21 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 22:36


Өзбекстанга картошка экспорттоло баштады

Мурда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр жыйынтык алып келди. Өзбек тарап картошканын импорту менен алектенген 17 компаниянын тизмесин берген. Ысык-Көлдүн жеке ишкерлери эми 2000 тонна картошка жибермей болушууда. Азырынча Өзбекстанга 66 тоннадан ашык картошка жөнөтүлдү.

Айыл чарба министрлиги мындан ары да сүйлөшүүлөрдү улантууда. Бүгүн да министрликтин өкүлдөрү Өзбек элчилигинде  жолугушууда.