17 январь 2019
Бишкек убактысы: 10:38


Парижде кыргыз кол өнөрчүлөр көргөзмөсү ачылды

Кыргызстандын Аялдар Конгрессинин делегациясы 8-январда Париж шаарында сапарга барганда андагы “Альфалибра” арт галереясында кыргыз кол өнөрчүлөр көргөзмөсү ачылды.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Көргөзмөнүн ачылышына Кыргызстандын элчиси А. Исаев, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэл Ру жана башка жооптуу кызматкерлер катышты.

Сөз сүйлөгөндөр кыргыздын кол өнөрчүлүгүнүн баа жеткис мурасын айрыкча белгилешти.  Көргөзмө 3 күнгө созулмакчы.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы тарабынан берилди.