19 октябрь 2018
Бишкек убактысы: 18:49


Таза суу долбоору токтогону жатат

Депутат Каныбек Иманалиев айылдарды таза суу менен камсыздоо долбоорун ишке ашырып жаткан  “Ала-Тоо булагы” долбоору үзгүлтүккө учуроо коркунучуна кептелгенин бүгүн, 11-октябрда, ЖК жыйынында айтты. 

Анын айтымында, буга чейин ишке ашырылып келаткан долбоорлорду каржылоо анын жетекчисинин кесипкөйлүгүнүн төмөндүгүнөнбү же шалаакылыгынанбы, айтор, токтоп, 14 млрд сомдук иш үзгүлтүккө учураганы жатат. Буга байланыштуу 52 инженердик кадр иш таштап жатканы дагы бекеринен эмес. Эл өкүлү эл аралык уюмдар аталган долбоорду каржылоодон баш тартышы мүмкүн деди.

Депутат Үмбөталы Кыдыралиев “Ала-Тоо булагы” долбоорунун Кербендеги долбоору боюнча тургундардан көптөгөн нааразычылыктар келип жаткандыгын дагы көтөрдү.