, жер-жемиштер бышкан убак. Күз дегенде эле баарыбыз кыштын камын ойлоп, айымдар билген салат, кыямдын түрлөрүн жасап баштасак, мырзаларыбыз отун-суусун белендеп, тегерек четти тазалап, үйлөрдү жылуулашат.

Айымдарга жардам иретинде биз оригиналдуу салаттардын рецепттерин сунуштап, жашылча-жемиштердин организмге пайдалуу жактарын айтып беребиз.

Баклажан – аз калориялуу жашылча болгондуктан, толуп кетүүдөн сактайт. Анын курамында калий көп болгондуктан, жүрөктүн иштешин жакшыртат. Мындан сырткары бөйрөк, боор, атеросклероз, остеохондроз, муун, жүрөк-кан тамыр ооруларына пайдалуу азык. Баклажан заара кубалоочу касиетке да ээ. Ал эми сарымсак менен пиязды дайыма ченеми менен колдонгон адам жоон ичеги рагына жана жүрөк ооруларына чалдыкпайт. Аталган жашылчалар кандын курамындагы холестеринди азайтып, клеткалардын эрте картаюусунун алдын алат. Болгар калемпири витаминдерге бай азык. Болгар калемпиринин курамында минералдык туздар, натрий, темир, цинк, йод, фосфор, магний бар. Бул жашылча чачтын өсүүсүнө, көрүү органдарына пайдалуу. Өзгөчө кант диабети, аз кандуулук, остеопороз дартыначалдыккандарүчүнэңкеректүүазык. Иммунитеттичыңдайт.Ал эми помидор С, В1, К жана РР витаминдерине бай. Помидордун курамындагы ликопин заты рак, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат жана мээнин иштешин жакшыртат. Ошондой эле помидор бөйрөк, атеросклероз ооруларына миңдин бири. Мындан сырткары бул жашылча тамакты бат сиңиртүүчү, көңүлдү көтөрүп, депрессиядан чыгууга жардам берүүчү касиетке ээ. Сабиз болсо организмди А витамини менен каржылап, көз жана териге өтө пайдалуу жашылча. А витамини сизди рак, жүрөк-кан тамыр ооруларынан сактап, ден соолугуңузду бекемдейт.

Консервациялоодо жашылча жемиштер өзүнүн сапатын жоготпой, кышкыга даяр азык болуп берет. Атактуу айымдарыбыз да мындай камылгадан куру калбай,  кимиси канчалык даяр экенин айтып беришти.

Кыштын камын күздө көрСалима Балтаева: —Кышкыга даярдыгым жакшы. Алча, малина, өрүктөн ширелерди, кыямдарды жасап койдум. Мына бүгүн приправа жасап аткам, салаттын түрлөрүн жасап бүтүрдүм. Эми муздаткычка сактай турган жашылчаларым калды болгону.

Анапия Райымбекова: — Мен өзүм үшүкчүл адаммын. Кыштын камын күздө көрКышкыга эрте эле даярданып баштайбыз. Кыштын негизи камын жакшы көрүш керек. Єзүңөр билгендей, чыгармачыл адамдардын убактысы тар болот, ошондуктан мага көбүнчө келиндерим жардамдашып, погрибимди толтуруп беришти. Алар өзүлөрү билип эле мен жакшы көргөн салаттарды, кыямдардын түрлөрүн жасашат.

Кыштын камын күздө көрНазми: —Негизи биз кичинекей кезибизде кышкыга даярдалган салаттарды жазгыга жеткизбей эле жок кылчубуз, андыктан апам салаттардын түрлөрүн көп жасап, кышкыга даярдыкты жакшы кылчу. Азыр болсо кудайыма шүгүр, заман өзгөрүлүп, кожейкелерге көп жеңилдиктерди алып келди. Даяр нерселер көп болгондуктан, кышкыга консервациялабай эле дароо жасап бергенге мүмкүнчүлүктөр бар. Менин балдарымдын бирөөсү “сельд под шубою” салатын жакшы көрсө, экинчиси “оливье” салатын тажабай жей берет. Кышкы салаттарын жебегендиктен мен аларды жасабайм. Кыямдын түрлөрүн, ширени жакшы көрүп ичишет. Ошолорду гана жасайм. Кышкы салаттардын ордуна дароо эле даярдала турчу салаттарды жасап берем.

Кыштын камын күздө көрБаклажандан салат

Керектелүүчү азыктар:

Баклажан – 5 кг

Кызыл калемпир – 1 кг

Сарымсак – 300 гр

Укроп – 1 тутам

Уксус (9%) – 200 мл

Кумшекер – 100 гр

Өсүмдүкмайы – 1 л

Туз – 100 гр

Ачуу калемпир – 3-4 даана

Даярдоо жолу: Баклажанды тегерек кылып кесип (калыңдыгы 2 сантиметр), туздап, жарым саатка тыныктырып коебуз. Калемпирди, ачуу калемпирди, сарымсакты эт туурагычтан өткөрүп, кумшекер, уксус жана татымына жараша туз кошуп, жакшылап аралаштырып, 10-15 мүнөт кайнатабыз. Оттон чыгарар замат майда тууралган укропту кошуп, аралаштырып, муздаганча коё турабыз. Азыгыбыз муздаганча баклажандын эки жагын майга кызарта кууруп алабыз. Анан баклажандын ар бир кесимин алдын ала даярдалган азыкка малып, банкага тизип салабыз. Толгон банканы мискейдеги сууга сыртынан 20 мүнөт кайнатып, темир капкак менен бекитип, көмкөрүп, жылуу ороп коёбуз.

Баклажан азыгына толтурулган калемпир

Керектелүүчү азыктар:

Болгар калемпири – 10 даана

Помидор ширеси – 1,5 литр

Баклажан – 500 грамм

Сабиз – 3 даана

Пияз – 2 баш

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Даамына жараша туз

Даярдоо жолу: Баклажанды жууп, кабыгына арчып алабыз. Андан соң аны чарчы кылып туурап, майга кууруйбуз. Пияз менен сабизди аарчып, сүргүчтөн өткөрүп, чогуу кууруйбуз. Кийин аны куурулган баклажан менен аралаштырабыз. Бул азыгыбыз даяр. Эми тазаланган калемпирди кайнак сууга 3-5 мүнөткө салып алып, муздатып алабыз. Анан ичин даяр азык менен толтуруп, алдын ала бууланган банкаларга тизип чыгабыз. Анан үстүнө томат ширесин куюп,  банканын сыртынан кайнатабыз. 3 литрлик банканы 30 мүнөт, 2 литрликти 20 мүнөт, 1 литрликти 10 мүнөт. Убакыт бүткөн соң темир капкак менен бекитип, көмкөрүп, жылуу ороп коёбуз.

Эттен жасалган салат

Керектелүүчү азыктар:

10 литр банкага жетет:
Эт– 3 кг
Пияз — 4 чоң даана
Кызыл болгар калемпири — 5 кг
Көк болгар калемпири — 3 кг
Помидор — 15 кг
Капуста — 1 чоңдаана
Чеснок — 5-6 даана
Ашкөк — 2 боо

Даярдоо жолу: Керектелүүчү азыктардын бардыгын жакшылып жууп, тазалап алган соң, жашылчаларды төрт чарчы түрүндө туурап алабыз. Алгач этти кадимки суу майга кууруп, аны чоң идишке салабыз. Андан кийин пиязды кууруп, эттин үстүнө салабыз. Кызыл, көк болгар калемпирин майга бир аз гана кууруйбуз да, аны чыгарып алгандан соң капустаны салып 5-10 мүнөт кууруп, аны дагы эттин үстүнө салабыз. Помидорду туурагычтан өткөрүп, даяр болгон томат согун казанга куюп, үстүнө куурулган азыктарды (казанга салардан мурда аралаштырып алабыз) салабыз. Татымына жараша туз, анан чеснок, ашкөктөрдү салып, бир аз кайнаганда эле даяр, буулаган банкаларга куюп, жаап коёбуз.

Эльвира Какиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты